Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык
2019-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\805e7326-ffd6-43cb-95bf-1ab28e6f60bb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 27-октябры № 185

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 17-глава төмөнкүдөй мазмундагы 125-1-статья менен толукталсын:

"125-1-статья. Эмгекти мажбурлоо менен пайдалануу (кулчулук эмгек)

 

(1) Адам ага карата менчик укугуна таандык аракеттердин колдонулушунан улам өзүнө көз каранды болбогон себептер боюнча баш тарта албаган иштерди (кулчулук эмгек) аткаруу үчүн адам эмгегин мажбурлоо менен пайдалануу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Ошол эле жосун:

1) эки же андан ашык адамдарга карата;

2) жашы жетпегенге карата;

3) өзүнүн кызмат абалынан пайдаланган адам тарабынан;

4) коркутуп-үркүтүү, зомбулук же аны колдонуу коркунучу менен;

5) жабыр тарткандын инсандыгын ырастаган документтерин алып коюу, жашыруу же болбосо жок кылуу менен жасалганда, -

үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү менен каралган жосун:

1) билип туруп жаш балага карата;

2) жабырлануучунун ден соолугуна оор залал келтирүү, башка оор кесепеттерге же жабырлануучунун өлүмүнө алып келген;

3) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, -

жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

2. 241-статьяда:

1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "үч" деген сөз "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;

2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эки жылдан алты жылга чейинки" деген сөздөр "беш жылдан сегиз жылга чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "үч жылдан сегиз жылга чейинки" деген сөздөр "сегиз жылдан он жылга чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-бөлүктүн биринчи абзацы "газ атуучу куралдарды," деген сөздөрдөн кийин "денени жабыркатуучу патрон менен атуу үчүн арналган сайсыз куралды" деген сөздөр менен толукталсын.

3. 242-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;

"242-статья. Куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо

 

(1) Ок атуучу куралды мыйзамсыз оңдоо (мергенчилик сайсыздан башка) же даярдоо, ага тете ок-дарыларды, жардыргыч заттарды же колго жасалган жарылуучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз даярдоо, -

эсептик көрсөткүчтүн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айыпка же эки жылга чейинки түзөтүү иштерине же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Ок атуучу куралдын конструкциясын удаа атууну жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүгүнө алып келген мыйзамсыз өзгөртүү же болбосо куралдын стандарттык талаптарга жооп бербеген, ошондой эле атууну сайсыз же болбосо газ куралынан сайлуу куралдан атуу үчүн арналган патрондор менен жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берүүчү жалпы узундугун кыскартуу, -

эсептик көрсөткүчтүн миңге чейинки өлчөмүндө айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, -

үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(4) Денени жабыркатуучу патрон менен атуу үчүн арналган газ атуучу, сайсыз куралды, ок атпоочу куралдарды, анын ичинде ыргытуучу куралдарды мыйзамсыз даярдоо, -

эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айыпка же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү: Эгерде анын аракеттеринде башка кылмыш иштери болбосо, ушул статьяда көрсөтүлгөн буюмдарды өз ыктыяры менен тапшырып берген адам жазык жоопкерчилигинен бошотулат.".

4. 25-глава төмөнкүдөй мазмундагы 262-1-статья менен толукталсын:

"262-1-статья. Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды

даярдоо менен байланышкан, ошого тете

порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн

аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегенди билип

туруп тартуу

 

(1) Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды даярдоо менен байланышкан, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегенди билип туруп тартуу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) күч колдонуп зомбулук кылуу же аны колдонуу коркунучу менен жасалган ошондой эле жосун, -

эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун:

1) ата-эне же ага мыйзам менен жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн башка адам, ошого тете ага мыйзам менен жашы жетпегендерге көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдеттери жүктөлгөн педагог же билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо башка мекемелердин башка кызматкерлери тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) билип туруп жаш балага карата жасалганда, -

беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

5. 304-, 305- жана 316-статьялардын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "олуттуу" деген сөз алып салынсын.

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева