Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2019-жылдын 22-июлундагы N 95 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a4247512-9e5b-4441-a203-b7088d5b5d20\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 22-февралы № 7

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары пайдаланылат:

мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) - мамлекеттик өнөк тарабынан объекттерди долбоорлоого, каржылоого, курууга, калыбына келтирүүгө реконструкциялоого жеке өнөктү тартуу маселелери боюнча, ошондой эле бар жана кайра түзүлгөн, анын ичинде инфратүзүмдүк объекттерди башкаруу боюнча мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн узак мөөнөттүү (50 жылга чейин) өз ара аракеттенүүсү;

мамлекеттик кепилдиктер - МЖӨ жүзөгө ашыруучу долбоорлордогу инвестицияларды коргоо максатында жеке өнөктөргө жана долбоорлоо компанияларына берилүүчү кепилдиктер;

мамлекеттик колдоо - МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун ыңгайлуу жана өз ара пайдалуу шарттарын түзүүгө багытталган мамлекеттик каржылык колдоо, мамлекеттик экономикалык жана/же башка колдоо жана МЖӨ жөнүндө макулдашуулар боюнча мамлекеттик өнөктөрдүн милдеттенмелерин камсыз кылуу;

тобокелдикти башкаруу боюнча мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) тарабынан ыйгарым укук берилген, долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;

мамлекеттик өнөк - министрликтерди, мамлекеттик комплекстерди, администрациялык ведомстволорду жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды кошуп алганда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар;

инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөр - инфратүзүмдүк объектти пайдалануу менен жүргүзүлүүчү жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр;

инфратүзүмдүк объект - мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлктүк комплекс;

тендер - жеке өнөктү тандоо процесси;

долбоорго карата минималдуу талаптар - МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушту даярдоодо мамлекеттик өнөк тарабынан иштелип чыгуучу жана тендердик документтерде чагылдырылуучу, МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык, эксплуатациялык, коммерциялык жана башка мүнөздөгү минималдуу милдеттүү талаптар;

МЖӨ долбоору - бар же кайрадан түзүлгөн инфратүзүмдүк объекттерди долбоорлоого, курууга, калыбына келтирүүгө, реконструкциялоого, башкарууга карата мамлекеттик өнөктүн жеке өнөктү тартуусу боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынган өз ара мамилелердин комплекси;

(он экинчи абзац КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

долбоорлоо компаниясы - МЖӨ долбоорун ишке ашырууга гана багытталган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммерциялык же коммерциялык эмес уюм таризинде түзүлгөн юридикалык жак;

МЖӨ жөнүндө макулдашуу - Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана таризде ар кыл чөйрөлөрдө МЖӨ принциптеринде иштин белгилүү бир түрлөрүн жүзөгө ашыруу максатында тараптардын укуктарын, милдеттенмелерин жана жоопкерчилигин мамлекеттик өнөк менен жеке өнөктүн ортосундагы МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун башка шарттарын аныктоочу жазуу жүзүндөгү келишим;

ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасында МЖӨ өнүктүрүү максатында Өкмөт тарабынан түзүлгөн, ыйгарым укуктары ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган орган;

атайын фонддор - МЖӨ жөнүндө макулдашуулар боюнча мамлекеттик өнөктөрдүн милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуучу жана ага кепилдик берүүчү, каржы каражаттарын топтоочу, Өкмөт же мамлекеттик өнөктөр тарабынан түзүлүүчү фонддор;

МЖӨ стадиялары - МЖӨ долбоорун даярдоо, жеке өнөктү тандоо жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруу;

техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) - техникалык, каржылык, экономикалык, юридикалык жана экологиялык баа берүүнү, МЖӨ долбоорунун негизги тобокелдиктерине жана иштөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнү жүргүзүү;

(он тогузунчу абзац КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

тендердик документтер - жеке өнөктү тандап алуунун мамлекеттик өнөк тарабынан иштелип чыккан критерийлери;

жеке өнөк - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган жеке ишкер, юридикалык жак, чет өлкөлүк мамлекеттин мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жак;

каржы мекемеси - МЖӨ долбоорлорун каржылоого жана/же кепилдиктерди берүүгө катышуучу, Кыргыз Республикасынын же чет өлкөлүк мамлекеттердин мыйзамдары боюнча катталган банк жана башка каржы-кредиттик мекемелер.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-берене. Кыргыз Республикасынын МЖӨ жөнүндө мыйзамдары

1. Кыргыз Республикасынын МЖӨ жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан, ушул Мыйзамдын негизинде кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардан турат.

2. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген МЖӨ чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат.

3-берене. МЖӨ колдонуу

1. МЖӨ инфратүзүмдүк объекттерге жана/же төмөнкү чөйрөлөрдөгү инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө карата колдонулат:

1) электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүү;

2) мунай жана жаратылыш газын кайра иштетүү, сактоо, ташуу, берүү жана бөлүштүрүү;

3) автомобиль, темир жол, суу, аба, шаардык электр транспорту;

4) автомобиль жана темир жолдор (көпүрөлөр менен тешкен тоо жолдорун кошуп алганда);

5) коммуналдык чарба жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр;

6) медицина, алдын ала-дарылоо жана саламаттыкты сактоо тутумундагы башка иштер;

7) билим берүү, тарбиялоо, маданият жана социалдык тейлөө;

8) кыймылдуу, туруктуу байланыш жана телекоммуникациялар;

9) туризм, рекреация жана спорт;

10) суу ресурстары;

11) керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө байланышкан башка чөйрөлөр.

2. (КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. МЖӨ минералдык ресурстарды пайдаланууга, мамлекеттик сатып алууларга жана менчиктештирүүгө байланышкан мамилелерге карата колдонулбайт.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-берене. МЖӨ принциптери

Кыргыз Республикасында МЖӨ төмөнкү принциптерге негизденет жана иштейт:

- мыйзамдын үстөмдүгү - бардык мамлекеттик органдардын, кызмат жана башка адамдардын мыйзамдарды жана аларга ылайык башка укуктук актыларды кыйшаюусуз аткаруусу;

- адилеттүүлүк - тендердин бардык катышуучуларына бирдей мамиле кылуу; жеке өнөктү тандоодо объективдүүлүк жана калыстык; мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн ак ниет жана өз ара пайдалуу кызматташтыгы; ыйгарым укуктарды, жоопкерчиликти жана тобокелдиктерди макулдашып бөлүштүрүү жана бөлүп берүү; мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн мыйзам алдында теңдиги;

- ачык-айкындык - МЖӨ бардык баскычтарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарда МЖӨ долбоорлоруна тиешелүү маалыматтарга жеке өнөктөрдүн жана коомчулуктун жетүүсү;

- атаандаштык - конкурска катышуу үчүн кандайдыр бир басынткан чектөөлөрдүн жоктугу;

- келишим эркиндиги - мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген укуктары менен милдеттерине кошумча МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын укуктарын жана милдеттерин эркин аныктоо укугу;

- экологиялуулук - МЖӨ долбоорлорун айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын эске алуу менен жүзөгө ашыруу.

5-берене. Мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүү

1. Мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүү МЖӨ долбоорунун милдеттүү шарты болуп саналат.

2. Мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн ортосундагы тобокелдиктерди аныктоонун жана бөлүштүрүүнүн тартибине карата нускамалар жана жалпы жетектөө принциптери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштеп чыгылат жана кабыл алынат.

6-берене. Жеке өнөктөрдүн МЖӨ долбоорлоруна катышуу тариздери

Жеке өнөктүн МЖӨ долбоорлоруна катышуусу инфратүзүмдүк объекттин же инфратүзүмдүк кызматтардын түрүнө, алардын тармактык таандыктуулугуна, МЖӨ долбоорунун максатына жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын келишүүлөрүнө жараша ар кыл таризде болушу мүмкүн. Жеке өнөктүн МЖӨ долбоорлоруна (же МЖӨ моделдерине) катышуу тариздерин колдонуу боюнча нускамалар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштеп чыгылат жана бекитилет.

7-берене. МЖӨ чөйрөсүндө иштөөчү ыйгарым укуктуу органдар

МЖӨ чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар төмөнкүлөр болуп саналат:

- Өкмөт;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

- тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган;

- мамлекеттик өнөктөр.

8-берене. Өкмөттүн ыйгарым укуктары

Өкмөттүн МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет;

- Кыргыз Республикасында МЖӨ өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын жана программаларын жүзөгө ашыруу жана координациялоо;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүү;

- тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органды аныктоо;

- МЖӨ жөнүндө макулдашуулар боюнча мамлекеттик өнөктөрдүн милдеттенмелеринин аткарылышын кепилдөөчү каржы каражаттарын топтоочу атайын фонддорду түзүү;

- МЖӨ баскычтарын, МЖӨ долбоорлорунун мониторингинин жана ишке ашырылышына баа берүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды, ушул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу жана бир түрдүү колдонуу үчүн зарыл башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;

- (жетинчи абзац КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- ушул Мыйзамда белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- Кыргыз Республикасында МЖӨ өнүктүрүү мамлекеттик саясатын жана программаларын ишке ашыруу;

- Өкмөткө МЖӨ өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясаты жана программалары маселелери боюнча, МЖӨ тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды берүү;

- Өкмөткө МЖӨ өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын жана программаларын ишке ашыруу жөнүндө ар жылдык отчетторду берүү;

- МЖӨ мүмкүн болуучу долбоорлорун издөөдө жана тандоодо, тендердик документтерди даярдоодо, МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууда мамлекеттик өнөктөргө көмөктөшүү;

- мамлекеттик өнөктөр тарабынан демилгеленген МЖӨ долбоорлорун баалоо жана бекитүү;

- МЖӨ катышуучулары тарабынан ушул Мыйзамдын жоболорунун бир түрдүү колдонулушу үчүн зарыл колдонмолорду, нускамаларды, жоболорду, эрежелерди жана башка документтерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу;

- МЖӨ жөнүндө саясаттын, программалардын аткарылышынын жана мыйзамдардын колдонулуу маселелери боюнча бардык кызыкдар адамдарга түшүндүрмөлөрдү берүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммерциялык жашыруун сыр болуп саналбаган МЖӨ долбоорлорун даярдоого жана ишке ашырууга тиешелүү бардык маселелер боюнча коомчулукка маалымдоо;

- демилгеленген жана ишке ашырылып жаткан МЖӨ долбоорлору жөнүндө маалыматтарды топтоо жана талдоо;

- МЖӨ долбоорлорунун реестрин жүргүзүү;

- мамлекеттик өнөктөр, жеке өнөктөр жана МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдар бардык адамдар үчүн МЖӨ маселелери боюнча окуу уюштуруу;

- МЖӨ долбоорлорун илгерилетүүдө жана коштоодо мамлекеттик өнөктөргө көмөк көрсөтүү;

- ушул Мыйзам жана Өкмөт тарабынан МЖӨ чөйрөсүндө кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-берене. Тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органдын компетенциясы

Өкмөт тарабынан аныкталган тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органдын компетенциясына тендердик документтерди бекитүү, ошондой эле тендердик документтерге өзгөртүүлөрдү бекитүү кирет.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-берене. Мамлекеттик өнөктүн компетенциясы

Мамлекеттик өнөктүн компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- МЖӨ долбоорун даярдоо;

- жеке өнөктү тандоо;

- МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун мониторинги жана аны баалоо;

- ушул Мыйзам жана МЖӨ чөйрөсүндө Өкмөт тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

12-берене. Мамлекеттик каржылык колдоо

1. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик өнөк жеке өнөккө жана/же долбоорлоо компаниясына мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүүгө же анын көрсөтүлүшүнө көмөктөшүүгө укуктуу.

2. Мамлекеттик каржылык колдоо республикалык жана/же муниципалдык бюджеттин каражаттарынын, атайын фонддордун каражаттарынын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен берилиши мүмкүн.

3. Мамлекеттик каржылык колдоо жеке өнөккө жана/же долбоорлоо компаниясына төмөнкүдөй түрлөрдө берилиши мүмкүн:

1) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон зайымдарды жеңилдетилген шарттарда берүү;

2) кредиттик кепилдиктерин берүү;

3) мамлекеттик өнөктүн милдеттенмелерин аткарылышынын кепилдиктерин берүү;

4) тарифтик субсидияларды берүү;

5) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл каражаттардын бир бөлүгүнө каржы берүү;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди жана/же кийинкиге калтырууларды жана/же бөлүп-бөлүп төлөөлөрдү берүү;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктерди жана/же кийинкиге калтырууларды жана/же бөлүп-бөлүп төлөөлөрдү берүү;

8) анын каржылык кудуреттүүлүгүн камсыз кылуу максатында МЖӨ долбоорунун минималдык кирешелүүлүгүнө кепилдик берүү;

9) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн тартылуучу каражаттар боюнча валюталардын алмашуу курстарынын жана/же пайыздык ставкалардын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрүнө карата кепилдиктерди берүү.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-берене. Мамлекеттик экономикалык колдоо

1. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик өнөк жеке өнөккө жана/же долбоорлоо компаниясына мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүгө же анын көрсөтүлүшүнө көмөктөшүүгө укуктуу.

2. Мамлекеттик экономикалык колдоо жеке өнөккө жана/же долбоорлоо компаниясына төмөнкүдөй түрлөрдө көрсөтүлүшү мүмкүн:

1) инфратүзүмдүк объектке укуктарга кошумча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка кыймылдуу же кыймылсыз мүлккө укуктарды берүү;

2) лицензияларды, уруксаттарды, макулдашууларды алууга көмөктөшүү;

3) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерине сервитут берүү;

4) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу менен түздөн-түз байланышпаган иштердин башка түрлөрүнөн тариф жыйноо жана кирешелерди алуу укугун берүү;

5) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикте турган мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмдөрүнүн жеңилдетилген ставкаларын белгилөө;

6) МЖӨ жөнүндө түзүлгөн макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке өзгөчө укук берүү;

7) мамлекеттик өнөктүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген колдоолорунун башка түрлөрүндө.

14-берене. Мамлекеттик кепилдиктер

МЖӨ долбоорундагы жеке өнөккө жана долбоорлоо компаниясына жеке инвестицияларды коргоого кепилдик берүү максатында төмөнкүлөргө кепилдик берилет:

- МЖӨ жөнүндө макулдашууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жеке өнөктүн жана долбоорлоо компаниясынын экономикалык ишине мамлекеттик өнөктүн кийлигишпөөсү;

- жеке өнөктүн жана долбоорлоо компаниясынын мүлкүн улутташтыруудан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка эквиваленттик чаралардан корголуусу;

- МЖӨ долбооруна салынган инвестицияларга жана алардан алынган

кирешелерге жана пайдаларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган максаттарда эркин ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу;

- Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын башка кандай гана болбосун чет элдик валютага эркин алмаштыруу жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында алынган валютаны эркин алып кетүү укугу;

- мамлекеттик жана/же муниципалдык органдардын, алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында жеке өнөккө жана/же долбоорлоо компаниясына келтирилген зыяндын ордун МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык толтуртуу укугу;

- МЖӨ жөнүндө макулдашууда каралган шарттарда салыштырмалуу жеке өнөк жана же долбоорлоо компаниясы тарабынан МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун шарттарынын начарлашына алып келген ченемдик укуктук актылар кабыл алынган учурда МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттарын кайра кароо же МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда бузуу жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу укугу.

