КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 2-июлу № 94
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги текстинде 2-статьянын төртүнчү абзацында жана 8-статьянын 4 жана 15-пункттарында "уголовный" деген сөз "кылмыш-жаза" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги текстинде 9-статьянын 11 жана 19-пункттарында "уголовный иштер" деген сөздөр "жазык иштер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |