Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 18-октябры № 178

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мамлекеттик тилдеги Мыйзамдын бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдө турган "граждандык" жана "граждандар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жарандык" жана "жарандар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-абзацтар менен толукталсын:

"Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларды албаганда, ички иштер органдарынын кызматкерлери маскачан жүрүүгө укугу жок жана жарандын талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.

Ички иштер органдарынын кызматкери кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тартса, ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды албаганда, жаран ички иштер органдарынын кызматкеринин талаптарына баш ийбөөгө укуктуу.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери атайын операцияларды өткөрүүдө, кылмыш кылган адамдарды кармоодо, барымтага алынгандарды куткарууда, кармалгандарды, камакка алынгандарды жана соттолгон адамдарды коштоп жүрүүдө жана кайтарууда гана маскачан жүрө алат.".

3. 9-статьянын 14-пунктунда:

экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жеке менчикте же башка укукта болгон турак жайга жана башка объектилерге анда жашап жаткан жарандын эркине каршы киришинин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү 24 саатын ичинде сот тарабынан каралууга жатат.";

пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:

"Ушул пункт менен белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат;".

 

2-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мамлекеттик тилдеги мыйзамдын бардык тексти боюнча ар кандай сандык жөндөмөлөрдө жана формадагы "гражданин" деген сөз жана ар кандай жөндөмө формадагы "граждандык" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандагы "жаран" деген сөзгө жана тиешелүү жөндөмөдөгү "жарандык" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-абзацтар менен толукталсын:

"Ушул Мыйзамда каралган учурларды албаганда, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери маскачан жүрүүгө укугу жок жана жарандын талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тартса, ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды албаганда, жаран улуттук коопсуздук органдарынын кызматкеринин талаптарына баш ийбөөгө укуктуу.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери атайын операцияларды өткөрүүдө, кылмыш кылган адамдарды кармоодо, барымтага алынгандарды куткарууда, кармалгандарды, камакка алынгандарды жана соттолгон адамдарды коштоп жүрүүдө жана кайтарууда гана маскачан жүрө алат.".

2. 16-статьянын 10-пунктунда:

экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин жеке менчикте же башка укукта болгон турак жайга жана башка объектилерге анда жашап жаткан жарандын эркине каршы киришинин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү 24 саатын ичинде сот тарабынан каралууга жатат.";

пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:

"Ушул пункт менен белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат;".

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева