КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КР
2018-жылдын 19-майындагы N 49 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН
ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 9-августу № 160
Жер казынасы жөнүндө
(КР 2014-жылдын
24-майындагы № 77, 2017-жылдын
28-февралындагы № 36, 2017-жылдын
19-апрелиндеги № 62
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава
Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуунун чөйрөсү
1. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары - ушул Мыйзам) мамлекеттин жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле башка мамлекеттер менен жер казынасын пайдалануудан келип чыккан мамилелерин жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна негизделет жана ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан турат.
3. Ушул Мыйзам жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик укуктук жөнгө салуунун тартибин, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенцияларын, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана жоопкерчиликтерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктайт.
2-берене. Жер казынасын пайдаланууда башка мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды колдонуу
1. Жер казынасын пайдаланууда ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган жер, суу объекттерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо менен байланышкан жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган мамилелер Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2. Ушул Мыйзамга ылайык берилүүчү жер казынасын пайдалануу укугу лицензиялоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбайт.
3. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулардын жана концессиялык келишимдердин шарттарында жер казынасын пайдалануу мамилелеринин өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен белгиленет.
3-берене. Жер казынасына менчик укугу
Жер казынасы Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп саналат, Кыргызстандын элинин жашоосунун жана эмгегинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болот.
4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган терминдер
Бонус - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жер казынасын пайдалануу укугу үчүн төлөнүүчү салык.
Калыбына келүүчү пайдалуу кен чыккан жерлер - аларды иштетүүдө табигый жолдор менен калыбына келүүчү дарыя нугундагы кум-шагыл жаткан жерлер.
Иргеп иштетүү - жер казынасынын калган запастарындагы өнөр жайлык баалуулуктарды төмөндөтүү менен жер казынасынан кыйла байымдуу запастарды иргеп алуу аркылуу техникалык долбоордун бузулушу.
Жер укугунун ээлери - жер бөлүндүлөрүн берүү укугу ыйгарылган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары, жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жердин ээлери.
Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтар - жер казынасынын геологиялык түзүлүшү жана өнүгүү тарыхы, курамы, тоо породалары, жер алдындагы суулар, пайдалуу казып алынуучу кендер жана башка геологиялык түзүлүштөр жөнүндө, геофизикалык жана геохимиялык талаалар тууралуу, ошондой эле жер казынасын иликтөөнүн жана пайдалануунун жолдору жана натыйжалары жөнүндө, алынган минералдык чийки заттар тууралуу геологиялык отчеттордо, карталарда, сынамдарда, сыноо протоколдорунда жана башка материалдарда камтылган геологиялык, тоо-кен - техникалык, технологиялык, экономикалык маалыматтар (көрсөткүчтөр).
Геологиялык маалымат ресурстары - жер казынасы жөнүндө геологиялык жана башка маалыматтарды камтыган документтер, ошондой эле аларды пайдалануу менен түзүлгөн маалымат продукттары.
Геологиялык бөлүндү - жер казынасын геологиялык изилдөө үчүн берилүүчү жана графикалык документте анын бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу системасында аныкталган жер казынасынын участогу.
Жер казынасын геологиялык иликтөө - геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо, регионалдык геологиялык-тартып алуу, геологиялык, геофизикалык жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүү.
Геологиялык издөө иштери - регионалдык, жалпы жана дыкаттык издөөнү, ошондой эле пайдалуу казындылардын көрүнүштөрүн жана кендерин алардын божомолдонгон ресурстарын баалоо жана аларда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугун баалоо менен ачууга багытталган издөөчү-баалоочу иштерди камтыган геологиялык изилдөөлөр.
Геологиялык чалгындоо иштери - пайдалуу кендерди, анын ичинде жер астындагы сууларды жана жылуулук ресурстарын алдын ала жана дыкаттык менен чалгындоо стадияларын камтыган, пайдалуу кендердин санын жана сапатын, алардын технологиялык касиеттерин, геологиялык, тоо техникалык, гидрогеологиялык жана пайдалуу кендердин запастарын эсепке алуучу иштетүүнүн башка шарттарын аныктоо менен аларды изилдөө жана иштетүүгө даярдоо максатындагы геологиялык изилдөөлөр.
Тоо-кен мүлкү - жер казынасын пайдалануучу тарабынан түзөлгөн же сатып алынган жер, тоо кен же геологиялык бөлүндүлөрүнүн чегинде жер казынасын пайдаланууну камсыз кылуучу кыймылсыз мүлк.
Тоо-кен бөлүндүсү - тереңдиги тиешелүү пайдалуу кендердин тереңдиги менен аныкталып пайдалуу кендерди иштетүү үчүн берилген жана графикалык документте анын бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу үч ченем системасында аныкталган жер казынасынын участогу, ошондой эле пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышпаган объекттерди жайгаштыруу үчүн берилүүчү жер казынасынын участогу.
Пайдалуу кендердин тобу - белгилеринин жалпылыгы менен бириктирилген пайдалуу кендердин түрлөрү. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдалуу кендер төмөнкү топторго бөлүштүрүлгөн:
1-топ. Мунай жана күйүүчү газдар:
- мунай жана газ;
2-топ. Катуу күйүүчү кендер:
- көмүр жана күйүүчү сланецтер;
- чым көң;
3-топ. Рудалуу пайдалуу кендер:
- кара металлдар;
- түстүү металлдар;
- асыл металлдар;
- сейрек металлдар;
- сейрек жер элементтери;
- радиоактивдүү элементтер;
4-топ. Руда эмес пайдалуу кендер жана курулуш материалдары:
- карбонаттык чийки зат;
- кыш-черепица чийки заты;
- инерттүү материалдар;
- гипс;
- жеңил толтургучтарды өндүрүү үчүн чийки зат;
- беттелүүчү материалдар жана курулуш таштары;
5-топ. Жасалгалоо жана асыл таштары:
- түстүү таш чийки заты;
- асыл таштар;
6-топ. Тоо-кен химиялык чийки зат:
- агрохимиялык чийки зат;
- техникалык чийки зат;
7-топ. Жер астындагы тузсуз жана минералдуу суулар;
8-топ. Асыл металлдардын чачыранды кендери.
Пайдалуу кендерди казып алуу - пайдалуу кендерди жер казынасынан чыгарып алуу.
Баланстан тышкары запастар - эсепке алуу учурунда иштетүү үчүн экономикалык жактан максатка ылайыксыз катары Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин мамлекеттик балансында эсепке алынган пайдалуу кендердин запастары.
Жер казынасын пайдалануу үчүн берилүүчү жерлер - жер казынасын пайдалануучуга пайдалуу кендерди иштетүү жана инфратүзүм объекттерин куруу (жолдор, кампалар, уулу заттар көмүлгөн жайлар, ЛЭП, вахталык поселок жана башка) үчүн берилген жана графикалык документте анын бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу системасында аныкталган жер участоктору.
Пайдалуу кен чыккан жерлердин Мамлекеттик резервинин жер участогу - графикалык документте анын бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу системасында белгиленген Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансында эсепке алынган пайдалуу кен чыккан жерлер белгиленген жер бетинин участогу.
Казуу тармактарынын ачыктык демилгеси (мындан ары - КТАД) - компаниялардын төлөмдөрүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан алынуучу кирешелердин салыштыруу жүргүзүүнү караган өнөр жайдын казып алуучу тармактарынын ишинен кирешелердин ачыктыгын камсыз кылууга жана кеңири коомчулукка үзгүлтүксүз маалымдоого өбөлгө болуучу глобалдык эл аралык стандарт.
Консервация - токтотулган иштерин улантуу мүмкүнчүлүгүн сактоо менен геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо иштерин жана (же) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүнү жана (же) тоо кен жана башка мүлктү куруу жана эксплуатациялоо менен байланышкан иштерин убактылуу токтотуу.
Концессиялык келишим - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана (же) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен жер казынасын пайдалануучунун ортосундагы концессиялык келишимдин негизинде жер казынасын пайдалануу укугунун формасы, мында жер казынасын пайдалануучуга жер казынасын геологиялык изилдөөгө жана (же) пайдалуу кендерди иштетүүгө концессиялык келишимде аныкталган шарттарда өзгөчө укук берилет.
Тоо-кен мүлкүн жоюу - жер казынасын пайдалануу токтотулганда жүргүзүлүүчү жана мүлктү андан ары пайдалануунун мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу, ошондой эле калктын өмүрүн жана ден-соолугун, жер казынасын жана айлана чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу иш-чаралардын комплекси.
Лицензиат - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жеке же юридикалык жак.
Лицензиялык аянт - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берилген жана графикалык документте анын бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу системасында белгиленген, жер казынасынын участогуна туура келген жер бетинин участогу: лицензиялык аянттын чени квадраттык километр же гектар менен ченелет.
Лицензиялык төлөмдөр - ушул Мыйзамга жана "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн лицензиат тарабынан төлөнүүчү төлөм.
Лицензиялык объект - пайдалуу кен чыккан жерлерди, алардын көрүнүшүн, келечектүү геологиялык аянтты же пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышпаган объектти камтыган жана графикалык документте анын бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу системасында белгиленген жер казынасынын участогу.
Лицензиялык орган (лицензиар) - жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
Лицензиялык пакет - жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген лицензиялык объект жөнүндө геологиялык маалымат ресурстарынын тизмеси.
Лицензиялык макулдашуу - жер казынасынын объекттин пайдалануунун шарттары аныкталган лицензиар менен лицензиаттын ортосундагы келишим. Лицензиялык макулдашуу лицензиянын ажырагыс тиркемеси болуп саналат.
Жер казынасын пайдалануудагы объекттин лицензиялык номери - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте берилүүчү, Кыргыз Республикасынын аймагындагы лицензиялык объекттин уникалдуу номери, жана ошол лицензияланган объект катталган укуктун бирдиктүү объектиси катары турган учурда ал үчүн сакталат.
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия - ушул Мыйзамга ылайык лицензиялык орган тарабынан берилүүчү жер казынасынын участогун пайдалануу укугун күбөлөндүргөн документ.
Пайдалуу кен чыккан жерлер - бул аларды иштетүү өнөр жайлык максатка ылайыктуу болгон, бааланган пайдалуу кендерди камтыган жер казынасынын участогу.
Жер казынасынын бүтүндүгүн бузуу - тоо кен казмаларынан: коодон, траншеялардан, штольнялардан, шахта өзөктөрүнөн, тоннелдерден өтүү; көзөнөктү бургулоо, ошондой эле пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпаган максатта жер астындагы курулуштарды куруу менен жер казынасын пайдалануу.
Жер казынасы - жер кыртышынан төмөн, ал жок болгон учурда - жер үстүнөн жана көлмөлөрдүн жана агын суулардын түбүнөн геологиялык изилдөө жана өздөштүрүү үчүн, пайдалуу казындылардын чачылма көрүнүштөрүн кошкондо, мүмкүн болгон тереңдиктерге чейинки жер катмарынын бөлүгү.
Пайдалуу кендерди (көрүнүштөрүн) ачуу - пайдалуу кендердин топтолушунун табылыш фактысы. Пайдалуу кендер же алардын көрүнүшү Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин жана көрүнүштөрүнүн Мамлекеттик кадастрында катталган учурдан баштап ачылды деп эсептелинет: пайдалуу кендердин биринчи ачуучулары жөнүндөгү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Жер казынасын коргоо - Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында белгиленген жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча чаралардын комплекси.
Геологиялык маалыматтардын пакети - жер казынасынын дайындуу обьекти боюнча кагаз жана (же) электрондук алып жүрүүчүлөрдө жазып коюлган геологиялык, тоо техникалык, технологиялык жана башка маалыматтардын жыйындысы.
Геологиялык изилдөөлөрдүн алгачкы материалдары - көзөнөктү бургулоонун керни, мунайзаттын, суунун, газдын сынамыктары, таш материалдарынын үлгүлөрү, ар түрдүү максаттагы коллекциялар, сынамыктын дубликаттары, шлифтер жана башкалар менен көрсөтүлгөн табигый алып жүрүүчүлөрдөгү маалымат (зат маалыматы); талаадагы байкоо журналын жана документтерди, анын ичинде санариптик, сынамык журналдарын, сынак анализдеринин жыйынтыктарын, геофизикалык байкоо жазууларын жана башка ошондой материалдарды кошуп алганда, жасалма (кагаз, магнит жана башка) алып жүрүүчүлөрдөгү маалымат.
Келечектүү геологиялык аянт - геологиялык өзгөчөлүктөрү жана пайдалуу кендерди жана анын көрүнүштөрүн табууга белгилери боюнча келечектүү жер казынасынын участогу.
Пайдалуу кендер - химиялык жана физикалык касиеттери аларды табигый түрүндө же кайра иштетилгенден кийин материалдык өндүрүш жана колдонуу чөйрөсүндө пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген жер казынасындагы, анын ичинде көмүр суутектерин жана жер астындагы сууларды кошкондо, табигый минералдык түзүлүштөр.
Жер казынасынын пайдаланылышы (жер казынасын пайдалануу) - техногендик түзүлүштөрдөн пайдалуу кендерди чыгарып алуу боюнча иштерди кошкондо, жер казынасынын белгилүү бир участогун пайдалануу.
Жер казынасын пайдаланган (жер казынасын пайдалануучу) - жер казынасын пайдаланууга укуктуу жеке же юридикалык жак.
Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу - жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде лицензияны алып коюу (жокко чыгаруу).
Жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу - тоо-кен мүлкүн сакталган, бузулбаган абалда, адамдар жана айлана чөйрө үчүн коопсуз абалда кармап туруу боюнча иштерди кошпогондо, жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер казынасын пайдаланууну убактылуу токтотуу жөнүндөгү чечими.
Пайдалуу кендердин көрүнүштөрү - белгиленген тартипте кен деп эсептелбеген жер казынасындагы пайдалуу кендердин (жер астындагы сууларды кошкондо) табигый топтолуусу.
Пайдалуу кендерди иштетүү - жер казынасынан пайдалуу кендерди чыгарып алуу жана кайра иштетүү боюнча пайдалуу кен чыккан жерлердеги иштер.
Рекультивация - бузулган жерлердин түшүмдүүлүгүн жана эл чарбалык маанисин калыбына келтирүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси.
Роялти - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жер казынасын пайдалануу үчүн төлөнүүчү салык.
Сервитут - жер, тоо-кен жана (же) геологиялык бөлүндүлөргө жетүү укугу жана (же) аны чектөө.
Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу - макулдашуу, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер казынасын пайдалануучуга пайдалуу кендерди иштетүүгө белгиленген мөөнөткө өзгөчө укук берет, ал эми жер казынасын пайдалануучу аталган иштерди өзүнүн эсебинен жана өзү тобокелге салып жүргүзүүгө милдеттенет. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу жер казынасын пайдалануунун бардык шарттарын, чыгарылган продукцияны макулдашуунун тараптарынын ортосунда бөлүштүрүүнүн шарттарын жана тартибин, ошондой эле продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген башка шарттарды аныктайт.
Социалдык пакет - бул жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын обьекти жайгашкан аймактагы региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү жөнүндө жер казынасын пайдалануучу менен аткаруу органынын ортосундагы макулдашуу, ал жергиликтүү коомчулуктун социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде даярдалат.
Техникалык - экономикалык негиздеме (ТЭН) - пайдалуу кендерди иштетүүнүн экономикалык максаттуулугун негиздөө үчүн техникалык-экономикалык эсептөөлөр.
Техникалык долбоор - пайдалуу кендерди геологиялык изилдөө жана (же) өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн зарыл болгон, тоо-кен долбоорунун геологиялык, тоо-кен, технологиялык (байытуу жана (же) металлургиялык), каржы-экономикалык бөлүктөрүн жана бузулган жер бөлүктөрүн рекультивациялоону камтыган аналитикалык жана графикалык дыкат (жумушчу) документ.
Техногендик түзүлүштөр - пайдалуу кендерди иштетүүнүн калдыктары.
Жер казынасынын бөлүгү - жер казынасынын мейкиндик чектери бар геометрияланган бөлүгү.
Форс-мажор - жер казынасын пайдалануу укугунун шарттарын аткарууну татаалдаштыруучу, токтото алгыс күчтөр жараткан жагдай. Токтото алгыс күчтөр - жер титирөө, суу ташкыны же курчоо, согуш, иш таштоо жана алдын ала айтууга же болтурбай коюуга мүмкүн эмес, же алдын ала айтуу мүмкүн, бирок болтурбай коюуга мүмкүн эмес башка жагдайлар сыяктуу өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн эмес жагдайлардын пайда болушу. Көрсөтүлгөн жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоонун жана атайын далил каражатына муктаж эмес башка жагдайлардын бар экендиги менен аныкталат.
Экономикалык (баланстык) запастар - иштетүү үчүн экономикалык жактан максатка ылайыктуу Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын Мамлекеттик балансында эсепке алынган пайдалуу кендердин запастары.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава
Мамлекеттик органдардын ыйгарым
укуктары
5-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) жер казынасынын Мамлекеттик фондун тескейт жана башкарат;
2) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жана мыйзамдарды ишке ашырууну жана өркүндөтүүнү камсыз кылат;
3) минералдык чийки заттын стратегиялык түрлөрүнө болгон мамлекеттик муктаждыктарды канааттандырууга арналган жер казынасынын бөлүктөрүн жана кен чыккан жерлерди аныктайт;
4) улуттук коопсуздукту, калктын коопсуздугун жана айлана чөйрөнү коргоону камсыз кылуу максатында жер казынасын пайдаланууга чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилейт;
5) стратегиялык мааниге ээ болгон жер казынасынын бөлүктөрүнүн, кен чыккан жерлердин тизмесин бекитет;
6) конкурска коюлуучу жалпы мамлекеттик маанидеги объекттердин тизмесин бекитет;
7) пайдалуу кендердин запастары боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитет;
8) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө техникалык регламенттерди бекитет;
9) Кыргыз Республикасынын кендерин биринчи ачуучулар жөнүндө жобону бекитет;
10) жер казынасын пайдалануу укугун берүүгө конкурстарды өткөрүү боюнча Комиссиянын курамын жана ал жөнүндө жобону бекитет;
11) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
2. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүргүзөт.
6-берене. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары
Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизет;
2) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат;
3) жер казынасын пайдалануу жаатында салык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
4) жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кендерди казып алуу үчүн инвестицияларды тартуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирге инвестициялык саясатты иштеп чыгат;
5) өзүнүн компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча талаштарды сотсуз чечүүнү жүргүзөт;
6) конкурстук жана аукциондук комиссияларга катышат;
7) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу максатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жер казынасын пайдалануу боюнча маалымат алат;
8) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
7-берене. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары
Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
2) жер казынасын жана пайдалуу кендердин Мамлекеттик резервинин жер бөлүктөрүн пайдалануу укугун берүү системасын уюштурат;
3) жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн инвестицияларды тартат;
4) жер казынасын геологиялык изилдөөнү жөнгө салат;
5) Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын Мамлекеттик балансын жүргүзөт;
6) Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин жана анын көрүнүштөрүнүн Мамлекеттик кадастрын жүргүзөт;
7) Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусун башкаруу боюнча иштерди уюштурат;
8) Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиянын ишин уюштурат;
9) (КР 2017-жылдын 28-февралындагы № 36 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10) ушул Мыйзамда каралган учурларда жер казынасын пайдалануу укугуна мамлекеттик каттоону жүргүзөт;
11) жер казынасын пайдалануу жана пайдалуу кен чыккан жерлердин Мамлекеттик резервинин жерлерин пайдалануу укугун берет, токтото турат жана токтотот;
12) тоо-кен жана геологиялык долбоорлорго экспертиза жүргүзөт;
13) жер казынасын пайдалануу боюнча соттук талаштарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгат;
14) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө техникалык регламенттерди, эрежелерди иштеп чыгат;
15) жер казынасын геологиялык изилдөөдө жана өнөр жайлык өздөштүрүүдө жер казынасын пайдаланууга жана коргоого контроль жүргүзөт;
16) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР 2017-жылдын 28-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
81-берене. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануучулардын жер казынасын сарамжалдуу пайдалануусун жана коргоосун контролдоону жүзөгө ашырат.
(КР 2017-жылдын 28-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген учурларда, лицензияда аныкталган мөөнөттөргө жер бөлүндүсүн жана жер бөлүгүн убактылуу пайдалануу укугун беришет;
2) лицензиялык аянтка лицензиаттарды тоскоолдуксуз киргизүүнү камсыз кылат;
3) пайдалуу кендерди өз алдынча казып алууну токтотот;
4) жер казынасын геологиялык изилдөөдө же кендерди иштетүүдө пайдаланылган тоо-кен жана башка мүлктү жоюуну жана консервациялоону, ошондой эле жер бөлүктөрүн жана лицензиялык объекттерди рекультивациялоону контролдойт;
5) административдик-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан лицензиялык объекттерге конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү боюнча комиссиялардын ишине катышат;
6) жер казынасын пайдалануу долбоорлорунун коомдук экологиялык экспертизасын уюштурат;
7) жер казынасын пайдалануучулардын ишкердигине мыйзамсыз кийлигишүүсүн токтотуу максатында жергиликтүү калк арасында иш жүргүзөт;
8) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жекече чайкоочуларды каттайт жана жөнгө салат.
10-берене. Жер казынасынын мамлекеттик фонду
1. Кыргыз Республикасындагы бардык жер казынасы жер казынасынын мамлекеттик фондун түзөт.
2. Жер казынасынын мамлекеттик фонду өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте пайдаланууга берилген жер казынасынын участоктору (жер казынасынын бөлүнгөн фонду);
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте пайдаланууга берилбеген жер казынасынын участоктору (жер казынасынын бөлүнбөгөн фонду).
11-берене. Кыргыз Республикасынын пайдалуу кен чыккан жерлеринин жана көрүнүштөрүнүн мамлекеттик кадастры
1. Кыргыз Республикасынын пайдалуу кен чыккан жерлеринин жана көрүнүштөрүнүн мамлекеттик кадастры (мындан ары - Кадастр) пайдалуу кендерди жана көрүнүштөрдү Мамлекеттик эсепке алуу максатында жүргүзүлөт жана жер казынасынын Мамлекеттик фондун түзүүнүн негизи болуп саналат.
2. Кадастр ар бир кен чыккан жер жана көрүнүш боюнча негизги жана кошумча пайдалуу кендердин санын жана сапатын, тоо-кен-техникалык, гидрогеологиялык, экологиялык, геологиялык-экономикалык жана кендерди иштетүүнүн башка шарттары боюнча мүнөздөгөн маалыматтарды камтыйт.
3. Кадастр геологиялык маалымат ресурстарынын негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт жана жүргүзүлөт.
(КР 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансы
1. Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансы пайдалуу кендер боюнча саны, сапаты жана изилдөөнүн деңгээли, алардын орун алышы жана өнөр жайлык өздөштүрүү деңгээли, иштеп жаткан ишкананын казып алуусу жана пайдалуу кендердин чалгындалган запастары менен камсыз кылынышы жөнүндөгү маалыматты камтыйт.
2. Пайдалуу кендердин баланстагы запастарын эсептен чыгаруу өнөр жайлык маанисин жоготкондо, казып алуу процессинде жоготулганда же пайдалуу кен чыккан жерлер кийинки геологиялык чалгындоодо же иштетүүдө ырасталбаганда, Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
13-берене. Пайдалуу кендердин запастарын жана ресурстарын мамлекеттик апробациялоо жана каттоо
1. Пайдалуу кен чыккан жерлерде жаткан пайдалуу кендердин запастары жана болжолдонгон ресурстары Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастары боюнча Мамлекеттик комиссиянын апробациясынын негизинде Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын балансына коюлууга тийиш.
2. Пайдалуу кендердин запастарынын мамлекеттик апробациясын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен, өз ишин Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобого ылайык жүргүзгөн жогорку квалификациялуу эксперттердин ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзгөн Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы (мындан ары - ЗМК) жүргүзөт.
3. Пайдалуу кендердин запастарын жана болжолдоногон ресурстарын каттоо тартиби жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
14-берене. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резерви
1. Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансында эсепке алынган, чек арасында пайдалуу кен чыккан жерлер жайгашкан жер участоктору пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлерин түзөт.
2. Эгерде менчиктеги же пайдалануудагы жер участогунда пайдалуу кендердин запастары табылса жана алар Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин Мамлекеттик балансында эсепке алынса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча ошол жерлерди Кыргыз Республикасынын жер мыйзамына ылайык пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин категориясына которуу жөнүндө чечим кабыл алат.
3. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервине киргизилген жер бөлүктөрүн берүү ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген тартипте жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
15-берене. Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлер
1. Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлердин тизмеси жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин тизмегине жер казынасын пайдалануу укугу берилген объекттер дагы кирет.
2. Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлердеги жер казынасын пайдалануу укугу конкурстарды өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча гана берилет.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат
1. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат.
2. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер казынасын пайдалануучуга жер казынасын пайдалануу мезгилинде берилиши мүмкүн, убактысы бүткөндө кайтарылып берилет.
3. Ишкерлердин, ишканалардын жана уюмдардын, анын ичинде биргелешкен жана чет өлкөлүк ишканалардын жана уюмдардын каржылоосунан алынган жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат, лицензиялык макулдашууда аныкталган мезгилде алардын менчигинде болот, убакыт бүткөндө жер казынасы жөнүндө маалымат мамлекеттин менчигине акысыз өтөт.
4. Мурда мамлекеттен, ошондой эле мыйзам бузуу менен алынган жер казынасы жөнүндө мамлекеттик геологиялык маалыматы бар жактар, алар жер казынасын пайдалануучу болушу же болбошуна карабай, жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биринчи талабы боюнча эле ошол маалыматты мамлекеттин менчигине берүүгө милдеттүү.
5. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматты мамлекеттин менчигине бербеген же берүүдөн качкан, же жер казынасы жөнүндө так эмес маалымат берген учурда күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартышат.
17-берене. Мамлекеттик геологиялык маалымат фонду
1. Мамлекеттик геологиялык маалымат фонду жер казынасы жөнүндөгү геологиялык маалыматты, ошондой эле архивдерди, таш жана керн материалдарынын үлгүлөрүн, палеонтологиялык калдыктарды, шлифтерди, аншлифтерди, музейлик коллекцияларды, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү атайын адабияттын китепканасын камтыйт.
2. Мамлекеттик геологиялык маалымат фонду бардык жер казынасын пайдалануучулар тарабынан геологиялык маалыматтын милдеттүү нускасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте акысыз берүү системасынын негизинде түзүлөт.
3. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган геологиялык маалымат ресурстарынын электрондук жана кагаз дубликаттарын толук көлөмдө түзүүгө жана кармап турууга жана жоготууну же уруксатсыз пайдаланууну болтурбоо шартында алардын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары геологиялык маалымат ресурстарынын сакталышына жоопкерчилик алып жүрүшөт.
4. Жер казынасын пайдалануучулар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формада геологиялык отчетту Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна берүүгө милдеттүү.
5. Жер казынасы жөнүндөгү маалымат менчиктештирилүүгө жатпайт. Лицензияланган объектте жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө толук маалыматты камтыган акыркы бүткөрүлгөн отчет болгондо гана аралык (жылдык) геологиялык отчеттордун жоюлушу мүмкүн.
6. Жер казынасын пайдалануучунун менчиги болгон жана Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна берилген геологиялык маалыматты үчүнчү жактын пайдаланышынын шарттары жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат. Эгерде геологиялык маалыматты пайдалануунун өзгөчө шарттары үчүнчү жактар менен макулдашылбаса, үчүнчү жактардын геологиялык маалыматка жетүү укугу жалпы негизде жүргүзүлөт.
7. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануучуга берилген, жер казынасын пайдалануучунун менчиги болуп саналган геологиялык маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна берилген геологиялык маалымат купуялуулук мезгилинде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүлөр үчүн гана пайдаланышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын Кадастрын жана Мамлекеттик балансын жүргүзүү максатында;
2) жер казынасын мамлекеттик геологиялык изилдөөнү уюштуруу максатында түзүү үчүн зарыл болгон жер казынасынын түзүлүшү жана өнүгүшү, алардын жайгашышынын мыйзам ченемдиги жана башка маалыматтар жөнүндө геологиялык маалымат ресурстарын түзүү.
8. Жер казынасын пайдалануучуга таандык геологиялык маалыматты пайдалануу менен жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн геологиялык маалымат ресурстары мамлекеттин менчиги болуп саналат.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-берене. Геологиялык маалымат ресурстарын берүү тартиби
1. Геологиялык маалымат ресурстары жеткиликтүү жана акы төлөнүүчү болуп саналат.
2. Геологиялык маалымат ресурстарына жетүүнүн төмөндөгү үч деңгээли белгиленет:
1) таанышуу - маалыматты алып жүрүүчүнү Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун имаратынын чегинен алып чыкпастан, жалпы геологиялык маалыматты изилдөө;
2) пайдалануу - компаниялардын толук отчетторун, техникалык-экономикалык эсептөөлөрдү, сыноолордун натыйжаларын, сынамыктардын талдоолорун жана башка маалыматтарды алып салганда, толук геологиялык маалыматты камтыган документтердин электрондук жана кагаздык көчүрүүсүнө мүмкүндүк берүү;
3) пакеттүү, жер казынасын пайдалануу укугун алуучунун бардык геологиялык маалымат пакетин сатып алуусун белгилөө.
3. Геологиялык маалымат ресурстарын берүүнүн жана пайдалануунун тартиби, аларга жетүү үчүн төлөөнүн өлчөмү, алардын наркы, ошондой эле түшкөн каражаттарды чыгымдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттери жана аспиранттары Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусунун геологиялык маалымат ресурстары менен жетүүнүн таанышуу деңгээлинин чегинде пайдаланууга укуктуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген чектерде геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу үчүн акы төлөөдөн бошотулушат.
5. Геологиялык маалымат ресурстарына жетүү үчүн төлөнгөн акы Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусунун өнүгүшүнө жумшалат.
6. Геологиялык маалыматтык ресурстардын түп нускалары менен иштөөгө Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусунун жайларында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жол берилет.
7. Мамлекеттик сырды түзүүчү геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
8. Жер казынасын пайдалануучу жер казынасын пайдалануу укугун алгандан кийин геологиялык маалымат пакетин үчүнчү жакка берүүгө укуксуз сатып алууга милдеттүү.
Геологиялык маалымат мыйзамда белгиленген тартипте жер казынасын пайдалануучу тарабынан мурда жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган учурларга бул талап жайылбайт.
9. (КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава
Жер казынасын пайдалануу укугун берүү
тартиби
19-берене. Жер казынасын пайдалануу укугунун түрлөрү
Жер казынасы төмөнкүлөргө пайдалануу үчүн берилет:
1) геологиялык карта түзүүгө жана регионалдык геологиялык, геофизикалык жана башка илимий изилдөөлөргө;
2) геологиялык издөө иштерине;
3) геологиялык чалгындоо иштерине;
4) жер астындагы сууларды алууну жана пайдаланууну кошкондо, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө;
5) пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды курууга жана эксплуатациялоого (мунайзатты, газды жана башка заттарды, материалдарды сактоого, зыяндуу заттарды көмүүгө, жердин жылуулугун пайдаланууга жана башка керектөөлөргө);
6) илимий, маданий, тарыхый, эстетикалык, санитардык-ден соолукту чыңдоочу жана башка маанидеги (илимий жана окутуу полигондору, геологиялык коруктар, үңкүрлөр жана башка жер астындагы көңдөйлөр) өзгөчө корголуучу объекттерди түзүүгө;
7) минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды коммерциялык максаттар үчүн жыйноого;
8) кооздук максаттар жана жасалгалоочу таш жана курулуш материалдары катары пайдалануу үчүн таш материалын жыйноого.
20-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн негиздери
1. Жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкү негизде пайда болот:
1) лицензиянын;
2) мамлекеттик каттоонун;
3) концессиялык келишимдин;
4) продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуунун.
2. Мамлекеттик каттоодон төмөнкүлөр өтүүгө тийиш:
1) бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын илимий изилдөөлөр;
2) жекече чайкоо иштери.
3. Бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоо жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзөт.
4. Жекече чайкоо иштерин мамлекеттик каттоо жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан жүргүзүлөт.
21-берене. Жер казынасын пайдалануучулар
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык түзүлгөн юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жеке ишкерлер катары катталган жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар жер казынасын пайдалануучулар боло алышат.
2. Жер казынасын пайдалануу укуктарын алууда жана жүзөгө ашырууда тиешелүүлүгүнө жараша жарандыгынын же катталган өлкөсүнүн белгилери боюнча жарандарды жана юридикалык жактарды басмырлоого жол берилбейт.
3. Чет өлкөлүк юридикалык жактар жер казынасын пайдалануу укуктарын берүү боюнча конкурстарга же аукциондорго же түздөн-түз сүйлөшүүлөргө катышууга табыштама берүүгө укуктуу.
4. Эгерде жер казынасын пайдалануу укугуна аукциондун же конкурстун жеңүүчүсү же болбосо түздөн-туз сүйлөшүү жүргүзүү чечилген жак деп чет өлкөлүк юридикалык жак таанылса, ал жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны жол-жоболоштуруу үчүн Кыргыз Республикасында 100 пайыз үлүштүк катышы бар туунду компанияны ачууга милдеттүү.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-1-берене. Жер казынасын пайдалануучулардын милдеттери
Жер казынасын пайдалануучулар төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
1) жер казынасын изилдөө, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого;
2) техникалык-экономикалык негиздемеде же техникалык долбоордо каралган регламенттерге ылайык жер казынасынын негизги жана алар менен бирге жаткан пайдалуу кендерди жана чогуу болгон компоненттердин запастарын кыйла толук иргеп алууну камсыз кылууга;
3) кен чыккан жерлерди иштетүүдө иргелип алынган, кайра иштетилген жана калтырылган жер казынасындагы запастардын негизги жана алар менен бирге жаткан пайдалуу кендердин жана чогуу болгон компоненттердин запастарын эсепке алуу;
4) пайдалуу кен чыккан жерлерди пайдалуу кендердин сапатын жана кен чыккан жерлердин өнөр жайлык баалуулугун төмөндөтүүчү же аларды иштетүүнү татаалдаштыруучу суу каптап кетүүдөн, суулануудан, өрттөн ж.б. факторлордон коргоого;
5) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө, ошондой эле мунай, газ же башка заттарды жана материалдарды жер алдында сактоодо, өндүрүштүк зыяндуу заттарды жана калдыктарды көмүүдө, сууларды агызып чыгарууда жер казынасын булгоонун алдын алууга;
6) пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды жана пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер астындагы курулмаларды консервациялоонун жана жоюунун белгиленген тартибин сактоого;
7) пайдалуу кендер жаткан аянттарда өз алдынча курулуш курууну болтурбоого жана бул аянттарды башка максаттар үчүн пайдалануунун белгиленген тартибин сактоого;
8) ичүү же өндүрүштүк суу менен камсыздоо үчүн пайдаланылуучу суу топтоо аянттарында жана жер астындагы суулар жаткан жерлерде өндүрүштүк жана турмуш-тиричилик калдыктарын топтолушунун алдын алуу;
9) пайдалуу кендердин нормативден жогору жоготууларын, кенди тандап иштетүүнү жана кен чыккан жерлердин запастарынын бузулуусун болтурбоого;
10) жер казынасындагы пайдалуу кендерди геологиялык изилдөөлөр, чалгындалган, иргелип алынган жана калтырылган запастары, аларда камтылган компоненттер жөнүндө, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган максатта жер казынасын пайдалануу тууралуу жана келерки жылдагы иштерди өнүктүрүү пландары жөнүндө маалыматты жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга жыл сайын берүүгө;
11) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди коопсуз жүргүзүүгө.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун колдонуу мөөнөтү
1. Жер казынасын пайдалануу укугунун колдонуу мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленет:
1) геологиялык издөө иштерине - кийин техникалык долбоорго ылайык узартуу менен 5 жылга чейин;
2) геологиялык чалгындоо иштерине - кийин техникалык долбоорго ылайык узартуу менен 10 жылга чейин;
3) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө - кийин пайдалуу кендердин запастары түгөнгөнчө узартуу менен 20 жылга чейин;
4) жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпаганда - техникалык долбоордо каралган мөөнөткө, кийин такталган техникалык долбоордо каралган мөөнөткө узартуу менен.
2. Мамлекеттик каттоонун негизинде берилген жер казынасын пайдалануу укугун колдонуу мөөнөтү илимий-изилдөө иштеринин программасын аткаруу мөөнөтү менен белгиленет.
23-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби
1. Жер казынасын пайдалануу укугу конкурстарды, аукциондорду өткөрүүнүн жана түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде берилиши мүмкүн.
2. Конкурстар жалпы мамлекеттик маанидеги объекттер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча өткөрүлөт.
3. Аукциондор жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен тизмек менен, ушул мамлекеттик органдын алдындагы илимий-техникалык кеңештин сунуштамаларынын негизинде кен чыккан жерлер жана келечектүү аянттар боюнча өткөрүлөт.
4. Түздөн-түз сүйлөшүүлөр боюнча жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкүлөргө берилет:
1) аукционго коюлган кен чыккан жерлердин, көрүнүштөрдүн жана келечектүү аянттардын тизмесине кирбеген кен чыккан жерлерге, көрүнүштөргө жана келечектүү аянттарга;
2) эгерде алар боюнча эки аукцион өткөн жок деп таанылса, пайдалуу кендердин кен чыккан жерлерине, көрүнүштөрүнө жана келечектүү аянттарга;
3) жер казынасын геологиялык иликтөөгө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө байланышпаган жер казынасынын участокторуна.
5. Эгерде түздөн-түз сүйлөшүүлөр жолу менен берилүүчү объектке биринчи табыштама түшкөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде бир же андан ашык табыштама түшкөн учурларда, бул обьект аукционго коюлат.
6. Жер казынасын пайдалануу укугун концессиялык келишимдин жана продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун негизинде берүүнүн тартиби "Кыргызстан Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" жана "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби
1. Жалпы мамлекеттик маанидеги ар бир объект боюнча конкурсту жарыялоо жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жүргүзүлөт.
2. Конкурсту өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан курамы 7 мүчөдөн кем эмес ведомстволор аралык конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт. Комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ал эми добуш берүүгө укугу жок комиссиянын катчысы - жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан дайындалат. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын өкүлдөрү. Ар бир фракция бирден өкүлдү аныктайт;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү;
3) жер казынасын пайдалануу обьекти жайгашкан аймактагы администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк жана аткаруучу органдарынын башчылары же алардын орун басарлары.
3. Конкурсту өткөрүүнүн шарттары жана тартиби, жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери комиссия тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Конкурсту өткөрүүнүн шарттарында төмөнкүлөр аныкталышы керек:
1) катышууга табыштама берүүнүн тартиби жана мөөнөтү;
2) конкурска катышуу үчүн зарыл документтердин тизмеги;
3) төмөнкүлөрдү камтыган конкурска катышууга жол берүүнүн критерийлери:
а) геологиялык жана тоо-кен тармагындагы иш тажрыйбасы;
б) пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоонун, пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүүнүн заманбап технологияларынын бар экендиги, ээ болушу жана колдонуусу;
в) конкреттүү конкурстук объектиге карата иштерди жүргүзүүнүн каржылык мүмкүнчүлүгү;
4) төмөнкүлөрдү камтыган жер казынасын пайдалануу укуктарынын атайын шарттары:
а) инфратүзүмдүк объекттерди куруунун, пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүү процесстерин ишке киргизүүнүн чектик мөөнөтү;
б) кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди жана кызматкерлерди тартуунун чектик катышы;
и) жерди рекультивациялоо боюнча милдеттенме;
г) жер казынасынын объекти жайгашкан аймактагы жергиликтүү коомчулуктун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө инвестициялардын (социалдык пакет) минималдуу өлчөмү;
д) өнөр жайлык, экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоо жана пайдалуу кендерди сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча чаралардын комплекси;
е) конкурстун жеңүүчүсүнүн жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн наркын төлөө мөөнөтү;
ж) объектти өз убагында ишке киргизбегендиги үчүн айып санкциялары;
з) комиссия жер казынасынын тигил же бул объекти үчүн зарыл деп эсептеген башка шарттар;
5) конкурсту өткөрүүнүн датасы жана жеңүүчүнү аныктоонун тартиби.
4. Төмөнкүлөрдү ишке ашыруучу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган комиссиянын жумушчу органы болуп саналат:
1) геологиялык маалыматты даярдоону;
2) пайдалуу кен чыккан жерлердин Мамлекеттик резервиндеги пайдалуу кен чыккан жерлерден убактылуу пайдалануу укугун берүүнү;
3) эл аралык жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяны басып чыгарууну жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын интернет-сайтында жайгаштырууну;
4) конкурстук табыштамаларды кабыл алууну жана каттоону;
5) эгерде конкурсту өткөрүүнүн шарттары боюнча концессиялык келишимди же продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашууну түзүү каралбаса, конкурстун жеңүүчүсүнө комиссиянын протоколунун негизинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүнү.
5. Эгерде берилген сунуштардын бирөө дагы конкурстун шарттарына туура келбесе, же табыштамалар жок болсо, же бир эле табыштама катталса, конкурс өткөн жок деп таанылат.
6. Эгерде конкурсту кайталоонун натыйжасында жеңүүчү аныкталбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алууга тийиш:
1) жер казынасынын ушул объектине конкурсту өткөрүүдө тыныгуу жөнүндө;
2) жер казынасынын ушул обьектин жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын эсебинен чыгаруу жана объектти аукционго берүү жөнүндө.
7. Конкурстун катышуучуларынын чыгымдары кайтарылууга жатпайт.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
25-берене. Аукционду өткөрүүнүн тартиби
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобонун негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аукциондорду уюштурат.
(Экинчи абзац КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Аукциондук комиссия жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун, жер казынасын пайдалануу укугунун объекти жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн турууга тийиш. 5 адамдан кем эмес комиссиянын курамы . жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
Комиссиянын төрагасы жана катчысы болуп жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү дайындалышат.
Комиссиянын катчысы комиссия чечим кабыл алууда добуш берүү укугуна ээ эмес, ал комиссиянын жыйынын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш жүргүзөт, комиссиянын жыйынында протоколду алып барат жана добуш берүүдө комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарын эсептейт.
2. Аукционду өткөрүү жөнүндө жарыя аукционду өткөрүү датасына чейин 45 күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын интернет-сайтында жайгаштырылат.
3. Аукциондор ачык болуп саналат.
4. Аукцион объектинин башталгыч баасы бонусту жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат пакетинин наркын камтыйт.
5. Жер казынасын пайдалануу укугун алууга эң көп акчалай сумманы сунуш кылган талапкер аукциондун жеңүүчүсү деп саналат.
6. Аукциондун жеңүүчүсүнө аукциондук комиссиянын протоколунун негизинде жер казынасын пайдалануу укугу берилет.
7. Эки жолу аукциондун жеңүүчүсү аныкталбай жана эки жолу катары менен аукцион болбой калды деп таанылганда жер казынасын пайдалануу укугу түз сүйлөшүүлөр жолу менен берилүүгө жатат.
Эгерде жер казынасынын объектине эки жолу аукцион болбой калган учурда, аукцион болбой калды деп таанылгандан кийин бир жылдын аралыгында түз сүйлөшүүлөр жолу менен жер казынасын пайдалануу укугун алууга табыштама берилбесе, анда ушул обьект аукцион боюнча бөлүнүүчу жер казынасынын обьекттеринин тизмегине киргизилүүгө жатат.
8. Аукциондун катышуучуларынын чыгымдары кайтарылууга жатпайт.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-берене. Түздөн-түз сүйлөшүүлөр менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби
Түздөн-түз сүйлөшүүлөр менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү кызыкдар жактардын табыштамалары боюнча жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары протокол менен жол-жоболоштурулат.
27-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу жана токтотуу
1. Жер казынасын пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан токтото туруунун себебин көрсөтүү жана бузууларды жоюу жөнүндө көрсөтмө берүү менен, төмөнкү учурларда 3 айга чейинки мөөнөткө токтото турулушу мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздуктун талаптары бузулганда;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген мөөнөттө геологиялык, тоо-кен иштеринин аткарылышы жөнүндө отчетторду жана пайдалуу кендердин запастарынын кыймылы жөнүндө отчетторду бербегенде;
3) так эмес маалыматтарды камтыган геологиялык, тоо-кен иштеринин аткарылышы жөнүндө отчетторду жана пайдалуу кендердин запастарынын кыймылы жөнүндө отчетторду бергенде;
4) жер участогун жана (же) лицензиялык объектти рекультивациялоо үчүн каражаттарды топтоо боюнча талаптар аткарылбаганда;
5) жер казынасын өздөштүрүүдө жумушчулардын жана калктын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч, ошондой эле жаратылыш чөйрөсүнө орду толгус зыян келтирген жана пайдалуу кендердин запастарын жоготуу коркунучун түзгөн технологиялар колдонулганда;
6) бонусту жана (же) лицензиялык төлөөлөрдүн мөөнөттөрүн бузганда.
