Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 10-октябры № 167

 

"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1111-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-берененин 1-бөлүгүнүн жыйырманчы абзацындагы "бажы алымдарын арзандатуу," деген сөздөр "бажы алымдарынан," деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 14-берененин үчүнчү абзацындагы "каржыланган" деген сөз "каржылануучу" деген сөзгө алмаштырылсын.

3. 16-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мыйзам тарабынан жүктөлгөн милдеттенмесин аткарбаган энергетикалык компаниялар ЭКБны өндүрүүчүлөр албай калган пайданын өлчөмүндө компенсациянын ордун толтурат."

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева