Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык
2019-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\b0162546-a799-4fa6-ac8d-ef6619f0cd77\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 16-ноябры № 214

Кыргыз Республикасынын
Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 32-статьянын 2-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) камакта жана үй камагында кармоо мөөнөтүн узартуу жөнүндө;".

2. 109-1-статьянын 2-бөлүгүндө "103" деген сандан кийин ", 111" деген сан менен толукталсын.

3. 111-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"111-статья. Камакта, үй камагында кармоо мөөнөттөрү жана аларды

узартуу тартиби

 

(1) Жазык ишин тергөөдө камакка, үй камагына алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы соттун чечими боюнча эки айга чейинки мөөнөткө тандалып алынат.

(2) Тергөөнү эки айлык мөөнөткө чейин аяктоо мүмкүн болбосо жана бөгөт коюу чарасын өзгөртүү же бузуу үчүн негиз жок болсо бул мөөнөт райондук (шаардык) соттун судьясы же гарнизондук аскердик сот тарабынан:

1) алты айга чейин - көзөмөлдөөчү прокурордун макулдугу менен тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча;

2) тогуз айга чейин - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басарынын макулдугу менен тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча;

3) бир жылга чейин - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун макулдугу менен тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча узартылышы мүмкүн.

(3) Мөөнөттү андан ары узартууга жол берилбейт. Камакта кармалып турган айыпталуучу дароо бошотулууга жатат. Бошотулган адамга карата бөгөт коюунун башка чарасы тандалып алынат.

(4) Камакта, үй камагында кармоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо тууралу токтом камакта, үй камагында кармоонун мөөнөтү аяктаганга чейин, беш суткадан кечиктирбестен жазык ишин иликтөө жери боюнча сотко берилүүгө тийиш. Токтомдо мөөнөттү узартуунун зарылдыгына байланыштуу себептери, териштирүү зарылдыгынын шарттары, жана мындай бөгөт коюунун чараларын сактоо зарылдыгынын негизи чагылдырылууга тийиш. Өтүнүч судья тарабынан ушул Кодекстин 110-статьясынын бешинчи бөлүгүндө белгиленгенге ылайык каралат.

(5) Судья өтүнүч алынган күндөн үч суткадан кечиктирбестен төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

1) айыпталуучуну камакта, үй камагында кармоо мөөнөтүн узартуу жөнүндө;

2) тергөөчүнүн айыпталуучуну камактан бошотуу, үй камагын алып салуу же өзгөртүү өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө.

(6) Камакта, үй камагында кармоо мөөнөтү айыпкерди кармаган учурдан тартып иш сотко жөнөтүлгөнгө чейин эсептелет. Айыпталуучунун ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган учурлардагы иштин материалдары менен таанышуу мөөнөтү анын камакка, үй камагына алуу мөөнөтүнө кошулуп эсептелет.

(7) Камакта кармоо мөөнөтүнө төмөнкү убакыттар кошулуп эсептелет:

1) адам шек саналган катары кармалган убактысы;

2) үй камагы;

3) соттун чечими боюнча медициналык же психиатриалык мекемеде мажбурланып кармалган убактысы;

4) адамдын чет мамлекеттин аймагында укуктук жардам көрсөтүү талабы же Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү талабы боюнча кармалып турган убактысы.

(8) Айыпталуучуну ошол эле жазык иши боюнча, ошондой эле ага бириктирилген же андан бөлүнүп алынган жазык иши боюнча кайталап камакка, үй камагына алган учурда камакка, үй камагына алуу мөөнөтүнө айыпталуучунун мурда камакта, үй камагында өткөргөн убактысы эске алынуу менен эсептелет.

(9) Айыпталуучуну камакта, үй камагында кармоо мөөнөтү бүткөн, бирок иштин жагдайлары боюнча камакта, үй камагында кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сот тарабынан өзгөртүүсүз калтырылган ишти тергөөнүн кемчиликтерин толтуруу үчүн кайтарып бергенде, айыпталуучуну кармоонун мөөнөтү прокурорго кайтарып берген учурдан баштап саналат жана бир айдан ашуусу мүмкүн эмес. Көрсөтүлгөн мөөнөттү андан ары узартуу ушул статьянын экинчи бөлүгүндө белгиленген чектерде жана тартипте жүзөгө ашырылат.

(10) Судьянын камакта, үй камагында кармоо мөөнөтүн узартуу жөнүндө же андан баш тартуу тууралу токтому ушул Кодекстин 132-1-статьясында белгиленген тартипте жогоруда турган сотко даттанылышы мүмкүн.".

4. 132-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"132-1-статья. Бөгөт коюу чарасы катары соттун камакка, үй

камагына алууну колдонушуна даттанууну кароонун

соттук тартиби

 

(1) Бөгөт коюу чарасы катары соттун камакка, үй камагына алууну колдонушуна, ошондой эле камакка, үй камагына алуу мөөнөтүн узартууга даттанууну камакта, үй камагында жаткан адам, анын жактоочусу же мыйзамдуу өкүлү камактагы адамдын камакта, үй камагында жаткан жери боюнча түздөн-түз райондук (шаардык) сотко же гарнизондук аскер сотуна берет.

(2) Адам камакта жаткан жердин администрациясы ал адамдын арест же камакта кармоо мөөнөтүн узартууга жогору турган сотко жолдонгон даттануусу алынаары менен дароо эле, жок дегенде аны алган учурдан тартып жыйырма төрт сааттан кечиктирбестен ал туурасында прокурорго кабарлоо менен аны тийиштүү сотко жөнөтөт.

(3) Тергөөчү жана прокурор жыйырма төрт сааттын ичинде келип түшкөн даттанууну бөгөт коюу чарасы катары камакка, үй камагына алуу же камакта, уй камагында кармоо мөөнөтүн узартуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн ырастаган материалдар менен бирге жогору турган сотко жөнөтүүгө милдеттүү. Эгерде даттануу ал адам камакта жаткан жердин администрациясы аркылуу берилген болсо, прокурор аталган материалдарды адам камакта жаткан жердин администрациясынан ал алынган учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде ал адам даттанууну бергендиги жөнүндө билдирүүнү сотко жөнөтүүгө милдеттүү.

(4) Даттанууну берүү ал чечилгенге чейин бөгөт коюу чарасы катары камакта, үй камагында кармоо жөнүндө токтомдун күчүн токтото албайт жана адамды камактан бошотууга же үй камагын алып салууга алып келбейт.

(5) Судья бөгөт коюу чарасы катары камакка, үй камагына алуунун, же камакка, үй камагына алуунун мөөнөтүн узартуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн ырастаган материал алынган күндөн тартып үч суткадан кечиктирбестен, камакка, үй камагына алуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерет.

(6) Камакка, үй камагына алуунун же камакка, үй камагына алуунун мөөнөтүн узартуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн соттук текшерүү прокурордун,эгерде ал ишке катышып жаткан болсо, жактоочунун, ошондой эле камакта, үй камагында жаткан адамдын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу менен жабык заседаниеде жүргүзүлөт. Судья камакта, үй камагында жаткан адамды заседаниеге чакыра алат. Даттанууну кароо күнү жөнүндө өз убагында кабар кылынган тараптардын жүйөлүү себепсиз келбей калышы соттук текшерүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

(7) Камоонун же камакта кармоонун мөөнөтүн узартуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн соттук текшерүүнү камакта жаткан адам жокто жүргүзүүгө өзгөчө учурларда гана, ал адам даттанууну ал жокто кароо жөнүндө өтүнүч кылганда, болбосо заседаниеге катышуудан өз демилгеси менен баш тартканда гана жол берилет.

(8) Заседаниенин башталышында судья кандай даттануу карала тургандыгын жарыя кылат, заседаниеге келген адамдарды тааныштырат, аларга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт. Андан кийин, эгерде даттанууну кароого катышып жатса, арыз ээси даттанууну негиздейт, андан кийин заседаниеге келген башка адамдар угулат.

(9) Соттук текшерүүнүн натыйжасында судья төмөнкүдөй токтомдордун бирин чыгарат:

1) камакка алуу, үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасын бузуу жана адамды камактан бошотуу же үй камагын өзгөртүү жөнүндө;

2) даттанууну канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө.

(10) Эгерде заседаниеде бөгөт коюу чарасы катары камакка, үй камагына алууну колдонуунун же камакта, үй камагында кармоо мөөнөтүн узартуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн ырастаган материалдар көрсөтүлбөгөн учурда, судья камакта кармоону бузуу жана адамды камактан бошотуу же үй камагын алып салуу жөнүндө токтом чыгарат.

(11) Судьянын токтому жүйөлүү болууга тийиш.

(12) Судья камакка, үй камагына алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын бузуу жөнүндө токтом чыгаруу менен бир эле учурда мыйзамда каралган башка кандай гана болбосун бөгөт коюу чарасын тандап алууга укуктуу.

(13) Судьянын токтомунун көчүрмөсү прокурорго жана арыз ээсине жиберилет, ал эми адамды камактан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда - дароо аткаруу үчүн адам камакта турган жерге жиберилет. Эгерде камакта жаткан адам заседаниеге катышса, ал жогоруда көрсөтүлгөн учурда соттук заседание залынан дароо судья тарабынан камактан бошотулат.

(14) Даттануу канааттандырылбай калтырылган учурда, судья тарабынан ошол эле адамдын ошол эле иши боюнча даттанууну кайталап кароосуна, эгерде бөгөт коюу чарасы катары камакка, үй камагына алууну бузуудан же өзгөртүүдөн кийин кайрадан тандалып алынган болсо, ушул статьяда каралган тартипте жол берилет.

(15) Судьянын ушул статьяга ылайык чыгарылган токтомуна кассациялык тартипте да жана көзөмөлдөө тартибинде даттанылышы мүмкүн.".

5. 144-статьянын 2-бөлүгүнүн 4-пункту "камакка" деген сөздөн кийин ", үй камагында" деген сөздөр менен толукталсын.

6. 231-статьянын 4-бөлүгүндөгү үчүнчү сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Айыпталуучунун жана анын жактоочусунун жазык ишинин материалдары менен тааныштыруу убактысы, ушул Кодекстин 166-статьясынын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө жана 111-статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган учурларда, айыпталуучунун тергөө, камакта, үй камагында кармоо мөөнөтүнө эсептелет.".

7. 267-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"267-статья. Бөгөт коюу чарасы жөнүндө маселени чечүү. Камакта, үй

камагында кармоонун мөөнөтү жана аларды узартуу

тартиби

 

(1) Ишти жүргүзүүгө кабыл алган учурдан тартып өкүмдү (аныктаманы, токтомду) аткарууга чейин судья (сот) айыпталуучуга (соттолуучуга, акталганга) карата бөгөт коюу чарасын тандоого, өзгөртүүгө же бузууга укуктуу.

(2) Айыпталуучуну (соттолуучуну) камакка, үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы соттук териштирүү мөөнөтүндө колдонулушу мүмкүн. Бул мөөнөт, эгерде тергөөчү, прокурор тандаган камакка, үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы судья тарабынан өзгөрүүсүз калтырылган болсо, иш сотко келип түшкөн күндөн баштап эсептелет.

(3) Өзгөчө учурларда соттук териштирүүнү аяктоо мүмкүн болбогондо жана бөгөт коюу чарасын өзгөртүү же бузуу үчүн негиздер жок болгон учурда судьянын жүйөлүү токтому менен соттолуучуну камакта, үй камагында кармоо мөөнөтү иш каралып бүткөнчө узартылышы мүмкүн.

(4) Бир эле иш боюнча, ошондой эле ошол ишке бириктирилген же андан бөлүнгөн жазык иши боюнча соттолуучуну кайталап камакка, үй камагына алуу учурунда камакта, үй камагында болгон мөөнөт ал мурда камакта, үй камагында болгон убакытты эске алуу менен эсептелет.

(5) Соттолуучуну камакта, үй камагында кармоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө мөөнөт аяктаганга чейин жети суткадан кечиктирбестен сот аныктама, ал эми судья - токтом чыгарат. Кабыл алынган чечим жүйөлүү болууга тийиш.".

8. 417-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "камакта" деген сөздөн кийин ", үй камагында" деген сөздөр менен толукталсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

Р. Отунбаева