7) эгерде мындай өзгөрүү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык бонусту төлөөгө алып келсе, юридикалык жактын - жер казынасын пайдалануучунун уставдык капиталындагы менчик үлүшүнүн өзгөрүүлөрү жөнүндө белгиленген мөөнөттө жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлабаганда.
2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык жер казынасын пайдалануу укугун токтото турууга алып келген себептерди калк жана айлана чөйрө үчүн тоо-кен мүлкүн сакталган, бузулбаган жана коопсуздук абалда кармап туруу максатында жоюу 90 күн аралыгында мүмкүн болбосо, анда жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануучунун жүйөлүү табыштамасы боюнча бузууларды жоюу мөөнөтүн узартууга укуктуу. Узартуу жөнүндө табыштама бир айдан эрте эмес лицензияны токтото туруу мөөнөтү аяктаганга чейин, бирок 15 күндөн кечиктирбестен берилет.
3. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиздер:
1) (КР 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 62 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2) жер казынасын пайдалануучунун жер казынасын пайдалануу укугунан баш тартуусу;
3) эгерде лицензиат тарабынан лицензиянын аракет мөөнөтү аяктаганга чейин лицензияны узартуу же трансформациялоо жөнүндө табыштама берилбей. жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын аракет мөөнөтүнүн аяктоосу;
4) жумуштарды зарыл болгон бардык оң экспертизалар алынган техникалык долбоорсуз жүргүзүү;
5) жер казынасын пайдалануу укугун токтото турууга алып келген себептердин мөөнөтүндө жоюлбоосу;
6) жер казынасын пайдалануучу тарабынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууда, компаниянын акыркы менчик ээлери же болбосо каржылык мүмкүндүктөрү жөнүндө так эмес маалыматтарды берген фактылардын аныкталуусу.
4. Жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин тизмегине киргизилген, конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү объекттер боюнча жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу үчүн кошумча негиздер:
а) конкурстук объект боюнча конкурстун шарттарында каралган жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны жана айыптык санкцияларды төлөбөй коюу же өз убагында төлөбөй коюу;
б) өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо жаатындагы эксперттик оң корутундусу менен техникалык долбоорду берүү мөөнөтүн бир жолку узарткандан кийин, бузуу.
5. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен жүргүзүлөт. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечимди жараксыз деп таануу жөнүндө сот актысы күчүнө кирген күндөн тартып ушундай укук токтотулду деп эсептелет.
6. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечими ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечими, мындай чечимди кабыл алуунун негизин көрсөтүү менен. жер казынасын пайдалануучуга ошол чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде жиберилет. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
7. Форс-мажордук кырдаал пайда болгон учурда жер казынасын пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануучунун арычы боюнча форс-мажордук. мөөнөткө токтотулат. Мындай арыз берилген күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баш тартуунун жүйөөлөрүн көрсөтүү менен, жер казынасын пайдалануу укугун токтотуудан баш тартууга укуктуу. Форс-мажор колдонулган убакка лицензиянын колдонулуу мөөнөтү жана лицензиялоонун шарттарын аткаруунун мөөнөттөрү убакыттын тийиштүү мезгилине узартылат.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77, 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
28-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуунун натыйжалары
1. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу жер казынасын пайдалануучунун төмөнкүдөй милдеттерин токтотпойт:
1) жер участогун рекультивациялоо жана тоо-кен мүлкүн жоюу боюнча;
2) жер казынасын пайдалануу укугунун кийинки ээсине өткөрүп берүүгө чейин, тоо кен мүлкүн консервациялоо жана адамдар жана айлана чөйрө үчүн сакталган, бузулбаган жана коопсуз абалында кармап туруу боюнча;
3) геологиялык маалыматтарды жана алгачкы документтерди Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна тапшыруу боюнча.
2. Тоо-кен мүлкүнүн менчик укугунун өткөрүп берилиши жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жак менен жер казынасын пайдалануу укугунун жаңы ээсинин келишимине ылайык жүргүзүлөт.
3. Эгерде кийинки лицензиатка лицензия берилген күндөн тартып 90 күндүн аралыгында тоо-кен мүлкүнө менчик укугун өткөрүү келишими түзүлбөсө, лицензиат жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жакка карата калтырылган тоо-кен мүлкү жайгашкан жер боюнча сотко лицензиаттын техникалык долбооруна ылайык пайдаланууга жаткан тоо-кен мүлкүн сатуу сатып алуу келишимин түзүүгө милдеттендирүү боюнча жана лицензиат төлөөчү компенсациянын көлөмүн жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жакка аныктоо боюнча кайрылууга укуктуу.
4. Менчик укугу катары ага таандык болбогон тоо-кен мүлкүн лицензиат пайдаланган учурда, жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон, тоо кен мүлкүнүн менчик ээси болгон жак сотко кайрылууга укуктуу.
5. Жер казынасын пайдалануу укугу токтотулганда техногендик түзүлүштөргө болгон менчик укугу, эгерде техникалык долбоордо же жоюунун, консервациялоонун же рекультивациялоонун атайын долбоорунда башкалар белгиленбесе, мамлекетке өтөт.
29-берене. Жекече чайкоо иштери
Кадастрга киргизилбеген чачыранды минералдуу жер казынасынын участоктору жекече чайкоо ыкмалары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобого ылайык иштетилиши мүмкүн.
4-глава
Жер казынасын пайдалануу укугун
лицензиялоо
30-берене. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүнүн тартиби
1. Жер казынасын пайдалануу укугунун төмөнкүлөрдөн башка бардык түрлөрү лицензияланат:
1) концессиялык келишим боюнча жер казынасын пайдалануу укугу берилгенде;
2) продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуу боюнча жер казынасын пайдалануу укугу берилгенде;
3) мамлекеттик каттоодо.
2. Жер казынасын пайдалануучуга жер казынасын пайдалануу укугуна берилүүчү-лицензиянын саны чектелбейт.
3. Түздөн-түз сүйлөшүүлөр боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн арыз берүүчү мамлекеттик же расмий тилде лицензиялануучу объектти, жер казынасын пайдалануу укугунун түрүн жана пайдалуу кендердин тизмесин көрсөтүү менен жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берет.
4. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн арызда пайдалуу кендердин табылууга божомолдонгон бирөөсүн же алардын тобун көрсөтүүгө болот.
5. Көмүр суутек пайдалуу кендерине карата жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн арызда алардын тизмесин тактоосуз көмүр суутек пайдалуу кендерин көрсөтүүгө жол берилет.
6. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) 2009-жылдын 1-апрелине чейин каттоодон, кайра каттоодон өткөн юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин каттоодон, кайра каттоодон өткөн юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтеринин өздөрүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча түзүлгөн юридикалык жактын жана (же) жеке ишкердин мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) жеке жак үчүн - жашаган дареги көрсөтүлгөн паспортунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) лицензиялык объектти изилдөө же өздөштүрүү программасы;
5) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоо учурунда - арыз берүүчүнүн лицензиялык объектти өздөштүрүү программасын каржылоо мүмкүнчүлүгүн тастыктаган документтер;
6) геологиялык издөө же геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоо учурунда - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуунун алгачкы үч жылдык мөөнөтүнө лицензиялык төлөмдөрдү төлөө мүмкүнчүлүгүн тастыктаган документтер;
7) юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим же протокол же арыз берүүчүнүн кызыкчылыгын жактоого ишеним кат;
8) өз өлкөсүнүн мыйзамы боюнча - чеч өлкөлүк юридикалык жак үчүн белгиленген тартипте иштеп жаткан юридикалык жак болуп санала тургандыгын күбөлөндүрүүчү мамлекеттик реестрден кошумча легалдашкан же апостилдештирилген көчүрмөсү же башка документ;
9) табыштамачылар - Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн салыктар жана мамлекеттик бюджетке төлөмдөр боюнча карызы жоктугу тууралуу салык органынын маалымдамасы;
10) акыркы менчик ээси же табыштамачынын - юридикалык жактын акыркы ээлери жана бенефициары болуп саналган жеке жактарды ачык көрсөтүүчү маалыматтар жана документтер.
7. Жер астындагы сууларды алуу жана пайдалануу боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууга табыштамага төмөнкүлөр кошумча тиркелет:
1) көзөнөктү эксплуатациялоонун технологиялык схемасы;
2) жер алдындагы сууларды ичүү, куюу жана (же) бальнеологиялык дарылоо үчүн пайдалануу учурунда саламаттык сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундусу.
8. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүдөн баш тартуу төмөнкү учурларда болушу мүмкүн:
1) эгерде берилген табыштамага тиркелген документтер же аларда келтирилген маалыматтар жалган болсо;
2) эгерде табыштама берилген аянтка же анын бир бөлүгүнө ошол пайдалуу кендердик бирдей тобуна мурда лицензия берилген болсо же ал жер казынасын пайдалануунун башка укугундагы объект болуп саналса;
3) эгерде табыштамачы документтердин толук эмес тизмегин берсе же болбосо берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбесе;
4) эгерде пайдалуу кендерди казып алуу укугун берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин камсыз кылууга карама-каршы келсе;
5) жер казынасынын бөлүгү өзгөчө коргоодогу жаратылыш зонасынын аймагында турса.
9. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү же бербөө жөнүндө чечим лицензиялык орган тарабынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууга арыз берилген күндөн тартып 60 күндүн аралыгында чыгарылат.
10. Арыз берүүчүнүн макулдугусуз табыштамада көрсөтүлгөн пайдалуу казындылардын тизмесин өзгөртүүгө же толуктоого лицензиар укуксуз.
11. Түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү үчүн негиз болуп жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын протоколу саналат.
12. Лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн тартып 30 күндүн аралыгында Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте бонусту жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны биринчи жылда колдонуу үчүн лицензиялык төлөмдү төлөөгө жана төлөө фактысын тастыктаган документтерди жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырууга милдеттүү.
13. Конкурстун же аукциондун жеңүүчүлөрү үчүн конкурска же аукционго катышууга берилген документтери жана конкурстук же аукциондук комиссиянын протоколу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү үчүн негиз болуп саналат.
14. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алгандан кийин лицензиат өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча эксперттик оң корутундусу бар техникалык долбоорду түзөт жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
14-1. Жалпы мамлекеттик маанидеги объекттер боюнча техникалык долбоорду берүү мөөнөтү конкурстун шарттарында каралат. Мында техникалык долбоорду берүү мөөнөтү бир жолу техникалык долбоорду берүүнүн баштапкы мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Жер казынасынын калган объекттери боюнча техникалык долбоорду берүү мөөнөтү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Мында техникалык долбоорду берүү мөөнөтү үч жолу техникалык долбоорду берүүнүн баштапкы мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
15. Бардык керектүү экспертиза алынган техникалык долбоорсуз иштөөгө тыюу салынат.
Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобого ылайык жүргүзүлөт.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
30-1-берене. Социалдык пакет
1. Социалдык пакет жер казынасынын объекти жайгашкан аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасынын негизинде иштелип чыгуучу макулдашуу түрүндө түзүлөт. Макулдашуу жер казынасын пайдалануучу менен тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аткаруучу органынын ортосунда түзүлөт.