15-берене. МЖӨ долбоорунун баскычтары

МЖӨ долбоорунун баскычтары төмөнкүлөр болуп саналат:

- МЖӨ долбоорун издөө жана демилгелөө;

- МЖӨ долбоорун даярдоо;

- жеке өнөктү тандоо;

- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-берене. МЖӨ долбоорун издөө жана демилгелөө

1. МЖӨ долбоорун издөө жана демилгелөө МЖӨ өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык программаларын, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, тармактарды өнүктүрүү программаларын, айрым аймактык бирдиктерди өнүктүрүүнүн башка программаларын жана пландарын эске алуу менен мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. МЖӨ долбоорун демилгелөө процесси төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) тандалып алынган инфратүзүм объектине МЖӨ колдонуунун максатка ылайыктуулугунун негиздемесин, долбоорго карата минималдык талаптарды, мамлекеттик каржылык жана/же мамлекеттик экономикалык колдоону жана мамлекеттик кепилдиктерди берүүнүн түрлөрүн жана шарттарын, ошондой эле МЖӨ чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актыларда каралган башка документтерди камтыган потенциалдуу долбоорду алдын-ала баалоонун мамлекеттик өнөк тарабынан даярдалышын;

2) демилгеленген МЖӨ долбоору мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп бергендигинин негиздемесин.

3. Демилгеленген МЖӨ долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

МЖӨ долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилгенден кийин, мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун даярдоо баскычына өтөт.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-берене. МЖӨ долбоорун даярдоо

1. МЖӨ долбоорун даярдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) МЖӨ долбооруна карата талаптарды аныктоону жана аны ишке ашырууда каржылык, социалдык, экономикалык натыйжаларды жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди баалоону;

2) тендерди өткөрүү эрежелерин, тандоо критерийлерин, тендердик документтерди даярдоону, анын ичинде болжолдонуучу натыйжаларды жана каржылоо механизмдерин баяндоону. МЖӨ долбоорун даярдоо баскычында тендердик документтердин пакети тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

Тендердик документтер төмөнкүлөрдү камтыйт:

- бааларды, төлөмдөрдү, тарифтерди, лицензияларды жана уруксаттарды кошуп алганда МЖӨ долбоору жөнүндө маалыматты, ошондой эле мамлекеттик өнөк тарабынан бекитилүүчү зарыл болгон атайын талаптарды;

- мамлекеттик каржылык жана/же экономикалык колдоо жөнүндө толук маалыматты;

- тендерди өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин;

- жеке өнөктү баалоо жана тандоо критерийлерин;

- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун;

- мамлекеттик жана жеке өнөктүн ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүүнүн шарттарын жана тартибин;

- мамлекеттик өнөк тарабынан кошумча бекитилүүчү башка маалыматтарды;

3) мамлекеттик өнөк тарабынан тендердик комиссияны түзүүнү. Тендердик комиссия МЖӨ ар бир долбоору боюнча түзүлөт. Тендердик комиссиянын курамы мамлекеттик өнөк тарабынан түзүлөт жана бекитилет. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так жана беш адамдан кем болбоого тийиш. Тендердик комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, тиешелүү инфратүзүмдүк объект боюнча тажрыйбасы жана билими бар адис, экономика жана каржы жаатындагы адис, юриспруденция жаатындагы адис, МЖӨ долбоору түздөн-түз таасирин тийгизүүчү жергиликтүү жамааттын өкүлү кирет.

Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү квалификациялык талаптар коюлушу мүмкүн. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн каралып жаткан долбоорго карата кызыкчылыктарынын карама-каршылыгы болбоого тийиш.

Тендердик комиссияны түзүү, бекитүү, иш тартиби жана ыйгарым укуктары ушул Мыйзам жана МЖӨ чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.

2. МЖӨ долбоорун даярдоо көз карандысыз консультанттарды тартуу укугуна ээ болгон мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. МЖӨ долбоорун стратегиялык объекттерде ишке ашырууда мамлекеттик өнөк Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө мыйзамдарды да жетекчиликке алат.

4. Ушул беренеде белгиленген бардык керектүү жол-жоболор аяктагандан кийин, мамлекеттик өнөк жеке өнөктү тандоо баскычына өтөт.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-берене. Жеке өнөктү тандоо жана тендерди өткөрүү

1. Жеке өнөктү тандоо тендерди өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Тендер төмөнкү үч баскычтан турат:

1) алдын ала тандоо;

2) жеңүүчүнү тандоо;

3) МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү.

2. Баштапкы тандоо баскычында тендердик комиссия жалпыга маалымдоо каражаттарында жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтында баштапкы тандоого катышууга чакырууну жарыялайт. Чакыруунун тексти тендердин катышуучуларына МЖӨ долбоорун ишке ашыруу боюнча тендерге катышуу үчүн өзүнүн каржылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо мүмкүндүгүн берүүчү баштапкы тандоонун талаптарын камтууга тийиш. Чакыруунун тексти мамлекеттик жана расмий тилдерде жана зарыл болгондо, мамлекеттик өнөктүн чечимине ылайык чет тилдерде жарыяланат. Тендердик комиссия чакыруу жарыяланган күндөн тартып тендерди өткөрүүнүн эрежелеринин жана тендердик документтердин ачык жеткиликтүү болушун камсыз кылат. Баштапкы тандоого катышууга арыздарды жыйноо тендерге катышууга чакыруу жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин тендердик комиссия баштапкы тандоого катышуучу тендердин ар бир катышуучусунун квалификациясын 15 календардык күндүн ичинде баалайт. Баалоону өткөрүүнүн натыйжалары боюнча тендердик комиссия баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучуларына тендердин жеңүүчүсүн тандоого катышууга чакыруу жиберет. Баштапкы тандоодон өткөн катышуучулардын саны экиден кем болбоого тийиш. Башка учурда тендер болгон жок деп таанылууга тийиш.

Баштапкы тандоо баскычында алынган маалыматты эске алуу менен тендердик документтерди жана МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды кайрадан карап чыгууга жол берилет.

3. Жеңүүчүнү тандоо баскычында тендердик комиссия баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучуларына тендердик документтерди берет.

Тендердик комиссия МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун мамлекеттик өнөк үчүн айрыкча ылайыктуу жолун талкуулоо жана тандоо үчүн баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жана жолугушууларды өткөрүүгө укуктуу. Бул сүйлөшүүлөрдүн убагында тендердик комиссия тендердин катышуучуларынын бири экинчисин басмырлашына жана артыкчылыктарды алышына жол бербөө максатында баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучуларынын бардыгы үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга тийиш.

Өзгөртүлгөн тендердик документтер ал тендердик комиссия тарабынан бекитилгенден кийин гана баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышууларынын бардыгына маалымдалууга тийиш. Тендердик документтердеги бардык өзгөртүүлөр тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүгө жатат.

Баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучулары өздөрүнүн тендердик сунуштарын МЖӨ долбоорунун татаалдыгын эске алуу менен, тендердик комиссия белгилеген мөөнөттө берүүгө тийиш. Тендердик сунуштарды берүү мөөнөтү тендердин жеңүүчүсүн тандоого катышууга чакырууну алган учурдан тартып 30 календардык күндөн кем болушу мүмкүн эмес.

Тендердик комиссия тендердин катышуучуларынын тендердик сунуштарын баалоону тендердик документтерде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө, бирок акыркы сунуш келип түшкөн күндөн тартып 60 календардык күндөн кечиктирбестен жүргүзөт. Тендердик сунуштар эки этапта бааланат:

- биринчи этап тендерге катышуучулардын тендердик сунуштарынын долбоорго карата коюлуучу минималдык талаптарга ылайыктуулугу бааланат. Көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген тендердик сунуштар четке кагылат;

- экинчи этапта тендердик сунуштар тендердик документтерде белгиленген социалдык жана каржылык-экономикалык критерийлерге ылайыктуулугу бааланууга тийиш.

Тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорунун негизги жоболору менен тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына ачык жарыялайт.

Тендердин угулуп калган катышуучулары жазуу жүзүндө арыздарды берүү жолу менен алардын тендердик сунуштарынан баш тартуунун себептери жөнүндө түшүндүрмө талап кылууга укуктуу. Мамлекеттик өнөк жеке өнөктүн талабы боюнча баш тартуунун себептери жөнүндө ага 3 жумушчу күндүн ичинде маалымдоого тийиш.

Тендердин катышуучуларынын тендердик комиссияга берген бардык документтери жана маалыматтары купуя болуп саналат. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө алынган документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды тендердин башка катышуучуларын кошуп алганда, үчүнчү жактарга берүүгө же ушул документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды тендер өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган сунуштарды баалоодон башка максаттарда пайдаланууга тыюу салынат.

Тендердик документтерди даярдоонун тартиби ушул Мыйзам жана МЖӨ чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.

4. МЖӨ жөнүндө макулдашуу тендердин жеңүүчүсү жөнүндө кулактандыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган датадан тартып 60 календардык күндүн ичинде түзүлүүгө тийиш.

Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача айтылбаса, МЖӨ долбоорун каржылоо жөнүндө каржылык мекеме менен келишимди жол-жоболоштурууну бүткөрүү үчүн жеке өнөккө тендердин жеңүүчүсү жөнүндө кулактандыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялангандан тартып 120 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө берилүүгө тийиш.

Эгерде ушул бөлүктүн биринчи абзацында каралган мөөнөт аяктаганча тендердин жеңүүчүсү МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол койбосо, тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алууга жана тендердин жыйынтыгы боюнча кийинки орунду ээлеген жеке өнөктү тендердин жеңүүчүсү деп дайындоого укуктуу.

Тендердик комиссия тарабынан тендердин жеңүүчүсү жарыяланган учурда мамлекеттик өнөк МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүүдөн бир тараптуу тартипте баш тартууга укуксуз, ал эми тендердик комиссия тендердик комиссия тарабынан арыз берүүчү берген маалыматтын документтик ырасталган чындыкка туура келбестиги табылган учурду кошпогондо, өткөрүлгөн тендердин натыйжаларын жокко чыгарууга укуксуз.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-берене. МЖӨ долбоорунун мониторинги жана ишке ашырылышын баалоо

1. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылуучу МЖӨ долбоорунун мониторингин жана баалоону өзүнө камтыйт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган да МЖӨ долбоорунун мониторингин жана ишке ашырылышын баалоону жүзөгө ашырат.

2. Жеке өнөк же долбоорлоо компаниясы ар жыл сайын, учурдагы жылдын 1-майынан кечиктирбестен мамлекеттик өнөккө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органга МЖӨ долбоорунун аткарылышы жөнүндө отчётту жана мурунку жыл үчүн каржылык отчётту берип турууга милдеттүү. Эгерде МЖӨ долбоорунун аткарылышы жөнүндө ар жылдык отчёт долбоордун компаниясы тарабынан берилсе, ал жеке өнөк тарабынан алдын ала ырасталууга тийиш. Ар жылдык каржылык отчёт көз каранды эмес аудитор тарабынан алдын ала ырасталууга тийиш.

3. Мониторингдин жана баалоонун тартиби ушул Мыйзам, МЖӨ чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жана МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынат.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-берене. МЖӨ долбоорун жеке өнөк тарабынан демилгелөө

1. Жеке өнөктөр МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушу менен мамлекеттик өнөккө кайрылууга укуктуу. Сунушка тандалып алынган долбоорго карата МЖӨ колдонуунун максатка ылайыктуулугун негиздөө, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун негизги шарттары, сарптоолордун жана салымдардын болжолдуу суммасы жөнүндө маалымат тиркелүүгө тийиш. Аталган документтерге кошумча жеке өнөк демилгеленүүчү МЖӨ долбооруна тиешелүү башка документтерди берүүгө укуктуу.

Мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө жеке өнөктүн сунушу тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органды кабарлайт.

2. Эгерде мамлекеттик өнөк ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык бул мезгилдин ичинде кошумча маалыматты суратпаса, ал мындай сунушту 30 календардык күндүн ичинде кабыл алууга же болбосо четке кагууга милдеттүү.

3. Мамлекеттик өнөк кошумча маалыматты бир жолу суратууга укуктуу. Мындай суратуу себептерин түшүндүрүү менен коштолууга тийиш. Жеке өнөк суратылган маалыматты суратуу алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде берүүгө милдеттүү. Мамлекеттик өнөк тарабынан кошумча маалыматтар суратылган учурда, кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө чечимди кабыл алуу мөөнөтү жеке өнөктөн кошумча маалымат алынгандан кийин 30 календардык күндү түзөт. Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде жеке өнөктөн кошумча маалымат берилбеген учурда сунушту кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө чечим кошумча маалыматты берүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийинки 30 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.

4. Сунуш четке кагылган учурда мамлекеттик өнөк себептерин негиздөө менен бул тууралуу жеке өнөккө кабарлоого, ошондой эле жеке өнөк тарткан чыгашалардын ордун толтурбастан, ал мурда берген документтердин бардык түп нускаларын жана көчүрмөлөрүн жеке өнөккө бир убакта кайтарып берүүгө тийиш.

5. Мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө жеке өнөктүн сунушуна макул болгон учурда, МЖӨ долбоору ушул Мыйзамда каралган тартипте андан ары жылдырылууга жатат.

6. Эгерде жеке өнөктөрдүн бири да тендерди утпаган же тендер өткөрүлбөгөн болуп таанылган учурда, жеке өнөк тарткан чыгашалардын баары орду толтурулууга жатпайт.

7. Эгерде мамлекеттик өнөк менен жеке өнөк башка тууралуу макулдашпаса, тендердик документтерди даярдоо үчүн талап кылынгандардан тышкары, МЖӨ долбоорун демилгелеген жеке өнөк мамлекеттик өнөккө берген бардык документтер жана маалыматтар купуя болуп саналат жана МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө жеке өнөктүн сунушун баалоо максатында гана пайдаланылууга тийиш.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптары жана МЖӨ жөнүндө макулдашууга карата колдонулуучу укук

МЖӨ жөнүндө макулдашуу мамлекеттик өнөктүн жана тендердин жеңүүчүсү болуп жарыяланган жеке өнөктүн ортосунда түзүлөт. Аталган тараптарга кошумча долбоорлоо компаниясы макулдашуунун тарабы катары чыгышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары МЖӨ жөнүндө макулдашууга карата колдонулуучу укук болуп саналат.

22-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун милдеттүү жоболору

МЖӨ жөнүндө макулдашуу төмөнкү милдеттүү жоболорду камтуусу тийиш:

- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун предметин жана объектин;

- тараптардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин;

- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн;

- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу процессинде жүргүзүлгөн жана/же көрсөтүлгөн инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу көлөмүн, тартибин жана сапат калыптарын, ошондой эле инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн механизмин;

- МЖӨ долбоорун каржылоонун тартибин жана шарттарын;

- алар берилген учурда мамлекеттик каржылык жана мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүнүн түрлөрүн жана шарттарын;

- МЖӨ долбоорун ишке ашырууга байланышкан тобокелдиктердин МЖӨ жөнүндө макулдашуу тараптарынын ортосунда бөлүштүрүлүшүн;

- жумуштарды жана эксплуатациялоону жүзөгө ашыруу бөлүгүндө макулдашууну аткаруунун кепилдиктерин;

- инфратүзүмдүк кызматтарды көрсөткөнү үчүн тарифтерди же жыйымдарды колдонуунун тартибин, ошондой эле мындай тарифтердин же жыйымдардын усулдары менен эсептөө формулаларын;

- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик өнөк тарабынан жеке өнөккө өткөрүлүп берилген инфратүзүмдүк объекттерге ээлик кылуунун жана пайдалануунун тартибин;

- МЖӨ жөнүндө макулдашуу тараптарынын милдеттеринин аткарылышын камсыз кылуунун ыкмаларын;

- МЖӨ долбоорунун мониторингинин жана ишке ашырылышын баалоонун тартибин;

- МЖӨ долбоорун камсыздандыруу боюнча талаптарды;

- (он бешинчи абзац КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- мамлекеттик өнөккө инфратүзүмдүк объектти жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун аткарылганына байланыштуу берилген башка укуктарды макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда кайтарып берүүнүн тартибин;

- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу убагында айлана-чөйрөнү коргоо жана жумуштарды коопсуз жүргүзүү боюнча талаптарды;

- эгерде МЖӨ долбоору жарандарды көчүрүүнү караса, көчүрүүнүн жана тиешелүү компенсацияларды төлөп берүүнүн тартибин;

- болтурбоого болбогон жагдайлар чыккан учурда тараптардын иш-аракеттерин;

- МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун шарттары МЖӨ жөнүндө макулдашууда каралган шарттарга салыштырмалуу жеке өнөк үчүн начарлоого алып келген ченемдик укуктук актылар кабыл алынган учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруунун тартибин;

- МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда токтотуунун негиздерин кошуп алганда, МЖӨ жөнүндө макулдашууну өзгөртүүнүн, узартуунун жана токтотуунун тартиби менен шарттарын жана МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндардын ордун толтуруунун тартибин;

- МЖӨ жөнүндө макулдашуудан жана МЖӨ долбоорун ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан талаштарды жөнгө салууда колдонулуучу укук жана анын механизмдерин.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-берене. Макулдашуунун башка жоболору

МЖӨ долбоору боюнча каржылоону алуу үчүн мамлекеттик өнөк каржылык мекемелер менен түз макулдашуу түзүү укугуна ээ.

Ушул Мыйзамдын 22-беренесинде айтылган милдеттүү жоболорго карата толуктоо, МЖӨ жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка жоболорду камтышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү мөөнөттөрү

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

25-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуу боюнча жеке өнөктүн жана долбоорлоо компаниясынын укуктарды жана милдеттенмелерди чегинип берүүсү

Жеке өнөктүн жана долбоорлоо компаниясынын укуктары жана милдеттери мамлекеттик өнөктүн алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугу менен МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн каржылоо берген каржы мекемелерине чегинилип берилиши мүмкүн.

26-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонуу жана узартуу мөөнөттөрү

МЖӨ жөнүндө макулдашуу 50 жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт. МЖӨ жөнүндө макулдашууну колдонуунун мөөнөтү МЖӨ жөнүндө макулдашууда каралган учурларда узартылышы мүмкүн.

27-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу

МЖӨ жөнүндө макулдашуу өз колдонулушун төмөнкү учурларда токтотот:

- макулдашуунун колдонулуу мөөнөтү аяктаганда;

- макулдашуунун бардык тараптарынын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугунун негизинде;

- макулдашууда каралган тартипте макулдашуу тараптарынын биринин демилгеси боюнча;

- (бешинчи абзац КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- долбоорлоо компаниясынын же жеке өнөктүн иши токтотулган же долбоорлоо компаниясы же жеке өнөк банкрот (кудуретсиз) деп таанылган учурда.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

28-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуунун кесепеттери

1. Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача каралбаса, МЖӨ жөнүндө макулдашуу токтотулган учурда жеке өнөк жана/же долбоорлоо компаниясы төмөнкү иш-аракеттерди аткарууга милдеттүү:

1) инфратүзүмдүк объектти жана мамлекеттик өнөктөн алынган башка активдерди мамлекеттик өнөккө өткөрүп берүүнү, алар макулдашуунун шарттарына ылайык үчүнчү жактар тарабынан кандайдыр бир жүктөөлөрдөн эркин болуулары тийиш;

2) инфраструктуралык объектти эксплуатациялоонун жана материалдык-техникалык тейлөөнүн маселелери боюнча мамлекеттик өнөктүн кызматкерлерин даярдоону;

3) эгерде мындай талап кылынса, инфратүзүмдүк объектти жана башка активдерди мамлекеттик өнөккө өткөрүп бергенден кийин акылга сыярлык мөөнөттүн ичинде көмөкчү кызматтарды көрсөтүүнүн үзгүлтүксүздүгүн жана запастык бөлүктөрдү берүүнү кошуп алганда ресурстарды берүүнү камсыз кылууну.

2. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушу МЖӨ жөнүндө макулдашуу тараптарынын биринин күнөөсү боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу башка тараптын тараптар тарткан зыяндардын ордун толтуруу боюнча милдеттенмелерине алып келет.

29-берене. Долбоорлоо компаниясы

1. Тендердин жеңүүчүсү деп таанылган жеке өнөк МЖӨ долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоорлоо компаниясын уюштурууга укуктуу.

2. Мамлекеттик өнөк анын катышуусу долбоорлоо компаниясынын мүлкүнүн үлүшүнүн үчтөн биринен ашпоого тийиш болгон шартта долбоорлоо компаниясынын тең уюштуруучусу катары чыгууга укуктуу жана мындай катышуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбайт. Мамлекеттик өнөктүн долбоорлоо компаниясына катышуу шарттары тендердик документтерде жана МЖӨ жөнүндө макулдашууда айтылууга тийиш.

3. Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача айтылбаса, долбоорлоо компаниясынын ишин токтотуу, мүлкүн күрөөлөө, ажыратуу же акцияларын (мүлктөгү үлүштү, пайларды) күрөөгө коюу, долбоорлоо компаниясынын уставдык (пайлык) капиталынын өлчөмүн өзгөртүү мамлекеттик өнөккө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алдын ала жазуу жүзүндө кабарлоосуз жүргүзүлбөйт.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

30-берене. МЖӨ долбоорун каржылоо

1. Жеке өнөк жана долбоорлоо компаниясы зайымдарды, насыяларды тартууга же МЖӨ долбоорун ишке ашырууну каржылоонун башка ыкмаларын пайдаланууга укуктуу.

2. МЖӨ долбоорун каржылоо максатында жеке өнөк өзүнө тиешелүү мүлктү күрөөгө коюуга, мамлекеттик өнөктүн макулдугусуз милдеттенмелерди камсыз кылуунун башка ыкмаларын пайдаланууга укуктуу.

3. Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача айтылбаса, мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жана жеке өнөккө же долбоорлоо компаниясына убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берилген мүлк күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

31-берене. Иифратүзүмдүк кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктары

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача каралбаса, МЖӨ долбоорун ишке ашыруу процессинде долбоорлоо компаниясы инфратүзүмдүк кызматтарды керектөөчүлөргө карата тең мамилени камсыз кылууга милдеттүү.

2. Долбоорлоо компаниясынын жана инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн ортосундагы мамилелер керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, техникалык жөнгө салуу жана башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынууга жатат.

32-берене. МЖӨ долбоорунун мониторинги жана ишке ашырылышын баалоо

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

33-берене. МЖӨ долбоорлорунун реестри

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган МЖӨ долбоорлорунун реестрин жүргүзөт.

2. Реестр жүргүзүүнүн максаты Кыргыз Республикасында жүзөгө ашырылып жаткан бардык МЖӨ долбоорлору боюнча болгон маалыматтарды толук, өз убагында жана ишенимдүү эсепке алуу болуп саналат.

3. Реестрде камтылган маалыматтар бардык кызыкдар жактар үчүн жеткиликтүү болушу керек. Реестрди жүргүзүү эрежелери Өкмөт тарабынан кабыл алынат.

34-берене. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби

1. Жеке өнөктөрдү тандоонун тартибинен келип чыккан жана ага байланышкан талаш-тартыштар "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте чечилет.

2. МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүүдөн, аткаруудан жана токтотуудан келип чыккан жана аларга байланышкан талаш-тартыштар МЖӨ жөнүндө макулдашуунун жоболоруна ылайык сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Тараптар талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүлөрү мүмкүн болбогон учурда, талаш-тартыш тараптар МЖӨ жөнүндө макулдашууда аныкталган органда чечилүүсү тийиш. МЖӨ жөнүндө макулдашуу тараптары талаш-тартышты жөнгө салуу боюнча орган катары Кыргыз Республикасынын сотторун же бейтарап сотторун же эл аралык коммерциялык арбитраждарды аныктоого укуктуу.

3. МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө жеке өнөк же долбоорлоо компаниясы тарабынан инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө берилишинен келип чыккан жана ага байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын сотторунда чечилет. МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүүдө мамлекеттик өнөк жеке өнөктөн же долбоорлоо компаниясынан мындай талаш-тартыштарды сотко чейинки тартипте жөнгө салуунун жөнөкөй жана натыйжалуу механизмдерин белгилөөнү талап кылууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

35-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Өкмөт ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып 6 айлык мөөнөттө:

1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышын камсыз кылсын.

3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-майындагы № 154 Мыйзамы (КР Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 471-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев