Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 6-июлу № 99

 

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 49-берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга;

2) райондордун жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын топторуна;".

2. 56-берененин аталышында "жана шаардык" деген сөздөр алып салынсын.

3. 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 56-1-берене менен толукталсын:

"56-1-берене. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоонун

натыйжаларын аныктоо

 

1. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык (төмөн турган) шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен тиешелүү бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелеринин ар бири үчүн берилген шайлоочулардын добуштарын эсептеп чыгууну жүргүзөт.

2. Шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө ушул бөлүктүн экинчи-бешинчи абзацтарында каралган талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар киргизилет.

Талапкерлеринин тизмеси үчүн добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызы берилген саясий партиялар депутаттык мандаттарды алышат, алардын саны ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган тартипте аныкталат.

Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын бири да добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын албаган учурда, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добушун алган биринчи үч саясий партиянын ортосунда жүзөгө ашырылат.

Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ичинен бир гана саясий партия добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын алган учурда, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган, бирок добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добуштарын алган кийинки эки саясий партия да депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилет. Мында добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 же андан көп пайызын ала албаган бир нече саясий партиялар тарабынан шайлоочулардын бирдей сандагы добуштары алынса, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө эки саясий партияны киргизүү жөнүндө маселе добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын бирдей добуштарын алган саясий партиялардын ортосунда чүчү кулак өткөрүү жолу менен чечилет.

Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ичинен эки саясий партия добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын алган учурда, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган, бирок добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добуштарын алган кийинки бир саясий партия да депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилет. Мында добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 же андан көп пайызын ала албаган бир нече саясий партиялар тарабынан шайлоочулардын бирдей сандагы добуштары алынса, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө бир саясий партияны киргизүү жөнүндө маселе добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын бирдей добуштарын алган саясий партиялардын ортосунда чүчү кулак өткөрүү жолу менен чечилет.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын алган саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелери үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча берилген, же болбосо ушул берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү - бешинчи абзацтарында каралган учурларда шайлоочулардын добуштарынын суммасын эсептеп чыгат. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын алынган суммасы бирдиктүү шайлоо округу боюнча бөлүштүрүлүүчү депутаттык мандаттардын санына бөлүнөт. Алынган натыйжа биринчи жеке шайлоо укугу (бир мандатты алуу үчүн квота) болот.

Андан кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышкан талапкерлердин ар бир тизмеси алган добуштардын саны биринчи жеке шайлоого бөлүнөт. Санды бөлүүнүн натыйжасында алынган бүтүн бөлүк тиешелүү талапкерлердин тизмеси алган депутаттык мандаттардын саны болот.

Эгерде ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык жүргүзүлгөн аракеттерден кийин бөлүштүрүлбөгөн мандаттар калса, аларды экинчи жолу бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Бөлүштүрүлбөгөн мандаттар ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган сандын эн көп бөлчөк бөлүгүн (калдыгын) алган талапкерлердин тизмелерине бирден берилет. Бөлчөк бөлүктөр тең болгондо шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган талапкерлердин тизмесине артыкчылык берилет. Шайлоочулардын добуштарынын саны тең болгондо, артыкчылык мурда катталган талапкерлердин тизмесине берилет.

4. Талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тизмени тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясында каттоодо белгиленген, бул тизмедеги талапкерлердин жайгашуусунун тартибине ылайык жүргүзүлөт.

5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын мыйзамдарга ылайык белгиленген протоколдун саптарына ылайык бөлүштүрүлүшү жөнүндө протокол түзөт.

Протоколго кошумча төмөнкүлөр киргизилет:

- депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилген саясий партиялардын аталыштары;

- талапкерлердин ар бир тизмесинен шайланган депутаттардын фамилиясы, аты, атасынын аты.

6. Шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо ушул Мыйзамдын 40-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.".

 

2-берене.

 

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссия өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев