Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 30-декабры № 257

 

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., №5, 420-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-статьянын 1-пунктунда "бажы чегарасы" деген сөздөр "бажы чек арасындагы өткөрмө пункттары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 9-статьяда:

13-пунктчанын экинчи абзацы "бажы контролу астында турган товарларды" деген сөздөрдөн кийин "(бажы режимдерине ылайык бажы кампасы, алымсыз соода дүкөнү, бажы аймагында кайра иштетүү, бажы контролу астында кайра иштетүү, убактылуу ташып келүү), ошондой эле Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарына (эркин экономикалык зоналарынан) өтүп жаткан товарларды" деген сөздөр менен толукталсын;

31-пунктчада "борбордук аппаратынын тиешелүү бөлүмчөлөрү" деген сөздөр "борбордук аппараты" деген сөздөргө алмаштырылсын;

34-пунктчанын мамлекеттик тилдеги редакциясында "кызмат көрсөтүүгө же иш аткарууга бажы органдарынан" деген сөздөр алып салынсын жана "лицензия алган жак" деген сөздөр "кызмат көрсөтүүлөрдү жана иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизилген жак" деген сөздөргө алмаштырылсын;

36-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын.

3. 2-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2-Глава

Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө

иштерди жөнгө салуу

 

11-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө жүзөгө

ашырылуучу иштер

 

1. Атамекендик юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин убактылуу сактоо кампаларынын ээси, бажы кампаларынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси жана бажы брокерлери катары иш жүргүзүүсүнө алар убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине, бажы кампаларынын ээлеринин реестрине, алымсыз соода дүкөнүнүн ээлеринин реестрине жана бажы брокерлеринин реестрине киргизилген шартта жол берилет.

2. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Кодексте аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн бажы айланасында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерин үзгүлтүксүз, үч айда бир жолудан кем эмес расмий басылмаларында жарыялап турууну камсыз кылууга милдеттүү.

 

12-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жана

реестринен чыгаруунун тартиби

 

1. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жак тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Кодекстин 13-статьясында каралган маалыматтарды камтыган жазуу жүзүндөгү арызды берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Арызга ушул Кодекстин 14-статьясында каралган, түп нускалары же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү түрүндө берилиши мүмкүн болгон документтер тиркелет. Документтер мамлекеттик же болбосо расмий тилде берилет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан арыз берүүчү көрсөткөн маалыматтарды ырастаган документтерди сурап алууга укуктуу.

Арыз каралгандан кийин, жактын талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берүүчүгө берилген документтердин түп нускаларын кайтарып берүүгө милдеттүү.

3. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү акысыз негизде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

4. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринен чыгаруу тууралуу чечим ыйгарым укуктуу органга түшкөн реестрге киргизүү жөнүндө чечимди чакыртып алуу тууралуу арыздын негизинде же ушул Кодексте каралган негиздер боюнча кабыл алынат.

 

13-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү үчүн

зарыл маалыматтар

 

1. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз төмөнкүлөрдү камтуусу тийиш:

1) юридикалык жактар үчүн:

- арыз берүүчүнүн аталышы жөнүндө, уюштуруу-укуктук таризи тууралуу, жайгашкан жери жөнүндө, ошондой эле толугу менен түзүлгөн уставдык капиталынын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды;

- өзүнүн иш регионун бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) алкагында чектөөсү же болбосо өзүнүн иш регионунун чектелбегени жөнүндө маалыматтарды;

2) жеке ишкерлер үчүн:

- аталышы, жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды;

- өзүнүн иш регионун бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) алкагында чектөөсү же болбосо өзүнүн иш регионунун чектелбегени жөнүндө маалыматтарды.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жалпы маалыматтардан тышкары, арыз берүүчү төмөнкү кошумча маалыматтарды берет:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын түзүүдө:

- убактылуу сактоо кампасынын же бажы кампасынын түрү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле жабык түрдөгү кампа түзүлгөн учурда негиздемени;

- арыз берүүчүнүн ээлигинде турган жана убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдаланууга арналган жайлар жана (же) ачык аянтчалар жөнүндө маалыматтарды, алардын жайгашкан жери, түзүлүшү, жабдыктары жөнүндө жана материалдык-техникалык жабдылышы жөнүндө маалыматтарды;

2) алымсыз соода дүкөнүн түзүүдө:

- арыз берилген учурда алымсыз соода дүкөнү катары пайдалануу үчүн жарамдуу жайлардын бар экени жөнүндө маалыматтарды;

3) бажы брокери катары ишти жүзөгө ашырууда:

- Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товарлардын айрым түрлөрүнө карата бажы операцияларын жүргүзүүдөгү өз ишинин чөйрөсүн чектөө же болбосо транспорттун айрым түрлөрү менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата, ошондой эле бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) ишинин региондун алкагында айрым бажы операцияларын же болбосо мындай чектөөлөрсүз өз ишин жүргүзүү ниети жөнүндө маалыматтарды.

3. Убактылуу сактоо кампасы, бажы кампасы жана алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган аймактык жактан бөтөнчөлөнгөн ар бир жайга жана (же) аймактык жактан бөтөнчөлөнгөн ар бир ачык аянтчага бажы айланасында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө өзүнчө арыз берилет.

 

14-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл

документтердин тизмеги

 

1. Бажы айланасында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө арызга төмөнкү документтер тиркелет:

1) юридикалык жактар үчүн:

- уюштуруу документтеринин көчүрмөсү;

- жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- ачылган банктык эсептер жөнүндө документтер;

- ушул Кодекстин 15-статьясына ылайык камсыздоо төлөмдөрү төлөнгөнүн ырастаган документтер;

2) жеке ишкерлер үчүн:

- жеке ишкер катары катталуусу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- паспорттун көчүрмөсү;

- ушул Кодекстин 15-статьясына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн төлөнгөнүн ырастаган документтер;

3) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштурууда:

- убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары колдонууга арналган жайлардын жана (же) ачык аянттардын пландары жана чиймелери;

- убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштуруу үчүн аймакка (аянтка) жана жайларга ээлик кылуу укугун ырастаган аймакты (аянтты) жана жайды ижарага алуу келишими же башка документтер;

- укуктарды мамлекеттик каттоо жана мыйзамдарга ылайык кыймылсыз мүлккө болгон укуктарга жүктөөлөр (чектөөлөр) жөнүндө документтер;

- ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынганын ырастоочу документ;

4) алымсыз соода дүкөнүн уюштурууда:

- алымсыз соода дүкөнүн уюштуруу үчүн аймакты (аянтты) ижарага алуу келишими же жайларга ээлик кылуу укугун ырастаган башка документтер;

- мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алымсыз соода дүкөнүн ачуу мүмкүнчүлүгүн ырастоосу;

- алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган жайлардын пландары жана чиймелери;

- укуктарды мамлекеттик каттоо жана мыйзамдарга ылайык кыймылсыз мүлккө болгон укуктарга жүктөөлөр (чектөөлөр) жөнүндө документтер;

- ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынганын ырастоочу документ;

5) бажы брокери катары ишти жүзөгө ашырууда:

- арыз берүүчүнүн жумушчулары болуп саналган адистердин бажылык жол-жоболоштуруу боюнча квалификациялык күбөлүктөрү;

- бажылык жол-жоболоштуруу боюнча адис катары жумушка кабыл алуу жөнүндө эмгектик укуктук мамилелерди жөнгө салуучу документ жана (же) жактын бажылык жол-жоболоштуруу боюнча адис катары чыгууга ыйгарым укуктарын ырастоочу документ;

- арыз берүүчү ишин жүргүзүүнү каалаган ар бир регион боюнча бажылык жол-жоболоштуруу боюнча адистердин бар экени жөнүндө документ. Эгер жак региондор боюнча ишти эч кандай чектөөсү жок жүзөгө ашырууну пландап жатса, бул учурда, бажы брокери катары өз ишин жүзөгө ашырууну пландап жаткан жеке ишкерлерден тышкары, арыз берилген күнгө карата арыз берүүчү бажы брокери катары өз ишин жүзөгө ашырууну пландаган филиалдар жана алардын жайгашкан жери жөнүндө маалыматтар берилет;

- ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынганын ырастоочу документ.

 

15-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүнүн

шарттары

 

1. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүнүн шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштурууда:

- убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдаланууга жарактуу жайлардын жана (же) ачык аянттардын болуусу (ушул Кодекстин 70 жана 101-статьялары);

- убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштуруу үчүн аймакты (аянтты) жана жайларды пайдалануу, ээлөө же ээлик кылуу укугунун мөөнөтү арыз берилген учурдан тартып үч жылдан кем болбоосу керек;

- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу;

- бажы органдарынын маалыматтык тутумдары менен техникалык жактан шайкеш келген бажы контролу алдындагы товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык тутумдарын колдонуу;

2) алымсыз соода дүкөнүн уюштурууда:

- алымсыз соода дүкөнү катары пайдаланууга жарактуу жайлардын болуусу (ушул Кодекстин 109-статьясы);

- алымсыз соода дүкөнүн уюштуруу үчүн жайларды пайдалануу, ээлөө же ээлик кылуу укугунун мөөнөтү арыз берилген учурдан тартып үч жылдан кем болбоосу керек;

- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу;

- бажы контролу алдындагы товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун бажы органдарынын маалыматтык тутумдары менен техникалык жактан шайкеш келген маалыматтык тутумдарын колдонуу;

3) бажы брокери катары:

- штатында бажылык жол-жоболоштуруу боюнча квалификациялык күбөлүк алган бирден кем эмес адистин болуусу (ушул Кодекстин 307, 308-статьялары);

- бажы органдарынын маалыматтык тутумдарына техникалык жактан шайкеш келген маалымат тутумдарын колдонуу;

- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу.

2. Бажы айланасында чөйрөдө иштерди жүзөгө ашыруучу жактын реестрине киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынган чечим тиешелүү арыз берген жакка карата гана жарактуу жана мөөнөтсүз болуп саналат.

3. Убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси жана бажы брокери катары иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү камсыздандырылууга тийиш.

 

16-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү

(киргизүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим

 

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди документтерди кароо мөөнөтүн кошкондо, аны кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык документтер катталган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен кабыл алат. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуудан төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:

1) эгер ушул главага ылайык талап кылынган бардык документтер жана маалыматтар берилбесе;

2) арыз берүүчү тарабынан ушул Кодекстин 15-статьясында каралган шарттар сакталбаса.

Арыз берүүчү тарабынан ушул пункттун 1 жана 2-пункттарына ылайык баш тартууга негиз болгон кемчиликтер жоюлган учурда арыз жалпы негиздерде каралат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алынган чечим жөнүндө арыз берүүчүгө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.

Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуу тууралуу кабарлоо баш тартуунун себебин көрсөтүү менен арыз берүүчүгө же анын өкүлүнө жазуу жүзүндө жиберилет (тапшырылат).

3. Ыйгарым укуктуу органдын бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуусуна ушул Кодекстин XIV бөлүмүндө белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

 

17-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө

чечимдин колдонулуу мөөнөтүн токтотуу жана чакыртып

алуу

 

1. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактын ушул главада камтылган талаптарды жана шарттарды, чоң зыян алып келбеген бир жолку бузуусу, аткарбаганы үчүн ушул жак жазуу жүзүндө эскертилүүгө тийиш.

2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык жазуу жүзүндө эскертилген жак тарабынан ушул Кодекстин талаптары аткарылбаган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактын иштери 3 айлык мөөнөткө чейин токтотулат.

Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонулушу анын колдонулушун токтотуу үчүн негиз болгон себептер жоюлгандан кийин кайра жаңыртылат.

Чечимдин колдонулушу токтотулган мезгилде:

- товарларды убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырууга жол берилбейт;

- бажы органынын уруксаты менен товарлардын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон операцияларды кошпогондо, убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырылган товарлар менен кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө жол берилбейт;

- бажы кампасындагы жана алымсыз соода дүкөнүндөгү товарларды сатууга тыюу салынат.

3. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечим төмөнкү учурларда ыйгарым укуктуу орган тарабынан чакыртып алынышы мүмкүн:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштурууда:

- кампанын ээси бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп жолу администрациялык укук бузуу жасаганда;

- соттун чечими боюнча;

- кампанын ээси кудуретсиз (банкрот) деп таанылса же ал өзүн банкрот деп жарыяланганда;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жак кайрадан уюштурулганда;

- бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү чечимин чакыртып алуу тууралуу кампанын ээсинин арызы боюнча;

2) бажы брокери катары иштерди жүзөгө ашырууда:

- эгер мурда ага карата ушул статьянын 1 жана 2-пункттарына ылайык чаралар колдонулса, бажы брокеринин милдеттерин аткарбаганда;

- эгер мурда ага карата ушул статьянын 1 жана 2-пункттарына ылайык чаралар колдонулса, бажы брокери тарабынан бажы жол-жоболору жүргүзгөн товарларды эсепке алуу тартиби бузулганда;

- бажы брокери тарабынан бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп администрациялык укук бузуулар жасалганда;

- соттун чечими боюнча;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жак кайрадан уюштурулганда;

- бажы айланасында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү чечимин чакыртып алуу тууралуу бажы брокеринин арызы боюнча;

- анын бар экени мыйзам менен белгилеген тартипте далилденсе өкүлү болгон жактарга зыян келтирилгенде, анын ичинде коммерциялык жашыруун сырды түзгөн же купуя маалымат болуп саналган маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында зыян келтирилгенде;

- бажы брокери кудуретсиз (банкрот) деп таанылганда же ал өзүн банкрот деп жарыялаганда;

- квалификациялык күбөлүгү жок адистин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланганда, анын ичинде, эгер анын мөөнөтү аяктаганына, соттун актысынын негизинде мындай иш жүргүзүү укугунан ажыраганына байланыштуу квалификациялык күбөлүк чакыртылып алынганда же анын колдонулуусу токтотулганда;

3) алымсыз соода дүкөнүн уюштурууда:

- алымсыз соода дүкөнүнүн ээси бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп администрациялык укук бузууларды жасаганда;

- соттун чечими боюнча;

- алымсыз соода дүкөнүнүн ээси кудуретсиз (банкрот) деп табылганда же ал өзүн банкрот деп жарыялаганда;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жак кайрадан уюштурулганда;

- алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимин чакыртып алуу тууралуу арызы боюнча.

4. Чакыртып алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алган күндөн тартып колдонулат.

Чакыртып алуу тууралуу чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ага карата ушундай чечим кабыл алынган жакка ушундай чечимдин негиздүү жүйөөлөрү менен, ал кабыл алынган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жеткирилет. Көрсөтүлгөн чечим жактын жетекчисине же башка өкүлүнө тилкат алуу же бул чечимди алган фактысын жана күнүн ырастаган башка ыкма менен тапшырылат. Эгер көрсөтүлгөн жактар көрсөтүлгөн чечимди алуудан качса, тапшырык кат боюнча почта аркылуу жөнөтүлөт. Чакыртып алуу тууралуу чечим менен жакты кабарлаган күн катары почта кызматы тапшырык катты тапшырган күн эсептелет.

5. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү тууралуу кайталанган арыз аны чакыртып алуу үчүн негиз болгон себептер жоюлган шартта, чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн бир жыл өткөндөн кийин каралышы мүмкүн.

 

18-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө

чечимди кайра жол-жоболоштуруу

 

Уюштуруу-укуктук таризинин же анын жайгашкан жеринин өзгөрүүсүнө алып келбеген жактын аталышы өзгөргөн учурда, бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жак көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастоочу тиешелүү документтерди тиркөө менен бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра карап чыгуу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.

Чечимди кайра жол-жоболоштурууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Мында мурда берилген чечим жокко чыгарылат. Жаңыдан кабыл алынган чечимге чечимдер реестринин жаңы каттоо номери ыйгарылат жана берилген күнү көрсөтүлөт.

Кайра жол-жоболоштуруу мезгилинде, чечимди алганга чейин бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жак ишин мурда кабыл алынган чечимдин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн негизинде жүзөгө ашырат.

Чечимди кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө арыз арыз берүүчү тарабынан кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналган жагдайлар болгон учурдан тартып 5 күндүн ичинде берилет.

Чечимди кайра жол-жоболоштуруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жак тарабынан тиешелүү арыз жана документтер берилген күндөн тартып 5 күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактан ушул статьяда каралган негиздерден тышкары кайра жол-жоболоштурууну талап кылууга тыюу салынат.

 

19-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди

жүзөгө ашыруучу жактардын реестри

 

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрин түзөт жана аны жүргүзөт.

2. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестринде камтылган маалыматтар таанышуу үчүн жеткиликтүү болот жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын интернет-ресурсуна жайгаштырылат. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестринде камтылган маалыматтарды мезгил-мезгили менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого жол берилет.

3. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестри төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

1) бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдердин тизмеги жана күнү жөнүндө;

2) бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө жокко чыгарылган чечимдер тууралуу;

3) бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө мурда берилген чечимдердин колдонуусун токтотуу жөнүндө;

4) бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизилген жактардын юридикалык дареги жөнүндө;

5) убактылуу сактоо кампалары, бажы кампалары жана алымсыз соода дүкөнү жайгашкан орундары жөнүндө;

6) бажы брокеринин бөтөнчөлөнгөн түзүмдүк бөлүктөрүнүн тизмеги жана жайгашкан орду жөнүндө;

7) бажы брокеринин штатындагы бажылык жол-жоболоштуруу боюнча адистер жөнүндө.

4. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тийиштүү чечим кабыл алган күндөн тартып 5 күндөн ашпоого тийиш.".

4. 22-статьяда:

2-пунктунда "ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жана анын" деген сөздөр "бажы органдары жана алардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-пунктунда "Ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Бажы органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 35-статьянын 2-пунктунун төртүнчү абзацында "250" саны "2500" санына алмаштырылсын.

6. 51-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Ички бажы транзити жол-жобосун пайдаланууда, бажы максаттары үчүн бажы органы тарабынан ачылганы көрүнүп кала турган белги калтыруусуз андагы товарлардын жана транспорт каражаттарынын коммерциялык жана товар коштоочу документтерин алып коюу же алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган, атайын корголууга ылайыкташтырылган идентификациялоо каражаты катары сейф-пакети колдонулат.".

7. 52-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде күн мурдатан жол берүү каралган учурду кошпогондо, бажы пломбасы жана мөөрлөрү бар транспорт каражатын, контейнерди же алып коюлуучу ырдыбанды бажы органдары күн мурдатан ташып жеткирүү үчүн жол берүүнү талап кылбайт.".

8. 53-1-статьянын 1-пункту "транспорт каражаттарын коштоо" деген сөздөрдөн кийин "(анын ичинде электрондук каражаттарды колдонуу менен)" деген сөздөр менен толукталсын.

9. 8-глава күчүн жоготту деп таанылсын.

10. 77-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"77-статья. Убактылуу сактоо кампасын жоюу

 

1. Убактылуу сактоо кампасын жоюу ушул Кодексте каралган тартипте жоюлат.

2. Убактылуу сактоо кампасын жоюуда анда сакталган товарлар убактылуу сактоо кампаларынын ээлери катары жактарды реестрге киргизүү жөнүндө чечимди чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 30 күндүн ичинде башка убактылуу сактоо кампасына которулуусу тийиш.".

11. 81-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Өзгөчө экономикалык зоналарда бажы режимин белгилөө жана колдонуу боюнча укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.".

12. 102-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү шарттарын сактоого;".

13. 104-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"104-статья. Бажы кампасын жоюу

 

Бажы кампасы ушул Кодексте каралган тартипте жоюлат.".

14. 111-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Алымсыз соода дүкөнү ушул Кодексте каралган тартипте жоюлат."

15. 220-статьяда:

1-пунктунда "учурдан тартып жана" деген сөздөр "учурдан тартып жана/же" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттер төмөнкү учурларда токтотулат:

1) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана ушул Кодексте каралган тартипте Кыргыз Республикасынын бажы аймагында эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган же болбосо бул аймактын чегинен тышкары алып чыгарылган товарларга карата;

2) аларды төлөөнүн мөөнөтү аяктаган күндөн тартып алты жылдын ичинде же болбосо ушул Кодекске ылайык жактардын бажы төлөмдөрүн төлөө милдетин жараткан окуя болгон күндөн тартып бажы төлөмдөрүн төлөбөгөндө;

3) укугун улоочусу же мураскору болбогон жеке жак өлгөн учурда;

4) жеке жак дайынсыз жоголду же аракетке жөндөмсүз деп таанылганда, ошондой эле анын мүлкү болбогон же жетишсиз болгон учурда;

5) төлөөчү банкрот деп таанылганда;

6) бажы төлөмдөрү боюнча карыздар өзүнчө кабыл алынган мыйзамда жокко чыгарылганда.".

16. 223-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Бажы наркын билдирүү, контролдоо жана түзөтүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт."

17. 242-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Бажы төлөмдөрү төмөнкү учурларда төлөнөт:

1) бажы декларациясын бергенге чейин же аны менен бирге;

2) бажы режими өзгөргөндө;

3) ушул Кодекстин 245-статьясынын 1-пунктунда аныкталган учурда.".

18. 243-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Бажы төлөмдөрүн эсептөө жана түзөтүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.".

19. 245-статьяда:

1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн арызы боюнча ушул Кодекстин 36-главасында каралган тартипте бажы төлөмдөрүн төлөө камсыз кылына турган шартта бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн өзгөртө алат:

1) 30 күнгө чейин;

2) ушул Кодекстин 246-статьясында белгиленген негиздер болгондо 90 күнгө чейин.";

4-пункттун биринчи сүйлөмү алып салынсын;

5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

20. 246-статьянын биринчи абзацы "Бажы төлөмдөрүн төлөөнү" деген сөздөрдөн мурда "Ушул Кодекстин 245-статьясынын 1-пунктунун 2-пунктчасында каралган" деген сөздөр менен толукталсын.

21. 248-статья "Бажы төлөмдөрүн" деген сөздөрдөн мурда "Ушул Кодекстин 245-статьясынын 1-пунктунун 2-пунктчасына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.

22. 252-статьянын 1-пунктунда "жана бажы ташуучусу" деген сөздөр алып салынсын.

23. 259-статьянын 4-пунктунун экинчи абзацында "үч" деген сөз "6" деген санга алмаштырылсын.

24. 37-глава төмөнкүдөй мазмундагы 266-1-статья менен толукталсын:

"266-1-статья. Бажы төлөмдөрү боюнча үмүтсүз карыздарды жоюу

 

Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыз, ушул Кодекстин 220-статьясынын 3-пунктунун 2-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда үмүтсүз карыз деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жоюлат.".

25. 280-статьянын 2-бөлүгүндө "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

26. 292-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"292-статья. Алдын ала декларациялоо

 

1. Бажы декларациясы чет элдик товарларга карата алар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин же эгер декларант товарларды бажылык жол-жоболоштуруу үчүн зарыл болгон документтерди ушул Кодекстин 275-статьясына ылайык берсе, ички бажы транзити аяктаганга чейин берилиши мүмкүн.

2. Эгер бажы максаттары үчүн товарларды коштоочу транспорттук же коммерциялык документтер пайдаланылышы керек болсо, бажы органы товарларды алдын ала декларациялоодо декларант тарабынан ал документтердин же документтердеги маалыматтардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алат жана зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн маалыматтарды документтердин түп нускаларында камтылган маалыматтар менен салыштырат.

3. Алдын ала бажылык декларациялоодо бажы декларациясында товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына келгенге жана (же) аларды бажы органына көрсөткөнгө чейин декларантка өзүнүн мүнөзү боюнча белгисиз болушу мүмкүн болгон маалыматтар жок болушу мүмкүн.

Мындай маалыматтар бажы декларациясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте товарларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин киргизилиши керек.

4. Транспорттук же коммерциялык документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде мурда билдирилген баалык, сандык же салмактык көрсөткүчтөр өзгөргөн учурда, баасынын, санынын же салмагынын өзгөргөнүн ырастаган документ милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

5. Эгер товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келингенден кийин декларант тарабынан мурда билдирилген баалык, сандык же салмактык көрсөткүчтөрдүн ортосунда айырмачылыктар табылса, декларант ушул Кодекстин 295-статьясында каралган тартипте бажы декларациясын чакыртып алууга укуктуу.

6. Эгер товарлар бажы декларациясын кабыл алган бажы органына алар кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде көрсөтүлбөсө же бул мөөнөттүн ичинде товарларга карата төлөнө турган бажы төлөмдөрүнүн ставкалары өзгөрүп кетсе, бажы декларациясы берилбеген деп эсептелинет.

7. Товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин бажы декларациясын берүүдө жана аны текшерүүнү аяктоодо бажы декларациясы товарларга карата алдын ала операцияларды жана башка бажы жол-жоболорун колдонуу үчүн зарыл болгон жалгыз документ катары пайдаланылышы мүмкүн.".

27. 307-статьяда "аттестатын" деген сөз "күбөлүгүн" деген сөзгө алмаштырылсын.

28. 308-статьянын аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "квалификациялык аттестат" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "квалификациялык күбөлүк" деген сөздөргө алмаштырылсын.

29. 309-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизилген жактардын ишине;".

30. 313-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын кошкондо, жактардын өндүрүштүк жана башка коммерциялык иштерди жүзөгө ашыруусуна, товарларды, транспорт каражаттарын бажы контролунун зоналарынын чек аралары аркылуу жана анын чектеринде өткөрүүсүнө ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында белгиленген учурларды кошпогондо, бажы органдарынын уруксаты менен жана алардын көзөмөлү алдында жол берилет.".

31. 315-статьянын 2-пункту "жазуу жүзүндө" деген сөздөрдөн кийин "жана (же) электрондук таризде" деген сөздөр менен толукталсын.

32. 323-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Аудит усулдары пайдаланылган бажы контролу товарлардын 30 жумушчу күндөн ашык улантылышы мүмкүн болбогон бажы контролу астындагы статусунан ажыраган күндөн тартып бир жылдын ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.".

33. 334-статьянын 1-бөлүгүндө "Финансы министрлигинин нускамасы менен" деген сөздөр "Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

34. 387-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Бажы органдары "Кыргыз Республикасындагы изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык изин суутпай издөө иштерин жүргүзүүгө укуктуу.".

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү шарттарын караган, ушул Мыйзамда баяндалган 1-пунктчанын бешинчи абзацынын, 2-пунктчанын бешинчи абзацынын, 15-статьянын 1-пунктунун 3-пунктчасынын үчүнчү абзацынын жоболору, бажы органдарынын маалыматтык тутумдары менен техникалык жактан шайкеш келген маалыматтык тутумдарды колдонуу 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

  

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                

 

А. Атамбаев