Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 25-июлу № 125

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

145-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"145-берене. Салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын

жоопкерчилиги

 

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууга күнөөлүү салык кызматы органынын кызмат адамы ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

2. Укукка каршы аракеттерди жана/же аракетсиздикти жасаган салык кызматы органынын кызмат адамы, анын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенден кийин 3 жыл бою салык кызмат органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.

3. Салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын салык төлөөчүнүн укугун бузган укукка сыйбаган аракеттеринин жана/же аракетсиздигинин натыйжасында, ошондой эле ошол кызмат адамдарынын салык төлөөчүгө карата ушул Кодексте каралган милдеттерди талаптагыдай жүзөгө ашырбоосунун кесепетинен салык төлөөчүгө келтирилген зыяндар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулууга жатат.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев