Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 12-октябры № 170

 

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2011-жылдын 19-июлу № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 49-беренеде:

1-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"1. Шаардык жана райондук кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт.";

3-бөлүктүн 1-пунктундагы "эки" деген сөз "бир жарым" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6-бөлүктөгү "жана ушул саясий партиянын мүчөлөрү болуп саналбаган", "(партияда жокторду)" деген сөздөр алып салынсын.

2. 60-беренеде:

1-бөлүктөгү "25" деген цифра "30" деген цифрага алмаштырылсын;

3-бөлүктөгү "5" деген цифра "10" деген цифрага алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева