Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 23-майы № 63

 

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-статьянын 3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын түзүмүн жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына жетекчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындоочу жана кызмат ордунан бошотуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине баш ийет жана өзүнүн иши үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жеке жоопкерчилик тартат.".

2. 7-статьянын 1 жана 3-бөлүктөрүндө "Президенти" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 7-2-статьяда:

1-бөлүктө:

4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) ички иштер органдарынын окуу жайларында окутуучулук кызматта болгондор:

- 65 жашка чейин кызматта болууга укуктуу.

Аларды ички иштер органдарынан кызматтан бошотуу жалпы негизде ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарына ылайык жүргүзүлөт;";

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5) катардагы жана жетекчи курамдагы атайын наамы бар аялдар:

- 45 жаштан запаска бошонууга укуктуу.";

4-бөлүктө "Президенти" деген сөз "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.

4. 8-статьянын 12-пунктунда:

"Улуттук гвардиянын," деген сөздөр алып салынсын;

"Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр "улуттук коопсуздук органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 9-статьянын 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) эгерде аларды токтоосуз бөлөк кармоо зарыл болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кармоого жана он сегиз жашка толбогон жана укуктук тартипти бузган жашы жете элек адамдарды адаптациялоо жана реабилитациялоо борборлорунда кармоого, ошондой эле атайын окутуу-тарбиялоо мекемелерине жиберүүгө;".

6. 21-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"21-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин иш убактысы

жана эмгек акысы

 

Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн иш убактысынын жалпы узактыгы жумасына 40 сааттан ашык эмес белгиленет.

Зарыл болгондо кызматтык милдетти аткарууга кызматкерлер белгиленген убакыттан сырткары, ошондой эле түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрү да тартылышы мүмкүн.

Түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрдө иштегени үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген иш убакыттан ашык иштегени үчүн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте компенсация берилет.

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".

7. 25-статьянын 5-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлиги" деген сөздөр "Коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын
                       Президенти

 

А.Атамбаев