Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\096aad71-243c-42f4-948e-12e0a5ebaf92\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 6-октябры № 169

 

Кыргыз Республикасынын
айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 (КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 4-берененин 2-бөлүгүндө:

12-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

13-пункт "салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу" деген сөздөрдөн кийин", салык жана бажы саясатын жүргүзүү" деген сөздөр менен толукталсын;

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 18-20-пункттар менен толукталсын:

"18) "Калк менен эсептешүүлөр" - жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке адамдар менен жарандык-укуктук келишимдердин түрлөрү боюнча эсептешүүлөр.

19) "Пайыздык киреше" - ар кандай түрдөгү карыздык талаптардан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу каражат тартуу жана каржылоо операцияларынан алынган кирешелерди кошуп алганда, облигациялар, векселдер жана карыз алуунун башка түрлөрү боюнча кирешелер, ошондой эле каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган кирешелер.

20) "Пайыздык чыгаша" - ар кандай түрдөгү карыздык милдеттенмелер боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу каражат тартуу жана каржылоо операциялары боюнча жүргүзүлгөн чыгашаларды кошуп алганда, облигациялар, векселдер жана милдеттенмелердин башка түрлөрү боюнча чыгашалар, ошондой эле каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча жүргүзүлгөн чыгашалар.".

2. 18-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык чыгарылган документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган басма жана электрондук басылмаларда документтердин тексттерин көчүрмөлөө жолу менен, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же ыйгарым укуктуу салык органынын ачык маалыматтык веб-сайтында жалпыга жеткирилет.".

3. 50-берененин 1-бөлүгүндө:

9-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган негиздер боюнча, анын ичинде мажбурлоо менен салык төлөөчүнү жоюу жөнүндө сотко доо арызын берүүгө;".

4. 68-берененин 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

5. 81-берененин 6-бөлүгүндө "салыктын кийинки төлөнө турган суммасынын" деген сөздөр "ушул салык боюнча же башка салыктар боюнча келерки мезгилдердин салыктык милдеттенмелерин аткаруунун" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 87-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда "квартал сайын төлөнүүчү" деген сөздөр алып салынсын.

7. 102-берене төмөнкүдөй мазмундагы 12-бөлүк менен толукталсын:

"12. Салык органы ушул Кодекске ылайык 15 күндүн ичинде пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга жана салык органы пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиздерди алган күндөн кийинки келүүчү 30 календардык күндөн кеч эмес пландан тышкары текшерүүгө киришүүгө милдеттүү.".

8. 114-берененин 3-бөлүгүндө "башка иш-аракеттер" деген сөздөр алып салынсын.

9. 144-берене күчүн жоготту деп таанылсын.

10. 153-беренеде:

16-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган сыйакылар роялтиге кирбейт.";

берене төмөнкүдөй мазмундагы 34-36-пункттар менен толукталсын:

"34) "Өнбөй турган карыз" - салык төлөөчүгө тийиштүү болгон, аны салык төлөөчү соттун чечими боюнча милдеттенмени токтотуунун, кудуретсиздиктин, карызкорду жоюп жиберүүнүн же өлүмүнүн натыйжасында, же Кыргыз Республикасынын жарандык Мыйзамдарында каралган доонун эскирүү мөөнөтү аяктаганынан толук ала албаган сумма.

35) "Шектүү милдеттенмелер" - салык төлөөчүнүн төлөөсү тийиш болгон соттун чечими боюнча милдеттенмени токтотуунун, кудуретсиздиктин, кредиторду жоюп жиберүүнүн же өлүмүнүн натыйжасында, же Кыргыз Республикасынын жарандык Мыйзамдарында каралган доонун эскирүү мөөнөтү аяктаганынан салык төлөөчү төлөбөгөн сумма.

36) "Лизингдик компания" - түшкөн акчанын 90 пайыздан кем эмесин каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды сатуудан алынган акчалар түзгөн ата мекендик уюм, чет өлкөлүк уюмдун филиалы жана/же өкүлчүлүгү.".

11. 163-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер пайда болгондо, салык салына турган бир айдагы киреше ушул беренеге ылайык белгиленген минималдуу кирешенин эсептик көрсөткүчүнөн кем болушу мүмкүн эмес.

3. Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча кийинки календардык жылга бир айдагы минималдуу эсептик киреше Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте мамлекеттик статистикалык органдын маалыматтарынын негизинде, кызматкерлердин өткөн жылдагы орточо эмгек акысынын 40 пайыз өлчөмүндө аныкталат.

Минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан үстүдөгү жылдын 1-октябрына чейин аныкталат. Минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү учурдагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирилбеген мөөнөттө расмий жарыялануусу тийиш.

Эгерде минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү кийинки календардык жылга ушул Кодексте каралган тартипте белгиленбесе, өткөн жылдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү колдонулат.".

12. 167-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"167-берене. Киреше салыгы салынбаган кирешелер

 

Төмөнкүлөр киреше салыгы салынбаган кирешелер болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык белгиленген жөлөкпулдар;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондунан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан төлөөлөр;

3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдар жана компенсациялар;

4) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү пенсиялар;

5) бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү жөлөкпулдар жана компенсациялар;

6) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөрдө Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин окуучуларына жана студенттерине төлөнүүчү стипендиялар;

7) ал жеткис күч жагдайлары менен байланышкан кайтарымсыз алынган суммалар;

8) аскер кызматчыларынын, улуттук коопсуздук органдарынын, укук коргоо органдарынын кызматчыларынын, мамлекеттик кызматчылардын кызматтык милдеттерин аткарууда өлүмү жана/же денесине жаракат алуулары менен байланышкан мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан алынган компенсациялык төлөмдөрдүн жана жөлөкпулдардын суммалары;

9) каза болгон жумушчунун жакын туугандары же жакын тууганы өлгөнүнө байланыштуу жумушчунун жумуш берүүчүдөн кайтарымсыз алынган суммалар;

10) ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммасы, ошондой эле кызматчы эмгектик милдеттерин аткарууда мертинген, каза болгон учурда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү суммалар;

11) атайын кийимдин, атайын бут кийимдин, жеке коргонуу каражаттарынын, самындын, зыянсыздандыруучу каражаттардын наркы; эмгектин зыяндуу же коркунучтуу шарттарындагы иштерде иштеген кызматчыларга Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген ушундай иштердин жана ченемдердин тизмегине ылайык сүттүн жана башка дарылоо-профилактикалык тамак-аштын наркы;

12) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык кызматчыларга милдеттүү медициналык текшерүүнүн жана дарылоо-алдын алуу тейлөөнүн наркы;

13) кызматчыга иш сапарына кеткен чыгашаларды, ошондой эле уюмду башкаруу органынын мүчөлөрү тарабынан өз милдеттерин аткарууда тарткан чыгашаларын компенсациялоо суммалары:

а) дайындалган жерге баруу жана кайра келүү боюнча - берилген документтерге жараша;

б) турак жайды жалдоо боюнча - берилген документтерге жараша;

в) суткалык - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен нормалардын чектеринде.

Ушул пункттун "а" жана "б" пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда иш сапарынын чыгашалары боюнча ордун толтуруунун суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалардын чектеринде салык салуудан бошотулууга тийиш;

14) өз кызматчыларын милдеттүү камсыздандыруу боюнча жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу сыйакыларынын суммасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылуучу ушундай келишимдер боюнча төлөмдөр;

15) ушул Кодекстин 195-беренесинде каралган кызматчыны даярдоого жана кайра даярдоого багытталган жумуш берүүчүнүн чыгашалары;

16) эгерде ушул берене менен башкача каралбаса, Граждандык, Улуу Ата Мекендик согуштардын майыптарынын жана катышуучуларынын, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистан жана башка мамлекеттердеги согуштарга катышкандардын, Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдардын, Баткен окуяларынын катышуучуларынын, Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюуга катышкан адамдардын, Граждандык, Улуу Ата Мекендик согуштарда курман болгондордун жесирлеринин же жесилдеринин ишкердик иш-аракеттерден алынган кирешелеринен башка кирешелери;

17) жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке адамдардын айыл чарба продукцияларын сатуудан алган кирешелери;

18) жумуш берүүчү тарабынан кызматчынын 14 жашка чейинки балдары (багуусундагылар) үчүн 10 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес өлчөмдө берилүүчү жаңы жылдык белектер түрүндөгү кирешелер;

19) бюджеттик каражаттардын эсебинен олимпиада оюндарынын чемпиондоруна жана байге ээлерине, спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү стипендиялар, Олимпиада оюндарынын, дүйнөлүк, Азия чемпионаттарынын жана Азия оюндарынын чемпиондору жана байге ээлери болушкан курама командалардын мүчөлөрүнө бир жолу берилүүчү сыйакылар;

20) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик күзөт кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын, өрткө каршы кызматтын, жарандык коргонуу аскерлеринин кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ордуна берилген акчалай үлүш жана компенсациялар түрүндөгү кирешелери;

21) ишке орноштуруу кызматы органдары уюштурган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда алектенген жарандардын эмгегине төлөнгөн акылар;

22) майыптарга, пенсионерлерге, жетим балдарга жана көп балалуу энелерге же аталарга кесиптик бирлик органдары тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр түрүндө алынган киреше;

23) Кыргыз Республикасынын банктарындагы аманаттар боюнча пенсионерлер, майыптар, Граждандык, Улуу Ата Мекендик согуштардын катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистан жана башка мамлекеттердеги согуштарга катышкан аскер кызматчылары, Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар, Баткен окуяларынын катышуучулары, Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюуга катышкан адамдар, I жана II топтогу майыптар алуучу пайыздар;

24) Кыргыз Республикасынын жеке жактары - резиденттери тарабынан ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган дивиденддер;

25) үчүнчү тараптан алынган киреше:

а) майып тарабынан - майыптар үчүн техникалык каражаттар үчүн акы төлөө түрүндө;

б) майып тарабынан - майыптуулукту профилактикалоо жана реабилитациялоо үчүн, майыптар үчүн узатуучу-иттерди багуу суммасынын өлчөмүндө;

в) майып, пенсионер, жетим балдар, 4 же андан ашык жашы жетелек балдары бар көп балалуу үй-бүлөлөр тарабынан - жөлөкпулдар түрүндө алынган;

г) социалдык жактан корголбогон адам тарабынан - акысыз тамактануу түрүндө алынган;

26) кан тапшырганы үчүн, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган донорлуктун башка түрлөрүнөн алынган суммалар;

27) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык алынуучу алименттер;

28) жубайлардын же мурдагы жубайлардын ортосунда ажырашуунун кесепетинен улам менчикти өткөрүп берүүдөн алынган кандай болбосун киреше;

29) ишкердикти жүзөгө ашыруудан алынган мүлктү, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, жеке адам тарабынан мурастоо же белекке берүү тартибинде жакын туугандарынан алынган мүлктүн, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;

30) жеке адам тарабынан гуманитардык жардам түрүндө алынган мүлктүн наркы;

31) наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуштар түрүндө алынган кирешенин кандай болбосун түрлөрү;

32) салык төлөөчү тарабынан жеке максаттар үчүн пайдаланылган жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында эмес сатылып алынган, кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше, төмөнкү учурлардан тышкары:

а) сатып алган күндөн тартып бир жылдан кем эмес жеке менчик укугунда таандык болгон автомототранспорттук каражаттарды сатуудан алынган киреше;

б) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна таандык болгон жана ушул кыймылсыз мүлк сатып алынган күндөн тартып удаа келген 2 жылдан кем жеке менчик укугунда турган кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше;

33) катышуучунун кошкон үлүшүнүн же пайынын өлчөмүндө же үлүштүк баалуу кагаздардан кайтаруу суммасы;

34) кайтарылып берилүүчү сыйакылары жана сатып алынуучу суммалар, ошондой эле ушул Кодекстин 165-беренесинин 1-бөлүгүнүн 18-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган жеке адам менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учурлары келип чыкканда камсыздандыруу суммалары жана ордун толтуруулар;

35) Кыргыз Республикасынын банктарына аманаттар боюнча пайыздар;

36) пайыздык киреше жана сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржанын листингиндеги баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн кирешелер;

37) мамлекет, коммерциялык эмес уюмдар тарабынан социалдык реабилитациялоого же адаптациялоого, медициналык жардамга муктаж болгон, жашоо деңгээлинен төмөн кирешеси бар төмөнкү адамдарга акысыз берилүүчү активдер:

а) качкындарга;

б) катуу оорулууларга;

38) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштегени үчүн белгиленген үстөктөрдүн жана райондук коэффициенттердин өлчөмү;

39) эл аралык конкурстарга, фестивалдарга катышуудан байге түрүндө алынган суммалар;

40) эл аралык уюмдар (фонддор) ыйгарган сыйлыктар түрүндө алынган суммалар.".

13. 175-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Киреше салыгынын акыркы суммасы эсептелген салыктын суммасы менен салык агенти кармап калган салыктын суммасынын ортосундагы айырма катары аныкталат.".

14. 183-берене төмөнкүдөй мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:

"15) "Чакан жана орто ишкердиктин субъекти" - каржылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүүчү, инвестициялык фонддун субъекттин, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусун, ошондой эле КНС эсепке албаганда календардык жыл үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдөн түшкөн акчасы жана сатуудан салыгы 30000000 сомдон ашпаган салык төлөөчүнү кошпогондо, пайда салыгынын салык төлөөчүсү.".

15. 188-берененин 1-бөлүгүндө:

12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "д" пунктчасы менен толукталсын:

"д) анын алгачкы наркын алып салуу менен катышуу үлүшү;";

16-пункттун "б" жана "в" пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;

19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19) шектүү милдеттенмелердин суммалары;".

16. 189-беренеде:

1-пунктта "ошондой эле уюмдагы катыш үлүшүн сатуудагы кирешени" деген сөздөр алып салынсын;

9-пунктта "пайыздар" деген сөз "пайыздык кирешелер" деген сөздөргө алмаштырылсын;

берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:

"10) негизги каражаттарды сатуудан финансылык ижаранын (лизингдин) келишими боюнча алынган киреше.".

17. 193-берененин 1-бөлүгү "оң курстук айырманын суммасынан" деген сөздөрдөн кийин "жана өнбөй турган карыздын суммасынан" деген сөздөр менен толукталсын.

18. 196-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"196-берене. Пайыздык чыгашаларды чыгарып салуу

 

1. Эгерде карыздын суммасы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн колдонулса, чегерилген же төлөгөн пайыздык чыгашалар ушул Кодекске ылайык, салык төлөөчү тарабынан колдонулган салыктык эсепке алуунун усулуна жараша ушул беренеде каралган чектөөлөрдү эске алуу менен чыгарылып салынуусу тийиш.

2. Амортизациялануучу негизги каражаттарды сатып алууга жана түзүүгө байланыштуу же аларды пайдаланууга киргизгенге чейин алардын наркын өзгөртүүгө таасир берүүчү чыгашалар менен байланышкан ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү колдонгон салыктык эсепке алуунун усулуна жараша чегерилген же төлөнгөн пайыздык чыгашалар жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салынууга жатпастан, алардын наркын көбөйтөт.".

19. 197-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган, 5 жыл ичинде багытталышы боюнча пайдаланылбаган атайын фонддун каражаттарынын суммасы бюджетке төлөнүп берилет.".

20. 198-беренеде:

1-бөлүктө "даярдоого, монтаждоого, орнотууга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар, карыз милдеттенмелери боюнча пайыздар" деген сөздөр "анын ичинде пайыздык чыгашалары, ошондой эле даярдоого, монтаждоого, орнотууга кеткен иш жүзүндөгү зарптоолор" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5-бөлүктүн биринчи абзацында "кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздар деген сөздөр "анын ичинде пайыздык чыгашалар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

21. 200-беренеде:

2-бөлүктө "Салык" деген сөз "Эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, салык" деген сөздөргө алмаштырылсын";

4-бөлүктө "салык төлөөчү-лизинг алуучу" деген сөз "Эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, салык төлөөчү-лизинг алуучу" деген сөздөргө алмаштырылсын.

