КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 15-июну № 82
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти
жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2011-жылдын 2-декабры, № 102) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 22-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Төраганын орун басарлары регламенттин маселелери караштуулугунда турган комитеттин курамына киришет.
Төраганын орун басарлары Жогорку Кеңештин убактылуу комиссияларында болууга укуксуз.".
2. 27-статьянын 4-бөлүгүндө "3" деген сан "4" деген санга алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
|
А.Атамбаев |