2. Социалдык пакетти түзүү боюнча милдет пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштетүү баскычындагы жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын объекттерине гана жайылтылат. Мындай социалдык пакетке жер казынасынын объекттери жайгашкан аймакта жергиликтүү коомчулуктун социалдык-турмуш тиричилик шарттарын (кадрларды даярдоо, жергиликтүү калкты иш менен камсыздоо, инфратүзүмдөрдү куруу жана башка шарттар) инвестициялоонун программасы кирет.
3. Социалдык пакет жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга техникалык долбоорду түзүү баскычында берилет.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-берене. Жер казынасын пайдалануу укугунун лицензияларынын шайкештиги
1. Геологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо иштерине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берилген жер казынасынын участогуна карата үчүнчү жактар лицензиаттын уруксаты жок жер казынасын пайдалануу укугуна колдонуудагы лицензияда каралбаган пайдалуу кендердин түрлөрүнө карата геологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана пайдалуу кен чыккан жерлердин башка топторуна кирген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууга укуктуу.
2. Айкалышкан лицензиялык аянттарда пайдалуу кендердин белгиленбеген түрлөрү табылган учурда, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ээси лицезиясында пайдалуу кендердин табылган түрүн камтыган лицензиатка табылган пайдалуу кендер тууралуу маалыматты сатып алууга сунуш кылууга укуктуу.
3. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялардын иштетүү максаты менен иштеп жаткан лицензиаттын макулдугу менен жана жер казынасын пайдалануу укугуна колдонуудагы лицензияларда каралбаган жана пайдалуу кендердин башка тобуна таандык болгон пайдалуу кендердин түрлөрүнө карата гана жол берилет. Табыштамачы өзүнүн техникалык долбоорун жер казынасынын участогуна карата берилген табыштамасы боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган лицензиаттын техникалык долбооруна шайкештикти камсыз кылууга милдеттүү.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
32-берене. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын жана лицензиялык макулдашуунун мазмуну
1. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби, катар номери жана лицензиялоо боюнча маалыматтар бар лицензиялык органдын аталышы жазылган белгиленген түрдөгү так отчеттуулук бланкы түрүндө болот.
2. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын алфавиттик-санариптик коду;
2) жер казынасын пайдалануунун түрү;
3) лицензиаттын аталышы жана реквизиттери;
4) жер казынасын пайдалануу объектисинин лицензиялык номери;
5) пайдалуу кендин түрү;
6) лицензиялык объекттин административдик жайгашкан орду;
7) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын берилген датасы жана колдонуу мөөнөтү;
8) лицензияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн датасы;
9) лицензиялык органдын мөөрү жана жетекчисинин кол тамгасы.
3. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ажыратылгыс бөлүгү катары лицензиялык макулдашуу төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) лицензиялык аянттын бурчтук чекиттеринин координаттары жана өлчөмү;
2) иштердин максаты;
3) жер казынасын пайдалануу тартиби жана шарттары;
4) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын күрөөгө берилиши жөнүндө маалыматтар;
5) отчет берүүнүн мөөнөттөрү;
6) кошумча маалыматтар;
7) лицензиялык органдын мөөрү жана жетекчисинин кол тамгасы;
8) ишкананын жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты.
4. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ажыратылгыс бөлүгү катары лицензиялык макулдашууда жер астындагы сууларды алууда жана пайдаланууда кошумча төмөнкү маалыматтар камтылат:
1) скважинанын же булактын дебити, запастын саны жана категориясы;
2) жер астындагы суунун тиби;
3) скважинанын же булактын орун алышы;
4) жер астындагы суулардын максаттуу пайдаланылышы;
5) жер астындагы суулардын скважиналарынын (булактын) айланасындагы тоо-санитардык коргоо зонасынын өлчөмү;
6) жер астындагы сууларды алуунун макулдашылган көлөмү;
7) режимдик байкоолордун отчетунун мөөнөтү.
33-берене. Геологиялык издөө иштерине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия
1. Геологиялык издөө иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиялык аянттын чегинде пайдалуу кендердин билдирилген түрлөрүнө геологиялык издөө иштерин жүргүзүүгө лицензиатка өзгөчө укук берет.
2. Геологиялык издөөнүн лицензиялык аянтынын максималдуу өлчөмү чектелбейт.
3. Лицензиат лицензиялык аянтты кыскартууга укуктуу. Аянтты кыскартуу лицензиаттын арызы боюнча бузулган жерлерди рекультивациялоодон кийин кыскартылуучу аянтта жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жөнүндө маалыматты (отчетту) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алгандан кийин жүргүзүлөт.
4. Лицензиялык төлөмдөр лицензиялык аянттын квадраттык километри үчүн эсептик көрсөткүчкө эселенип белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
5. Лицензиат ачылган жана Кадастрда катталган көрүнүштөргө жана кен чыккан жерлерге карата геологиялык издөө иштерине жер казынасын пайдалануу укугунун лицензиясынын геологиялык чалгындоо иштери үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоонун өзгөчө укугуна ээ.
6. Пайдалуу ачык кен чыккан жерлерге же көрүнүштөргө тапшырык берилгенде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лицензиатка тапшырык берилген датасын жана убактысын күбөлөндүргөн документти берет.
7. Мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлүүчү геологиялык издөө иштеринен бонус жана лицензиялык төлөмдөр алынбайт.
34-берене. Геологиялык чалгындоо иштерине жер казынасын пайдаланууга лицензия
1. Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиялык аянттын чегинде пайдалуу кендердин билдирилген түрлөрүнө геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензиатка өзгөчө укук берет.
2. Лицензиат лицензиялык аянтты кыскартууга укуктуу. Аянтты кыскартуу лицензиаттын арызы боюнча бузулган жерлерди рекультивациялоодон кийин кыскартылуучу аянтта жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жөнүндө маалыматты (отчетту) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алгандан кийин жүргүзүлөт.
3. Лицензиялык төлөмдөр лицензиялык аянттын гектары үчүн эсептик көрсөткүчкө эселенип белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4. ЗМК апробацияланган корутундунун негизинде пайдалуу кендердин запастары Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин Мамлекеттик балансында катталгандан кийин, лицензиат геологиялык чалгындоо иштерине жер казынасын пайдаланууга лицензияны чалгындалган пайдалуу кендерди иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоонун өзгөчө укугуна ээ болот.
5. Мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлүүчү геологиялык чалгындоо иштеринен бонус жана лицензиялык төлөмдөр алынбайт.
35-берене. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия
Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиатка төмөнкүдөй өзгөчө укуктарды берет:
1) пайдалуу кендердин табыштама берилген түрлөрүнө тоо-кен бөлүндүсүнүн чегинде жер казынасын геологиялык изилдөөгө;
2) тоо-кен бөлүндүсүнүн чегинде, бардык керектүү даярдоо иштерин жүргүзүүнү кошуп алганда, пайдалуу кендерди иштетүүгө;
3) байытууну жана металлургияны, техногендик түзүлүштөрдү, металлургиялык өндүрүштүн калдыктарын пайдаланууну кошкондо, пайдалуу кендерди кайра иштетүүгө;
4) пайдалуу кендерди жана аларды кайра иштетүү продукцияларын экспорттоону кошкондо, сатууга.
2. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендеринин мамлекеттик балансында запастары эсепке алынган лицензиялык объекттерге берилет.
3. Тоо-кен казып алуу ишканасын долбоорлоонун жана куруунун убагында лицензиялык төлөмдөр лицензиялык аянттын гектарына эсептик көрсөткүчкө эселенип белгиленет. Долбоордо көрсөтүлгөн кубаттуулукка чыккандан кийин лицензиялык төлөмдөр төлөнбөйт.
4. Шашылыш учурларда, жээктерди бекитүү иштери үчүн өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арыздары боюнча жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча, жасалган иштер жөнүндө кабарлоо менен, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия албай инерттүү материалдарды иштетүүгө уруксат берилет.
5. Жер казынасын пайдалануучулар КГАД ишке ашыруунун алкагында отчеттук жылдан кийинки жылдын биринчи кварталы аяктаганга чейин ар жылдык негизде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жер казынасын пайдалануучу кассалык негизде жүргүзгөн бардык отчетторду, салыктарды жана төлөөлөрдү берүүнү камсыз кылууга укуктуу. КТАД алкагында отчет берүүнүн тартиби, формалары жана индикаторлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында жөнгө салынат.
6. Асыл металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган кенди, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып кетүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
36-берене. Жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпаган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия
1. Жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпаган (жер астындагы мунай жана газ, радиоактивдүү заттар сакталган жайлар, жер астындагы кампалар, курулуштар жана башкалар) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиатка тоо-кен бөлүндүсүнүн чегинде техникалык долбоорго ылайык иш жүргүзүүгө укук берет.
2. Жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпаган жер казынасын пайдалануу укугу үчүн лицензиялык төлөмдөр алынбайт.
37-берене. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды өткөрүп берүү
1. Лицензиат жер казынасын пайдалануу укугун "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык күрөө жөнүндө келишимдин негизинде үчүнчү жакка күрөөгө коюуга укуктуу.
2. Жер казынасын пайдалануу укугун күрөөгө коюу келишими жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өтүүгө жатат.
Жер казынасын пайдалануу укугун күрөөгө коюу келишими каттоосуз санда жок, ал эми ал боюнча укук жараксыз болуп саналат.
3. Күрөө келишими боюнча ал мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 6 айдан эрте эмес мезгилде жер казынасын пайдалануу укугун өндүрүп алуу мүмкүн.
4. Жер казынасын пайдалануу укугун өндүрүп алуунун натыйжасында башка адамга лицензиянын өтүшү лицензияны кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналат.
5. Лицензиат лицензиялык объектти өздөштүрүүнүн техникалык долбоорун ишке ашырган күндөн тартып 2 жылы өткөндөн кийин лицензия боюнча укукту колдонуудагы лицензиялык макулдашуунун шарттарын сактоо кепилдиги менен башка жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу. Лицензияны өткөрүп берүү бонустун, роялтинин жана жер казынасын пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн суммаларын төлөө боюнча жер казынасын пайдалануучунун карыздары жок болгондо мүмкүн.
6. Лицензия башка адамга өткөндө же юридикалык жактын - жер казынасын пайдалануучунун уставдык капиталындагы менчик үлүшү өзгөрүлгөндө бонусту төлөө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жөнгө салынат.
7. Жер казынасын пайдалануу укугун каттоонун жана кайра жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө жободо жөнгө салынат.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77, 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
38-берене. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялардын өзгөрүшү, толукталышы жана трансформациясы
1. Лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуу мөөнөтүнүн бүтүшүнөн 30 күндөн кеч эмес, бирок бир жылдан эрте эмес, жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз берүүгө жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын мурунку колдонуу мөөнөтүндөгү аткарылган иштер жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формада отчет берүүгө милдеттүү.
Лицензиат тарабынан ушул бөлүктө каралган табыштаманы жана отчетту берүү мөөнөтүн бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген административдик жоопкерчиликке алып келет.
2. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз жана аткарылган иштер боюнча отчет берилген күндөн тартып 60 жумушчу күндүн аралыгында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Лицензият тарабынан ушул бөлүктө каралган лиценцияларды колдонуунун жана отчетун мөөнөтүн узартуу жөнүндө арызды кароо мөөнөтүн бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген административдик жоопкерчиликке алып келет.
3. Эгерде лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө табыштама жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонуунун бардык мөөнөтүндөгү аткарылган иштер жөнүндө белгиленген мөөнөттө отчет берсе, анда колдонуу мөөнөтү аяктаганына карабастан жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лицензиянын колдонуу мөөнөтүн узартууга берилген табыштамага карага чечим кабыл алганга чейин лицензия жарактуу бойдон кала берет.
4. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 30 күндүн аралыгында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга жана лицензиялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.
5. Ушул Мыйзамдын 30-беренесинде белгиленген тартип төмөнкү учурларга дагы колдонулат:
1) ушул Мыйзамда белгиленген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоодо;
2) конкурстун же аукциондун жыйынтыгы боюнча берилген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын шарттары өзгөрүлгөндө.
6. Башка пайдалуу кендердин көрүнүштөрү табылганда лицензиат жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз жөнөтүү аркылуу геологиялык издөөгө же геологиялык чалгындоо иштерине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга жана лицензиянын тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо боюнча сунуш киргизүүгө укуктуу.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-глава
Жер казынасын пайдалануучулардын жана
жер укугунун ээлеринин мамилелери
39-берене. Жерди пайдалануу укугун алуунун негиздери
1. Пайдалуу кен чыккан жерлердин Мамлекеттик резервинен жер бөлүндүсү жана жер бөлүндүсү жана жер участогун убактылуу пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуу мөөнөтүнө берилет.
2. Жер участогун убактылуу пайдалануу укугу, алар пайдалуу кен чыккан жерлердин Мамлекеттик резервине кирбегенде же жеке менчикте болбогондо, бирок жер казынасын пайдаланууга керек болгондо (жолдор, өнөр жай аянтчасы, ЭБЛ жана башка инфратүзүмдөр үчүн) жергиликтүү мамлекеттик администрация же өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуу мөөнөтүнө берилет.
3. Жеке менчиктеги же убактылуу пайдалануудагы жерлерге жер участогун убактылуу пайдалануу укугу жер участогунун менчик ээси же жер укугун пайдалануучу тарабынан лицензиат менен түзгөн келишими боюнча берилет.
4. Берилүүчү жер участогунун чектери жана өлчөмү экологиялык, өнөр жайлык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча оң экспертиза алынган кен иштетүү үчүн техникалык долбоор же жер астындагы сууларды алуунун технологиялык схемасы менен аныкталат.
5. Жер участогун убактылуу пайдалануу укугу төмөнкү учурда берилет:
1) айыл чарбалык пайдалануудан ажыратпай, жер казынасын геологиялык изилдөөдө жер бүтүндүгүн бузуу менен, бузулган участоктордогу жоготуулардын ордун толтуруп төлөө менен;
2) айыл чарбалык пайдалануудан жерлерди алуу менен, жер салыгын төлөө жана жоготууларды кайтарып берүү аркылуу пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө.
6. Жер казынасын геологиялык изилдөөдө жер участогун ажыратуу, укук күбөлөндүрүүчү документтерди жол-жоболоштуруу жүргүзүлбөйт, жер казынасын пайдалануучуга жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын же өз алдынча башкаруу органдарынын геологиялык иштерди жүргүзүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу берилет.
7. Жер участогун убактылуу пайдалануу укугун алуу үчүн лицензиат жергиликтүү мамлекеттик администрациясына же өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөрдү тапшырат:
1) тапшырыкты;
2) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын жана лицензиялык макулдашуунун көчүрмөлөрүн;
3) бөлүнүүчү жер участогу көрсөтүлгөн графикалык тиркемени.
8. Жер участогун пайдалануу укугу ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык арыз берилген күндөн баштап 30 күндөн кем эмес мөөнөттө каралышы керек.
9. Жер казынасын пайдалануучуга жер участогун убактылуу пайдаланууга берүүдөн баш тартылышы мүмкүн эмес. Келип түшкөн арыз белгиленген мөөнөттө каралбаган учурда мындай макулдук алынды деп эсептелинет.
10. Эгерде лицензиат суранган жер участогу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны мурда алган лицензиатка берилген болсо, жаңы лицензиат ушул Мыйзамдын 31-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык техникалык долбоорго ылайык жер участогун пайдалануу тартибин жер укугунун ээлери менен макулдашууга милдеттүү.
11. Жер казынасынын жана жердин бүтүндүгү бузулбай жер казынасын геологиялык изилдөө учурунда, лицензиаттын арызы боюнча жер укугунун ээси жер казынасын пайдалануу укугунун лицензиясынын жана лицензиянын тиркемесинин көчүрмөлөрүн тиркөө менен арыз берилген күндөн тартып 30 күндүн аралыгында лицензиялык аянтта иш жүргүзүүнү каттайт. Каттоо жүргүзүүдөн баш тартууга тыюу салынат.
12. Жер участогун убактылуу пайдалануу укугу ушул Мыйзамга ылайык жер казынасын пайдалануу укугу токтотулгандан кийин автоматтык түрдө токтотулат.
13. Жеке менчиктеги жана келечектүү лицензиялык аянтка кирген же пайдалуу кен чыккан жерлердин Мамлекеттик резервине кирген жер участогу мамлекеттик муктаждык үчүн соттун чечими менен баасын төлөп берүү же тең баалуу жер участогун берүү аркылуу алынышы же Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жер казынасын пайдалануучу тарабынан сатып алынышы мүмкүн.
14. Жер казынасын пайдалануу укугу үчүнчү жакка берилгенде ага жер участогун убактылуу пайдалануу укугу кошо өтөт.
15. Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
40-берене. Тоо-кен жана геологиялык бөлүндүнүн башка жер казынасын пайдалануучуга карата сервитуту
1. Ыктыярдуу же жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тоо-кен жана геологиялык бөлүндүнүн башка жер казынасын пайдалануучуга карата сервитуту төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) эгерде транспорттук, электр жана башка коммуникацияларды чектеш тоо-кен жана (же) геологиялык бөлүндүлөрдө сервитут белгиленбестен өткөрүү жана эксплуатациялоо мүмкүн эмес же кыйынчылыкта болсо;
2) эгерде бир геологиялык бөлүндүгө жер казынасын пайдалануу укугу пайдалуу кендердин ар кандай түрүнө эки же андан көп жер казынасын пайдалануучуга берилгенде, ошондой эле алардын чектүү же аларга туура келген геологиялык бөлүндүгө кирүүсүн камсыз кылуу керек болгондо.
2. Башка жер казынасын пайдалануучунун тоо-кен же геологиялык бөлүндүсүнө карата сервитутка Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген эреже колдонулат.
41-берене. Башка жер казынасын пайдалануучуга убактылуу пайдаланууга берилген жер участогуна карата сервитут
Ыктыярдуу же жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген башка жер казынасын пайдалануучуга убактылуу пайдаланууга берилген жер участогуна карата сервитут төмөнкү учурларда пайда болот:
1) жер бөлүндүсүнүн аянтындагы авто жана темир жол магистралдарын, суу түтүктөрүн, мунайзат түтүктөрүн, электр линияларын жана башка региондук жана мамлекеттик маанидеги курулуштарды тейлөөдө жана оңдоодо;
2) эгерде тоо-кен бөлүндүсүндөгү авариялык кырдаалды жоюу үчүн кирүү чектеш жана (же) чектеш эмес жер участогу тараптан ылдамыраак болсо;
3) мамлекеттик программалар жана пландар боюнча геологиялык, геофизикалык, топографиялык, маркшейдерлик, археологиялык жана башка изилдөө иштерин жүргүзүүдө.
2. Башка жер казынасын пайдалануучуга убактылуу пайдаланууга берилген жер участогуна карата сервитутка Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана Жер кодексинде белгиленген эрежелер колдонулат.
6-глава
Жер казынасын пайдаланууну
мамлекеттик жөнгө салуу
42-берене. Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын, айлана чөйрөнү мамлекеттик коргоо жана өнөр жайлык коопсуздукка мамлекеттик көзөмөл
1. Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын, айлана чөйрөнү мамлекеттик коргоонун жана өнөр жайлык коопсуздукка мамлекеттик көзөмөлдүн милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) бардык жер казынасын пайдалануучулар тарабынан жер казынасы, өнөр жайлык коопсуздук жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын сакталышы;
2) жер казынасын пайдаланууда мамлекеттин экономикалык кызыкчылыгын сактоо;
3) жер казынасын пайдалануунун зыяндуу кесепеттеринин алдын алуу, минимизациялоо жана жоюу;
2. Жер казынасынын Мамлекеттик фондусунун жана пайдалуу кен чыккан жерлердин Мамлекеттик резервинин чектеринде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугусуз өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарын түзүүгө тыюу салынат.
42-1-берене. Жер астындагы сууларды пайдаланууну жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
1. Ушул беренеде каралган шарттар сакталганда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия албастан, гидрогеологиялык скважиналарды бургулоого жол берилет.
2. Өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо бөлүгүндө экспертизадан өткөн бургулоого долбоору жок 30 метрден терең гидрогеологиялык скважиналарды бургулоого тыюу салынат.
3. Техникалык жана мелиоративтик максаттар үчүн (ичүү максаттарын жана бальнеологиялык дарылоону кошпогондо) жер астындагы сууларды алуу жана пайдалануу жер астындагы суулардын запастарын Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендеринин мамлекеттик балансына коюу шарты жок жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Ишкердик ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган жеке жактардын өзүнүн муктаждыктары үчүн жер астындагы сууларды алуусун жана пайдалануусун кошпогондо, жер астындагы сууларды алуу жана пайдалануу милдеттүү түрдө лиценцияланууга жатат.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
43-берене. Монополияга каршы талаптар
Төмөндөгүлөргө багытталган бардык аракеттерге тыюу салынат же белгиленген тартипте жараксыз деп таанылат:
1) юридикалык жана жеке жактардын конкурстарга, аукциондорго катышуусун чектөөгө;
2) жер казынасын геологиялык изилдөөдө жана (же) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө кандайдыр бир лицензиаттын монополиясын түзүүгө;
3) жер казынасын пайдаланууда үстөмдүк кылуучу абалга ээ болгон чарба жүргүзүүчү субъекттер менен атаандашкан юридикалык жана жеке жактарды басмырлоого;
4) чектеш жана чектеш эмес жер, тоо-кен жана геологиялык бөлүндүлөрдү берүү укугун басмырлоого.
44-берене. Өзгөчө илимий же маданий баалуулугу бар жер казынасынын бөлүктөрүн коргоо
1. Өзгөчө илимий же маданий баалуулугу бар геологиялык ачык жерлер, палеонтологиялык объекттер жана башка жер казынасынын участоктору жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу боюнча геологиялык коруктар, атайын коруктар, жаратылыштын же маданияттын эстеликтери деп жарыяланышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн коруктардын, атайын коруктардын, жаратылыштын же маданияттын эстеликтеринин сакталышын бузган бардык иштерге тыюу салынат.
2. Жер казынасын пайдаланууда илим жана маданият үчүн баалуулугу бар геологиялык ачык жерлер, метеориттер, палеонтологиялык, археологиялык жана башка объекттер табылган учурда жер казынасын пайдалануучу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз кабарлоого жана алардын кийинки илимий изилдөөлөрүнө тоскоолдук кылбоого милдеттүү.
45-берене. Пайдалуу кендер жаткан аянттарда курулуштарды куруунун шарттары
1. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан курулуш боло турган участоктун астында пайдалуу кендердин бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты алганга чейин калктуу конуштарды, өнөр жай комплекстерин жана башка объекттерди долбоорлоого жана курууга тыюу салынат.
2. Пайдалуу кендер жаткан аянттарда курулуш куруу, ошондой эле пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды жайгаштыруу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу боюнча төмөнкү өзгөчө учурларда жүргүзүлөт:
1) эгерде келечекте иштетүүдө курулуучу объект үчүн жер катмарынын эсептик деформациясы жол бергенден ашпаса;
2) эгерде курулуучу объект үчүн аянтча иштетилген пайдалуу кен чыккан жердин үстүндө жайгаштырылса.
3. Пайдалуу кен жаткан аянттарда өз эркинче курулуш куруу өндүрүш чыгымдоолору, жерлерди рекультивациялоо жана тургузулган объекттерди демонтаждоо боюнча чыгымдоолор кайтарбастан токтотулат.
46-берене. Тоо кен мүлкүн жоюу же консервациялоо
1. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө же жер казынасын геологиялык изилдөөдө пайдаланылган тоо-кен мүлкүн андан ары пайдалануу экономикалык жактан максатка ылайыктуу болбогон учурда, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укугу токтотулганда же токтогула турганда көрсөтүлгөн тоо-кен мүлкү атайын техникалык долбоорго ылайык жер казынасын пайдалануучунун эсебинен жоюлат же консервацияланат.
2. Консервациялоо маалында тоо-кен мүлкү ошол мүлктүн жана пайдалуу кен чыккан жерлердин сакталышы, ошондой эле консервация убагында калктын жана айлана чөйрөнүн коопсуздугу камсыз кылынган абалга келтирилиши керек.
3. Тоо-кен мүлкүн жоюуда же консервациялоодо маркшейдерлик, геологиялык жана техникалык документтер жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сактоого тапшырылат.
4. Кийинки лицензиат тарабынан пайдаланылбаган кен чыккан жерди иштетүүдө же жер казынасын геологиялык изилдөөдө колдонулган тоо-кен мүлкү жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жактын өз эсебинен жоюлат.
47-берене. Жер участогун жана лицензиялык объектти рекультивациялоо
1. Жер участогун жана лицензиялык объектти рекультивациялоо рекультивациялоонун техникалык долбооруна ылайык аткарылат жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүнүн, жер астындагы сууларды алуунун же пайдалуу кен чыккан жерлерди геологиялык чалгындоо же иштетүү менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды куруунун башталышынан лицензиат ай сайын чегерген жана топтогон рекультивация фондусунун каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Рекультивация фондусунун каражаттары лицензиаттын Кыргыз Республикасынын банктарындагы эсебинде жайгаштырылат жана башка максаттар, анын ичинде кредиторлордун талаптарын канааттандыруу, салык жана бажы төлөмдөрү боюнча карыздарын жоюу үчүн сарпталышы мүмкүн эмес.
3. Ишкана банкрот болгон, жоюлган же жер казынасын пайдалануучу каза болгон учурларда рекультивация фондусунун каражаттары жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшыруусу менен жер участогунун ээсинин эсебине рекультивациялык иштерди жүргүзүү үчүн которулат. Рекультивация фондусунун каражаттарын башка максаттарга пайдаланууга тыюу салынат.
4. Жер казынасын геологиялык изилдөөдө бузулган жерлерди рекультивациялоо техникалык долбоорго ылайык жүргүзүлөт.
5. Жер участогун жана жер казына объекттин рекультивациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
48-берене. Экспертизаларды жүргүзүүнүн, отчетторду кароонун жана тоо-кен иштеринин пландарын макулдашуунун тартиби
1. Жер астындагы сууларды алуу жана пайдалануу долбоорлорун кошпогондо, тийиштүү жумуштарды жүргүзүүнүн техникалык долбоорлору өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо талаптарына ылайыктуулугуна экспертизага жатат.
Жер астындагы сууларды алуу жана пайдалануу долбоорлору жер казынасын коргоо талаптарына ылайыктуулугуна экспертизага жатат.
2. Экспертиза жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар техникалык долбоор түшкөн күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдө бардык каралган экспертизаларды жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү:
а) жер казынасынын жалпы мамлекеттик маанидеги объекттери үчүн - 3 айдын ичинде;
б) жер казынасынын башка бардык обьекттери үчүн - бир айдын ичинде.
3. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган компаниялардын өткөн жылга отчетторун жана тоо-кен иштеринин кийинки жылга пландарын макулдашуусун, алар белгиленген мөөнөттө тапшырылган шартта, алар келип түшкөн күндөн тартып 2 айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кароого милдеттүү.
4. Эгерде жер казынасын пайдалануу боюнча саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчетту бергенден кийин 2 айлык мөөнөттүн ичинде компаниялардын өткөн жылга отчетторун жана тоо-кен иштеринин кийинки жылга планын карабаса, анда отчет бекитилди деп эсептелет, ал эми план макулдашылды деп эсептелет.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан экспертизаларды жүргүзүүнүн, отчетторду кароонун жана тоо-кен иштеринин пландарын макулдашуунун мөөнөттөрү сакталбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик келип чыгат.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
49-берене. Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салынуучу салыктар жана төлөмдөр
1. Жер казынасын пайдалануучуларга карата колдонулган салык режими Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары, ошондой эле концессиялык келишимдер жөнүндө мыйзамдар жана продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуулар менен белгиленет.
2. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөөнүн, төлөмдү эсептөөнүн жана ставкаларынын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет жана бекитилет.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-глава
Талаштарды чечүү жана жер казынасы
жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик
50-берене. Жер казынасын пайдалануу укугунун маселелери боюнча талаштарды чечүү тартиби
Жер казынасын пайдалануу укугунун маселелери боюнча талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
51-берене. Жер казынасы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарын аракети же аракетсиздиги менен бузган күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик, кылмыш-жазык жана башка жоопкерчилик тартышат.
2. Ушул Мыйзамды бузуу менен түзүлгөн бүтүмдөр, ошондой эле башка аракеттер, жараксыз деп саналат.
3. Төмөнкүлөр жер казынасы жөнүндө мыйзамдарды бузуу болуп саналат:
1) иштеп жаткандардын жана калктын коопсуздугу үчүн коркунуч туудурган жер казынасын, ыкмаларды пайдаланууга байланышкан иштерди жүргүзүүгө, жер казынасын жана айлана чөйрөнү булгоо;
2) пайдалуу кендер жаткан аянттарга өз эркинче курулуштарды куруу;
3) жер казынасын өз эркинче пайдалануу;
4) кен чыккан жерлерди сарамжалсыз иргеп иштетүү, минералдык чийки заттарды алууда жана кайра иштетүүдө пайдалуу кендердин нормадан ашыкча жоготууларынын болушу;
5) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анык эмес маалыматты берүү;
6) жер астындагы сууларга, маркшейдердик жана геодезиялык белгилерге режимдик байкоо скважиналарын жок кылуу же бузуу;
7) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө, жер астындагы сууларды алууда, пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды курууда жана эксплуатациялоодо жер участокторун рекультивациялоого каражаттарды топтоо боюнча жана жер казынасын геологиялык изилдөөдө жерди рекультивациялоо боюнча талаптарды аткарбоо;
8) тоо-кен мүлкүн жоюу же консервациялоо боюнча талаптарды аткарбоо.
9) жер казынасы жөнүндө маалыматка менчик укугун же анын купуялуулугун бузуу.
4. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарын бузуусу болуп төмөнкүлөр саналат;
1) жер казынасын пайдалануу үчүн жер казынасын, жер участокторун пайдалануу укугуна лицензияларды бербөө же берүү, узартуу мөөнөттөрүн бузуу, геологиялык отчеттордун, иш пландарынын жана башка бузууларды кароонун мөөнөтүн бузуу;
2) Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарын аткарбоо же талапка ылайыксыз аткаруу;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын башка бузуулар.
4) жер казынасын пайдалануучунун ишине мыйзамсыз кийлигишүүнү токтотууга чара көрбөө.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын бузууга алып келген аракеттери жана (же) аракетсиздиги үчүн кызмат адамдары жоопкерчилик тартышат.
5. Пайдалуу кендер жаткан аянттарда өз эркинче курулуш куруу жана жер казынасын өз эркинче пайдалануу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде токтотулат.
6. Жер казынасында өз эркинче курулуш курууну жана (же) аны өз эркинче пайдаланууну жүргүзгөн жактардын чыгымдары кайтарылып берилбейт.
7. Жер казынасын өз эркинче пайдалануудан алынган киреше мамлекеттин пайдасына алынат.
52-берене. Чыгымдарды кайтаруу
1. Жер казынасын пайдалануучуга же мамлекетке чыгымдарды кайтаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте жана учурларда жүргүзүлөт.
2. Юридикалык жана жеке жактардын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттери, эгерде алардын аракетинин (аракетсиздигинин) негизинде жер казынасынын табигый касиеттери төмөндөсө жана жер казынасын пайдаланууну толук эмес же толук бойдон токтотууга шарт түзүлгөн болсо, булар жер казынасын пайдалануучунун чыгымдарын кайтарып алууга укуктун пайда болушуна негиз болуп саналат.
3. Жер казынасын пайдалануучулар тарабынан мамлекетке кайтаруучу чыгымдарынын өлчөмү жер казынасын пайдалануучунун күнөөсү боюнча экономикалык маанисин жоготкон запастардын санына жана баалуулугуна ылайык аныкталат.
4. Юридикалык, жеке жактардын жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын күнөөсү боюнча жер казынасын пайдалануу укугунун негизсиз токтотулушу же иштин токтотулушу болгон учурларда, жер казынасын пайдалануучуга аргасыз токтотуп туруудан тарткан экономикалык зыян соттук тартипте күнөөлүү жактардын эсебинен толук көлөмдө кайтарылып берилет.
8-глава
Корутунду жана өтмө жоболор
53-берене. Өтмө жоболор
1. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялар 2014-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө, ушул Мыйзамда каралган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга кайра жол-жоболоштурулууга жатат.
2. Лицензиялык төлөмдөрдү, анын ичинде ушул Мыйзам күчүнө киргенче берилген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларга карата төлөө мөөнөтүн эсептөө лицензиялардын биринчи жолу берилген датасынан баштап жүргүзүлөт.
3. Лицензиялык төлөмдөр ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан баштап алынат.
4. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө чейин жер казынасын пайдалануу укугуна берилген жана колдонулган лицензиялар конкурс же аукцион боюнча берилбейт.
5. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 Мыйзамы күчүнө киргенге чейин компаниянын менчик ээлеринин алмашкандыгы тууралуу жер казынасын пайдалануу боюнча саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өз убагында кабарлабаган жер казынасын пайдалануучулар 2014-жылдын 31-декабрынан кечиктирбеген мөөнөттө тиешелүү кабарлоо жасоого тийиш.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 5-октябрындагы N 51-р чечими
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
54-берене. Эл аралык келишимдер
Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
55-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:
- жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 8, 377-ст.);
- "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" газетасы, 1999-жылдын 13-августу, № 66);
- "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" газетасы, 2002-жылдын 13-февралы, № 12);
- "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" газетасы, 2007-жылдын 26-январы, № 6);
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 14-пункту (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.);
- "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" газетасы, 2011-жылдын 26-июлу, № 60);
- "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" газетасы, 2011-жылдын 1-ноябры, № 92);
- "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" газетасы, 2012-жылдын 20-апрели, № 33-34).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |