Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 9-июну № 80

 

"Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 441-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

6-статьянын 5-бөлүгүндө ар кандай жөндөмө формаларындагы "кайра бөлүштүрүү фондунун" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Мамлекеттик фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев