Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 18-майы №57

Фонограммалар жөнүндө

 

1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары жана колдонуу чөйрөсү

 

Керектөөчүлөрдүн (көрүүчүлөрдүн, угуучулардын) укуктарын коргоо жана музыкалык искусствону өнүктүрүү ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында уюштурулуучу жана өткөрүлүүчү маданий-массалык иш-чараларга жайылтылат.

 

2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган түшүнүктөр

 

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:

фонограмма - кинематография же башка аудиокөрүү чыгармаларына кошулган жазып алуу таризиндеги үндөрдөн тышкары, аткаруу үнүн же башка үндөрдү же болбосо үндөрдү чагылтууну жазып алуу;

үн фонограммасы - музыкалык чыгарманы аткаруучунун үнүнүн добуштук жазылмасы;

минустук фонограмма - музыкалык чыгарманы аткаруучунун үнүн камтыбаган музыкалык чыгарманын добуштук жазылмасы;

плюстук фонограмма - музыкалык чыгарманы аткаруучунун үнүн камтыган музыкалык чыгарманын добуштук жазылмасы;

жарым-жартылай фонограмма - иш-чараларды өткөрүүдө музыкалык чыгарманы аткарууда кошумча музыка же үн менен коштолууну талап кылган добуштук жазылма;

ыйгарым укуктуу органдар - маданият жана искусство, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу органдар.

 

3-берене. Фонограммаларды пайдалануу

 

Жалпы улуттук маанидеги иш-чараларды, ошондой эле телекөрсөтүү каналдары боюнча түз эфирде тартып алууларды жана көрсөтүүлөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен уюштурулган маданий-массалык иш-чараларда музыкалык чыгармаларды аткаруучулар тарабынан кызмат көрсөтүүдө үн, плюстук жана жарым-жартылай фонограммаларды колдонууга жол берилбейт.

 

4-берене. Маданий-массалык иш-чараларга катышуу укугун берүү

боюнча керектөөчүлөргө кызмат көрсөткөн жактардын

милдеттери

 

1. Музыкалык чыгармаларды аткаруу менен коштолгон, уюштурулуучу жана өткөрүлүүчү маданий-массалык иш-чараларга катышуу укугун берүү боюнча керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүчү жактар ушул Мыйзамдын 3-беренесинин талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар жөнүндө маалыматтар билетте же маданий-массалык иш-чараларга катышууга укук берген башка нерседе көрсөтүлүшү керек.

3. Фонограммалардын түрлөрүн билеттерде, афишаларда, жарнактарда жана башка нерселерде көрсөтпөстөн, маданий-массалык иш-чараларда музыкалык чыгармаларды аткаруучулардын кызмат көрсөтүүсүнө жол берилбейт. Мында маалыматтын көлөмү 20%дан кем эмесин түзүүгө тийиш.

 

5-берене. Ушул Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө

 

Ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды колдонуу жолу менен, ыйгарым укуктуу органдар (анын жергиликтүү органдары) жүзөгө ашырат.

 

6-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

 

7-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын
      Президенти

 

А.Атамбаев