Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 15-марты №14

 

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

134-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"134-статья. Асырап алуучу менен асыралуучу баланын ортосундагы

жаш курак айырмачылыгы

 

1. Асырап алуучунун жаш курагы 60 жаштан ашпоого тийиш. Баланын ата-энеси өлгөн, белгисиз болгон же сот тарабынан дайынсыз жоголду деп таанылган, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган, сот тарабынан жүйөсүз деп таанылган себептер боюнча сот тарабынан ата-энелик укуктарынан ажыратылган, алты айдан ашык бала менен бирге жашабаган жана аны тарбиялоо менен багуудан качкан учурларда, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен баланын туугандары болуп саналган 60 жаштан ашкан адамдар, ошондой эле баланын көзөмөлчүсү, камкорчусу болуп саналган адамдар асырап алуучулар болушу мүмкүн.

2. Никеге турбаган асырап алуучу менен асыралуучу баланын ортосундагы жаш курак айырмачылыгы он алты жаштан кем болбоого тийиш. Сот тарабынан таанылган жүйөлүү себептер боюнча жаш курак айырмачылыгы кыскартылышы мүмкүн.

3. Өгөй ата (өгөй эне) тарабынан бала асыралып алынганда, ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген жаш курак айырмачылыгы талап кылынбайт.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын
             Президенти

 

А.Атамбаев