Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 9-августу № 158

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

 

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 153-берененин 30-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"30) "Экономикалык (баланстык) запастар" - Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансында иштетүү үчүн экономикалык жактан максатка ылайыктуу катары эсепке алынган пайдалуу кендердин запастары.".

2. 197-берененин 3-бөлүгүндө "5" деген сан "15" деген сан менен алмаштырылсын.

3. 213-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"213-берене. Пайда салыгынын ставкасы

 

1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, пайда салыгынын ставкасы 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

2. Алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иш жүргүзүүчү салык төлөөчүнүн пайда салыгынын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет.".

4. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 221-1-берене менен толукталсын:

"221-1-берене. Тоо кендерин казып алуучу жана/же тоо кендерин

кайра иштетүүчү ишканаларга салык салуунун

өзгөчөлүктөрү

 

1. Алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү киреше салыгын төлөйт.

2. Алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иштер кирешеге салыгын салуу объектиси болуп саналат.

3. Киреше салыгынын салык базасы төмөнкүлөр болуп саналат:

1) алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды сатып өткөрүүдөн алынган КПС жана сатуудан алынган салык эсепке алынбаганда түшкөн акча;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте дүйнөлүк баага карата эсептелген алтын камтыган казылмадагы, алтын камтыган концентраттагы алтындын наркы.

4. Киреше салыгынын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

┌──────┬────┬────┬────┬────┬────┬────┬────┬────┬────┬────┬────┬────┬────┬────┐

│Бир   │1201│1301│1401│1501│1601│1701│1801│1901│2001│2101│2201│2301│2401│2501│

│троя- │ден │ден │ден │ден │ден │ден │ден │ден │ден │ден │ден │ден │ден │ден │

│лык   │1300│1400│1500│1600│1700│1800│1900│2000│2100│2200│2300│2400│2500│жана│

│унция │гө  │гө  │гө  │гө  │гө  │гө  │гө  │гө  │гө  │гө  │гө  │гө  │гө  │ан- │

│алтын-│че- │че- │че- │че- │че- │че- │че- │че- │че- │че- │че- │че- │че- │дан │

│дын   │йин │йин │йин │йин │йин │йин │йин │йин │йин │йин │йин │йин │йин │жо- │

│АКШ   │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │гору│

│долла-│    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │

│рында │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │

│баасы │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │

├──────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┼────┤

│Киреше│ 1  │  3 │  5 │  7 │  9 │ 11 │ 13 │ 14 │ 15 │ 16 │ 17 │ 18 │ 19 │ 20 │

│салы- │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │

│гынын │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │

│став- │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │

│касы  │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │

│% да  │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │    │

└──────┴────┴────┴────┴────┴────┴────┴────┴────┴────┴────┴────┴────┴────┴────┘

5. Календардык ай киреше салыгынын салык мезгили болуп саналат.

6. Киреше салыгын эсептөө ушул Кодекстин 37-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.

7. Ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган Салык төлөөчү салык отчетун берүүнү жана киреше салыгын төлөөнү отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин эсептик катталган жери боюнча жүргүзүүгө милдеттүү. Эсептик каттоосу жок болгон учурда киреше салыгы салыктык каттоо болгон жери боюнча төлөнөт.".

5. 299-304-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"299-берене. Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктардын түрлөрү

 

Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктар төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) бонустар - пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бир жолку төлөмдөр;

2) роялти - пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана/же жер астындагы сууларды алуу (жер түпкүрүнөн чыгаруу) максатында жер казынасын пайдалануу үчүн күнүмдүк төлөмдөр.

 

300-берене. Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктарды төлөөдөн

бошотуу

 

Жер казынасын пайдаланганы үчүн салыктарды төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:

1) жеке ишкердикти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган, ага таандык же анын пайдалануусунда турган жер участогунан кум, топурак, кум-шагыл аралашмасын казып алууну жана жер астындагы сууларды алууну жүргүзгөн жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу;

2) өзгөчө экологиялык, жаратылышты коргоочулук, илимий жана тарыхый-маданий мааниге ээ, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү үчүн жер казынасынын участогун алган субъект;

3) тоо кен, байытуу, кокс-химиялык жана металлургиялык өндүрүш калдыктарын кайра иштетүүчү субъект;

4) республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү жер казынасын иликтөө боюнча геологиялык, геофизикалык жана башка иштерди, илимий-изилдөө иштерин, анын ичинде жер титирөөлөрдү болжолдоону, инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жана геоэкологиялык иликтөөлөрдү, ошондой эле жер казынасынын бүтүндүгүн бузбастан жүргүзүлүүчү башка иштерди аткаруучу субъект.

 

301-берене. Бонус салыгын төлөөчү

 

1. Жер казынасын пайдалануу укугуна ээ ата мекендик уюм, туруктуу мекеме аркылуу Кыргыз Республикасында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюм, ошондой эле жеке ишкер бонус салыгын төлөөчү болуп саналат.

2. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, катышуучулар алмашкан учурда 10 жана андан көп пайыз суммасында менчик үлүшү өзгөргөндө ошол менчик үлүшүнүн пропорционалдуу өзгөрүшүнө жараша эсептелген өлчөмдө бонус төлөнөт.

Ушул бөлүк фонддук биржада листингден өткөн компаниянын менчик укугунун үлүшүнүн өзгөрүүсүнө карата колдонулбайт.

 

302-берене. Салык салуу объектиси

 

Төмөнкү максаттарда жер казынасын пайдалануу укугу бонус салыгын салуу объекттери болуп саналат;

1) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү;

2) запастары бааланган пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо;

3) запастары алдын ала бааланган жана ресурстары болжолдонгон аянттардан пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө;

4) жер астындагы сууларды алуу (жер түпкүрүнөн чыгаруу);

5) гидрогеологиялык скважиналарды бургулоо.

 

303-берене. Салыктык база

 

Кыргыз Республикасынын кен чыккан жерлери жана пайдалуу кен байлык көрүнүштөрү, мамлекеттик кадастр тарабынан эсепке алынган геологиялык запастардын жана болжолдуу ресурстардын саны, жана гидрогеологиялык скважиналарды бургулоонун тереңдиги бонусту эсептөө үчүн салыктык база болуп саналат.

 

304-берене. Бонустун ставкалары

 

1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе бонустун ставкалары пайдалуу кендердин бардык түрлөрү боюнча классификациялык таблица боюнча кендердин жана/же пайдалуу кен байлык көрүнүштөрүнүн изилденүү деңгээлине, баалуулугуна жана масштабдуулугуна, ошондой эле пайдалуу кендерди издөө үчүн аянттын өлчөмүнө жана гидрогеологиялык скважиналарды бургулоонун тереңдигине жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Конкурска коюлган пайдалуу кен чыккан жерлер боюнча бонус ставкалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир кен чыккан жерге өзүнчө аныкталат.".

6. 306-308-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"306-берене. Салыктык отчетту берүүнүн жана төлөөнүн мөөнөттөрү

 

Бонус салыгын төлөөчү салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылган тийиштүү эсептөөлөрдү берет жана эсептик катталган жери боюнча өзү жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн 30 күн кечиктирбестен бонусту төлөйт.

 

307-берене. Роялти салыгын төлөөчү

 

1. Төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруучу ата мекендик уюм, туруктуу мекеме аркылуу Кыргыз Республикасында ишти жүзөгө ашырган чет өлкөлүк уюм, жеке ишкер роялти салыгын төлөөчү болуп саналат:

1) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүнү;

2) жер астындагы сууларды алууну (жер түшкүрүнөн чыгарууну);

3) көмүртек чыккан жерлерди издөөдө жана чалгындоодо тажрыйбалык сыноолор процессинде мунайзатты жана газды кошумча түрдө алууну;

4) тажрыйбалык-өнөр жайлык сыноо жана/же өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу же жоюу максатында пайдалуу кендерди бир жол" казып алууну.

 

308-берене. Салык салуу объектиси

 

Жер казынасынан пайдалуу кендерди алуу максатында жер казынасын пайдалануу укугу роялти салыгын салуу объектиси болуп саналат.".

7. 310-беренеде:

1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Роялтинин ставкасы алынуучу суунун көлөмүнө жараша төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

┌───────────────────────────────────────────┬──────────┬──────────────┐

│              Пайдалуу кендер              │ Өлчөө    │    Ставка    │

│                                           │ бирдиги  │  (пайыз же   │

│                                           │ (салык   │  сом менен)  │

│                                           │ базасы)  │              │

├───────────────────────────────────────────┼──────────┼──────────────┤

│Ичүүчү суу катары куюштуруу үчүн минералдык│куб.м     │200 сом       │

│жана тузсуз суулар                         │          │              │

├───────────────────────────────────────────┼──────────┼──────────────┤

│Дартты дарылоо үчүн минералдык жана        │куб.м     │0,05 сом      │

│термалдык суулар                           │          │              │

├───────────────────────────────────────────┼──────────┼──────────────┤

│Жылытуу үчүн термалдык суулар              │куб.м     │0,12 сом      │

├───────────────────────────────────────────┼──────────┼──────────────┤

│Ичүүчү тузсуз суулар                       │куб.м     │0,15 сом      │

├───────────────────────────────────────────┼──────────┼──────────────┤

│Техникалык тузсуз суулар                   │куб.м     │0,10 сом      │

├───────────────────────────────────────────┼──────────┼──────────────┤

│Айыл чарба өндүрүшү үчүн суулар            │куб.м     │0,01 сом      │

└───────────────────────────────────────────┴──────────┴──────────────┘

3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;

"3. Сатылган пайдалуу кендердин же аларды кайра иштетүү продуктуларынын ушул берененин 1 жана 2-бөлүгүндө каралбаган, роялти ставкалары ушул кодекстин 309-беренесинин 1-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык эсептелген салык базасынын 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет.".

8. 313-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"313-берене. Салыктык отчет берүүнүн жана роялти төлөөнүн

мөөнөттөрү

 

1. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, роялти салыгын төлөөчү салык отчетун берүүгө жана роялти төлөөнү эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейинки мөөнөттө жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Ишкердикти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган, ага таандык же анын пайдалануусунда турган жер участогунан кум, топурак, кум-шагыл аралашмасын казып алууну жүргүзгөн жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу салык отчет бербейт.".

9. 334-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Жер участогуна укукту ырастоочу документ жок болгон учурда республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү жер казынасын иликтөө боюнча геологиялык, геофизикалык жана башка иштерди, илимий-изилдөө жумуштарын анын ичинде жер титирөөлөрдү болжолдоону, инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жана геоэкологиялык иликтөөлөрдү, ошондой эле жер казынасынын бүтүндүгүн бузбастан жүргүзгөн башка жумуштарды аткаруунун жүрүшүндө, жер казынасын геологиялык изилдөөнүн жүрүшүндөгү ээлик кылууну жана/же пайдаланууну, ошондой эле участокко ээлик кылууну жана/же пайдаланууну кошпогондо ушундай участокко иш жүзүндө ээлик кылуу жана/же пайдалануу жер пайдалануучу жер салыгын төлөөчү деп таануу үчүн негиз болуп саналат.".

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

А.Атамбаев