КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 13-апрели № 35
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик
каттоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо
киргизүү тууралуу
1-берене.
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
11-беренеде:
1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацта "4- жана 4-1-бөлүктөрүндө" деген сөздөр "4 4-2-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "каттоочу орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүктүн экинчи абзацында "4- жана 4-1-бөлүгүндө" деген сөздөр "4 - 4-2-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-2-бөлүк менен толукталсын:
"4-2. Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мамлекеттик каттоодо арыз берүүчү каттоочу органга төмөнкү документтерди берет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген форма боюнча каттоо арызын;
- анын негизинде мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түзүлгөн укуктук актыны;
- эки нускада мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө жобону (уставды);
- жетекчисин дайындоо же шайлоо жөнүндө укуктук актыны.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
|
А.Атамбаев |