Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\efe34466-224e-4514-9e89-6fca38898c48\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 18-ноябры № 215

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

44-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн бирдиктүү тутуму "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат.".

 

2-берене.

 

"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2005-ж., № 2, 91-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

28-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"28-статья. Муниципалдык кызматчынын эмгегине акы төлөө

 

Муниципалдык кызматчынын эмгегине акы төлөөнүн бирдиктүү тутуму "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат.

Муниципалдык кызматчынын эмгегине акы төлөөнүн бирдиктүү тутуму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кызматтык маянадан жана үстөк акылардан турган эмгек акыны камтыйт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кызматтык маяналарга башка да үстөк акыларды жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү болгондо, жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген төлөмдөрдү (материалдык жардам, дарылоо каражаттарды, турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүгө акы төлөө жагынан жеңилдиктерди) белгилей алат.".

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

4-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

Р. Отунбаева