Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 17-майы № 54

 

Кыргыз Республикасынын
Үйбүлө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-статья. Үй-бүлө мыйзамдарынын негизги милдеттери

 

1. Үй-бүлө - коомдун негизи.

Үй-бүлө, аталык, энелик, балалык - бүткүл коомдун камкордугунун жана айрыкча мыйзамдык коргоонун жүйөсү.

Мамлекет жарандарды үй-бүлөлүк турмушка, жубайлыкка, аталыкка жана энеликке даярдоону камсыз кылат.

Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат.

Үй-бүлө мыйзамдары үй-бүлөнү чыңдоо, үй-бүлө мамилелерин өз ара сыйлашуу, өз ара жардамдашуу сезимдеринде куруу жана үй-бүлөнүн алдындагы анын бардык мүчөлөрүнүн жооптуулугунун, кимдир-бирөөнүн үй-бүлөнүн ишине оюна келгендей кийлигишүүсүнө жол бербөөнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз укуктарын тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруусун камсыз кылуунун, бул укуктарда сот аркылуу коргоо мүмкүнчүлүгүнүн үй-бүлө мамилелериндеги гендердик теңдиктин зарылдыгынан улам келип чыгат.

2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталган нике таанылат.

Нике жана үй-бүлө маселелерине тиешелүү диний ырым-жырымдар укуктук мааниге ээ эмес.

3. Үй-бүлө мамилелерин жөнгө салуу ыктыярдуу негизде жана никелешкен адамдардын өз ара макулдугунун, жубайлардын үй-бүлөдөгү укуктарынын теңдигине, үй-бүлөнүн ички маселелерин өз ара макулдашып чечишине, баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылууга, балдарды үй-бүлөдө тарбиялоого артыкчылык берүүгө, алардын бейпилдигине жана өсүп-жетилишине камкордук кылууга, үй-бүлөнүн жашы жетпеген жана эмгекке жарамсыз мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Никеге турганда жана үй-бүлө мамилелеринде социалдык, расалык, этностук, тилдик белгилери же дин тутуусу, ден соолугун чектөөлөрү боюнча жарандардын укуктарын чектөөнүн кандай гана түрүнө болбосун тыюу салынат.

Үй-бүлөдөгү жарандардын укуктарына мыйзамдын негизинде гана жана калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн жана башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында зарыл болгон деңгээлде гана чектөө коюлушу мүмкүн.".

2. 2-статьяда:

жетинчи абзацта ", ушул никеде турган кезде төрөлгөн балдарынын" деген сөздөр алып салынсын;

он экинчи абзац "жаралышы" деген сөздөн кийин ", өзгөрүшү" деген сөз менен толукталсын;

он төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

он сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"үй-бүлөнүн эмгекке жарамсыз мүчөлөрү - он алты жашка чейинки балдар (анын ичинде, асырап алынган уулдар же асырап алынган кыздар), же болбосо пенсиялык мыйзамдарга ылайык пенсиялык куракка жеткен же медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) тарабынан эмгекке жарамсыз деп табылган ата-эне (анын ичинде, асырап алуучулар), жубайлар, ата-энеси бир же ата-энеси башка ага-инилер жана эже-сиңдилер (он алты жашка чейин);";

статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"балдар эмгегинин эң жаман формасы - кулчулуктун бардык формалары, ошондой эле мажбурланган же милдеттендирилген эмгек, анын ичинде мүнөзү жана аткаруунун шарттары боюнча балдардын ден соолугуна же адеп-ахлагына зыян келтириши мүмкүн болгон жумуштар.".

3. 3-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген Кыргыз Республикасында аялдардын жана эркектердин укуктарынын теңдигине, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ылайык, аялдар жана эркектер үй-бүлө мамилелеринде жеке жана бирдей мүлктүк укуктарга жана милдеттерге ээ болушат.".

4. 7-статья "мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган," деген сөздөр менен толукталсын.

5. 11-статьяда:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Никеге туруу жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында, ал эми мыйзамда каралган учурларда, - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттин аймагында жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жүргүзүлөт.";

2-пунктта "жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында" деген сөздөр алып салынсын.

6. 18-статьяда "бала" деген сөз "ортодогу баласы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 39-статьянын 7-пункту "карата" деген сөздөн кийин "никени токтотуу катталган учурдан тартып" деген сөздөр менен толукталсын.

8. 42-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

9. 43-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"43-статья. Нике келишими

 

Жубайлардын никеге тургандагы жана (же) аны бузган учурдагы мүлктүк укуктарын жана милдеттерин аныктоочу жубайлардын же никеге туруп жаткан адамдардын макулдашуусу нике келишими катары таанылат.".

10. 44-статьянын 2-пунктунда "баш тартууга укуктуу" деген сөздөр "баш тартат" деген сөздөргө алмаштырылсын.

11. 52-статьяда:

"Никеге турбаган ата-эненин" деген сөздөр "1. Никеге турбаган ата-эненин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:

"2. Никеге турбаган жана жасалма уруктандырууга макулдук берген аял, ошондой эле карын эне көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдаланууда колдонулган жыныс клеткаларынын донору болуп эсептелген эркекке карата аталыгын белгилөө жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуксуз.".

12. 54-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Никеде турган жана жасалма жол менен уруктандыруу же эмбрион салуу усулун (анын ичинде башка аялга) колдонууга жазуу жүзүндө макулдук берген адамдар ушул усулду колдонуунун натыйжасында бала төрөлгөн учурда, жарандык абалдын актыларын жазуу китебине анын ата-энеси деп жазылат.".

13. 56 жана 57-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.

14. 69-статьянын 2-пунктунда "коргоо үчүн өкүл дайындоого" деген сөздөр "коргоону жүзөгө ашырууга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

15. 74-статьяда:

жетинчи абзац "жубайынын" деген сөздөн кийин "же баланын ата-энесинин" деген сөздөр менен толукталсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"бала эмгегинин эң жаман формаларына балдарды тартса.".

16. 78-статьяда:

1-пунктта "ата-энелик укуктарынан ажыратпай туруп (ата-энелик укуктарына чек коюу) ата-энеден (экөөнүн биринен) баланы алып коюу" деген сөздөр "ата-энелик укуктарын чектөө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Сот ата-энелик укуктарды чектөө жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде соттун ушундай чечиминин көчүрмөсүн баланын туулганын мамлекеттик каттоодон өткөргөн жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органына, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмгө жиберет.".

17. 86-статьянын 4-пунктунда "балдарга каралашуу жоопкерчилигинен" деген сөздөр "балдарды багуу боюнча милдеттерден" деген сөздөргө алмаштырылсын.

18. 90-статьянын мамлекеттик тилдеги текстинде "жашы жетпеген" деген сөздөр "эрезеге жеткен" деген сөздөргө алмаштырылсын.

19. 94-статьянын 2-пунктунда:

үчүнчү абзацта "жана ортодогу бала төрөлгөндөн кийин үч жылдын аралыгында" деген сөздөр алып салынсын;

пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"ортодогу бала төрөлгөн күндөн тартып үч жыл бою аны багууну жүзөгө ашырган жубайы;".

20. 95-статьянын 1-пунктунда:

экинчи абзацта "жана ортодогу бала төрөлгөндөн кийин үч жылдын аралыгында" деген сөздөр алып салынсын;

пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"ортодогу бала төрөлгөн күндөн тартып үч жыл бою аны багууну жүзөгө ашырган мурдагы жубайы;".

21. 126-статьянын 2-пункту ", Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси" деген сөздөр "жана башка ченемдик укуктук актылар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

22. 127-статьянын 3 жана 4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм баланы коргоо зарылдыгы тууралуу маалымат алгандан же факт табылган учурдан тартып отуз күндүн ичинде баланын укугунун ишке ашырылышына ар тараптуу баа берүүнү, анын үй-бүлөсүн баалоону жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде белгиленген талаптарга ылайык балдарды жайгаштыруунун формасын камтыган Балага камкордук көрүү иш-чараларынын планын түзөт.

4. Балдардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын жүргүзүү аркылуу ата-эненин камкордугусуз калган балдардын эсебин жүргүзөт.".

23. 130-статьяда:

1-пункттун экинчи абзацында "жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, шаардын мэриясынын" деген сөздөр "соттун" деген сөзгө алмаштырылсын;

2-пункттун биринчи абзацында "жергиликтүү мамлекеттик администрация же шаардын мэриясы" деген сөздөр "жарандык сот өндүрүшү тартибинде сот" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-пункттун биринчи абзацында "жергиликтүү мамлекеттик администрация, шаардын мэриясы" деген сөздөр "сот" деген сөзгө алмаштырылсын;

3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Сот уул (кыз) асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен бул чечимдин көчүрмөсүн баланын туулгандыгы мамлекеттик каттоодон өткөн жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына жиберет.".

24. 135-статьяда:

1-пунктун экинчи абзацында "нотариалдык жактан ырасталган же ата-энесинин көзөмөлчүлүгүнөн ажыраган бала турган мекеменин жетекчиси болбосо бала асырап алууну ишке ашырып жаткан жердеги же ата-энеси жашаган жердеги үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм тарабынан ырасталган" деген сөздөр "бала асырап алууну жүргүзгөн жер же ата-энеси жашаган жер боюнча нотариалдык күбөлөндүрүлгөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-пунктта "жергиликтүү мамлекеттик администрация, шаардын мэриясы" деген сөздөр "соттун" деген сөзгө алмаштырылсын.

25. 153-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"153-статья. Балдардын камкорчулары (көзөмөлчүлөрү)

 

1. Жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү адамдар балдардын камкорчулары (көзөмөлчүлөрү) болуп дайындалат. Төмөнкүлөр камкорчулар (көзөмөлчүлөр) болуп дайындала алышпайт:

1) ата-энелик укуктарынан ажыратылган же ата-энелик укуктары чектелген адамдар;

2) камкорчунун (көзөмөлчүнүн) милдеттеринен четтетилген адамдар;

3) эгерде алардын күнөөсү боюнча уул асырап алуу (кыз асырап алуу) сот тарабынан жокко чыгарылса, мурдагы бала асырап алуучулар;

4) баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди ден соолугунун абалы боюнча жүзөгө ашыра албаган адамдар (ушул Кодекстин 133-статьясынын 1-пункту);

5) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракетке чектелген жөндөмдүү деп табылган адамдар;

6) туруктуу жашаган жери жок, ошондой эле белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп берген турак жайы жок адамдар;

7) бала асырап алуу учурунда жарандын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирген атайылап жасаган кылмышы үчүн соттолгондугу жоюлбаган (алып салынбаган) адамдар;

8) кумар оюндарына патологиялык берилүүнүн кесепетинен өз үй-бүлөсүн материалдык оор абалга кириптер кылган, сот тарабынан аракетке жөндөмдүүлүгүнө чектөө коюлган адамдар;

9) өнөкөт аракечтик же баңгилик менен ооруган адамдар.

2. Балага камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоодо камкорчунун (көзөмөлчүнүн) адеп-ахлактык жана башка жеке сапаттары, камкорчунун (көзөмөлчүнүн) милдеттерин аткарууга анын жөндөмдүүлүгү, камкорчу (көзөмөлчү) менен баланын ортосундагы мамилелери, камкорчунун (көзөмөлчүнүн) үй-бүлө мүчөлөрүнүн балага жасаган мамилеси, ошондой эле бул мүмкүнчүлүккө жараша баланын өзүнүн каалоосу эске алынат.".

26. 156-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацы "башка социалдык төлөөлөргө" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле алардын мүлкүн ижарага берүүдөн алынган, баланын атайын эсебине которулган кирешелерге каражаттар алар жашы жеткенде аларга берилет" деген сөздөр менен толукталсын.

27. 160-статьянын 1-пунктунда:

үчүнчү абзацта "сот ата-энелик укуктарынан ажыраткан" деген сөздөр "ата-энелик укуктан ажыраган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

алтынчы абзацта "(ушул Кодекстин 133-статьясынын 1-пункту)" деген сөздөр алып салынсын;

пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"уул (кыз) асырап алуу учурунда жарандын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирген атайылап жасаган кылмышы үчүн соттолгондугу жоюлбаган (алып салынбаган) адамдар.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- алты айлык мөөнөттөн кечиктирбестен ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- зарыл болсо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзам актыларын ушул Мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын
                       Президенти

 

А.Атамбаев