22. 201-берененин 2-бөлүгүндө:

3-пункт "жоголгондо," деген сөздөн кийин "бузулганда" деген сөз менен толукталсын;

8-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

23. 203-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген чектөөдөн ашып кеткен сумма топтун наркына кошумчаланган негизги каражаттардын наркы катары каралган жана отчеттук жылдын аягында топтун салыктык наркын көбөйтөт.".

24. 209-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнүүгө тийиш болгон төмөнкү салыктар:

а) пайдага салык;

б) ушул Кодекске ылайык эсептелүүгө жатпаган КНС кошпогондо, КНС;

в) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда берүүчүлөр тарабынан төлөнүүчү сатуулардан салыкты кошпогондо, сатуулардан салык;

г) ушул Кодекске ылайык эсептен чыгарып салууга жатпаган акциздик салыкты кошпогондо, акциздик салык;".

25. 212-берененин 1-бөлүгүндө:

2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын, алардагы иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жалпы эмгек акы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөндө. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;";

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:

"9) лизингдик компаниялар.".

26. 213-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Лизингдик компаниялар үчүн пайда салыгынын ставкасы 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет.".

27. 217-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"217-берене. Пайдага салыктын алдын ала суммасын төлөө

 

1. Салык төлөөчү салыктык отчеттуулукту квартал сайын берип турууга жана пайдага салыктын алдын ала суммасын бюджетке салыктык мезгилдин отчеттук кварталынын экинчи айынан кийинки 20-күнүнөн кечиктирбестен киргизип турууга милдеттүү.

2. Отчеттук квартал үчүн пайдага салыктын алдын ала суммасы отчеттук кварталдан мурунку квартал үчүн КНС жана сатуудан салыкты эсепке албастан салык төлөөчүнүн түшкөн акчасынын суммасынан 1 пайыз өлчөмүндө аныкталат.

3. Салыктын алдын ала суммасын төлөбөгөн же өз убагында төлөбөгөн учурда, салык төлөөчүгө карата салыкты төлөбөгөнү же өз убагында төлөбөгөнү үчүн ушул Кодексте белгиленген туум колдонулат.".

28. 221-берененин 2-бөлүгүндө "тарабынан алынган пайыздарга карата, ошондой эле финансылык ижаранын (лизингдин) келишимдери боюнча лизинг берүүчү-резиденттер алынган пайыздарга карата" деген сөздөр ", лизингдик компаниялар тарабынан алынган пайыздарга карата" деген сөздөргө алмаштырылсын.

29. 223-беренеде:

1-бөлүктө:

- "кирешелер" деген сөз "кирешелер, эгерде ушул беренеде башкача каралбаса," деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1-пунктта "пайыздар" жана "пайыздардан тышкары" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "пайыздык кирешелер" жана "пайыздык кирешелерден тышкары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр - 10 пайыз;";

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын;

"5) Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы эл арылык байланыштарда жана ташууларда телекоммуникациялык же транспорттук кызмат көрсөтүүлөр - 5 пайыз.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары же аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда гана жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, деңиз, суу же аба кемелери, автотранспорт каражаттары же темир жол транспорттору менен кандай гана болбосун ташуулар Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы ташуулар деп түшүнүлөт.";

2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк уюм тарабынан аткарылган жана көрсөтүлгөн жумуштар жана кызматтар боюнча кирешелер ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ставкалар боюнча чыгарып салууларды жүзөгө ашыруусуз салык агенттери тарабынан төлөм булагынан салык алынууга жатат.";

берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон чет өлкөлүк уюм тарабынан лизингдик компаниядан алган кирешелер төмөнкү ставкалар боюнча чыгарып салууларды жүзөгө ашыруусуз кирешелерди төлөө булагынан лизингдик компания тарабынан салык алынууга жатат:

1) дивиденддер жана пайыздар, жумуштардан жана/же кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган киреше - 1 пайыз;

2) автордук калем акылар, роялти - 0 пайыз.".

30. VIII бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 34-1-глава менен толукталсын:

"34-1-глава

Чакан жана орто ишкердик субъекти

тарабынан пайдага салык боюнча салыктык базаны

эсептептөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби

 

223-1-берене. Чакан жана орто ишкердик субъекти тарабынан пайдага

салык боюнча жөнөкөйлөтүлгөн салыктык базаны

эсептептөөнү колдонуунун тартиби

 

1. Чакан жана орто ишкердик субъекти ушул главада белгиленген жөнөкөйлөтүлгөн тартипте пайдага салык боюнча салыктык базаны аныктоого укуктуу.

2. Ушул беренеде каралбаган учурларда, пайдага салык боюнча салыктык базаны эсептептөө ушул Кодекстин 29 жана 30-главаларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Календардык жыл ичинде түшкөн акчасынын өлчөмү 30000000 сомдон ашкан чакан жана орто ишкердик субъекти ушул календардык жылдан кийинки жылдын биринчи күнүнөн тартып пайдага салык боюнча салыктык базаны жөнөкөйлөтүлгөн эсептөөнү колдонуу укугун жоготот.

4. Календардык жылдын жыйынтыгы боюнча пайдага салык боюнча салык алынуучу базаны жөнөкөйлөтүлгөн эсептептөөнү колдонууга укугу бар пайдага салык салыгын төлөөчү ушул тартипти ушул календардык жылдан кийинки жылдын биринчи күнүнөн тартып колдонууга укуктуу.

5. Пайдага салык боюнча салык алынуучу базаны жөнөкөйлөтүлгөн эсептөөдөн жалпы тартипке, ошондой эле пайдага салыкты эсептөөнүн жалпы тартибинен пайдага салыкты эсептөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибине өтүүдө, салыктык максаттар үчүн амортизациялоону эсептөөдө эске алынуучу негизги каражаттардын алгачкы наркы календардык жылдын 1-январына карата негизги каражаттардын калдык наркына тең кабыл алынат, анда салык төлөөчү бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык эсептелүүчү пайдага салыкты жалпы эреже боюнча төлөйт.

 

223-2-берене. Жылдык жыйынды киреше

 

1. Жылдык жыйынды кирешеге кыйыр салыктарды эске албаганда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча кирет.

2. Жылдык жыйынды кирешенин курамына учурда Кодекстин 189-беренесинде каралган салык алынбай турган кирешелер кирбейт.

3. Бардык негизги каражаттарды саткан учурда терс калдыкты кошпогондо, негизги каражаттарды сатуудан түшкөн киреше товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчага кирбейт, амортизациялык чегерүүлөрдү эсептептөөдө негизги каражаттардын наркын азайтат.

 

223-3-берене. Киреше алууга багытталган чыгашаларды чыгарып

салуулар

 

Эгерде ушул главада башкача каралбаса, салык төлөөчү чегерүүгө жатпай турган сатылып алынган материалдык ресурстар боюнча салыктарды, ушул главага ылайык эсептелген амортизациялык чегерүүлөрдү кошуп алганда, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчаны алуу менен байланышкан тастыкталган чыгашаларды, ошондой эле ушул Кодекстин 203-беренесинде белгиленген чектөөсүз эсептелген негизги каражаттарды оңдоого кеткен чыгашаларды чыгарып салууга киргизүүгө укуктуу.

 

223-4-берене. Пайыздык чыгашаларды чыгарып салуулар

 

1. Эгерде карыздын суммасы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылса, чегерилген же төлөнгөн пайыздык чыгашалар ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу салыктык эсепке алуунун усулуна жараша, ушул беренеде каралган чектөөлөрдү эске алуу менен чыгарылып салууга тийиш.

2. Амортизациялануучу негизги каражаттарды сатып алууга жана түзүүгө байланыштуу же аларды пайдаланууга киргизгенге чейин алардын наркын өзгөртүүгө таасир берүүчү чыгашалар менен байланышкан, ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу салыктык эсепке алуунун усулуна жараша, чегерилген жана/же төлөнгөн пайыздык чыгашалар ушул каражаттардын наркына киргизилбейт жана жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга жатат.

 

223-5-берене. Негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин

жана товардык-материалдык запастардын наркы

 

1. Ушул главанын максаттары үчүн бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык негизги каражаттар деп таанылган активдер негизги каражаттар болуп саналат.

2. Негизги каражаттардын же материалдык эмес активдердин алгачкы наркына аларды сатып алууга жана/же даярдоого кеткен иш жүзүндөгү чыгашалар кошулат.

3. Негизги каражаттардын же материалдык эмес активдердин алгачкы наркы өзгөртүлүүгө жатпайт.

4. Негизги каражаттардын же материалдык эмес активдердин наркы ушул главада белгиленген тартипте жана шарттарда амортизациялык чегерүүлөр аркылуу чыгарып салууга кирет.

5. Товардык-материалдык запастардын наркы аларды сатып алуунун баасына кошуп эсептелүүгө тийиш болгон КНС алып салуу, жана/же ушул Кодекстин 294-беренесине ылайык чыгарып салууга жаткан акциздик салыктан улам аныкталат.

 

223-6-берене. Амортизациялануучу активдер

 

Салык төлөөчүнүн менчигинде турган негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчаны алуу үчүн пайдаланылуучу каржылык ижаранын (лизингдин) келишими боюнча алынган негизги каражаттары кошо амортизацияланат.

 

223-7-берене. Амортизациядык чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоо

 

1. Амортизациялык чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоодо салык төлөөчү ушул беренеде белгиленген усулду колдонот.

2. Пайдага салык боюнча салык алынуучу базаны аныктоо үчүн амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасы жыл сайын ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн амортизациялоонун ченемин жыл аягында негизги каражаттардын салыктык наркына көбөйтүү жолу менен салык төлөөчүлөр тарабынан аныкталат.

3. Амортизациялоонун ченеми 40 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

4. Негизги каражаттардын салыктык наркы жылдын аягында төмөнкүдөй эсептелет:

1) мурунку жылдын аягындагы негизги каражаттардын салыктык наркы катары аныкталган негизги каражаттардын жыл башындагы салыктык наркы, мурунку жылы эсептелген амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасына азайтылат;

кошуу

2) салыктык мезгилдин ичинде сатылып алынган негизги каражаттардын наркы;

алуу

3) салыктык мезгил ичинде сатылган негизги каражаттардын наркы.

5. Эгерде негизги каражаттардын салыктык наркы жылдын аягында нөлдөн аз болсо, ал нөлгө барабар болот, мында салык төлөөчү өз кирешесине көрсөтүлгөн терс калдыкты кошот.

6. Эгерде негизги каражаттардын салыктык наркынын чоңдугу жылдын аягында эсептик көрсөткүчтүн 100 эсесинен азды түзсө, анда бул сумма амортизациялык чегерүү деп таанылат.

7. Эгерде бардык негизги каражаттар сатылган болсо, анда калдык салыктык нарк амортизациялык чегерүү деп таанылат жана эсептен чыгарылууга жатат.

8. Ушул беренеде белгиленген амортизациялык чегерүүнүн тартибин колдонгон салык төлөөчү ушул главада белгиленген пайдага салык боюнча салык алынуучу базаны жөнөкөйлөтүлгөн чегерүүнү колдонгон мезгил ичинде аталган усулду колдонууга укуктуу жана ушул режимди колдонгон салык төлөөчү катары эсептен чыгарылган күндөн тартып аны колдонууну токтотууга милдеттүү.

 

223-8-берене. Экономикалык иш менен байланыштуу зыяндарды которуу

 

1. Салык төлөөчүнүн чыгарып салууларынын анын кирешесинен ашып кеткен суммасы зыян деп таанылат жана ал салык төлөөчү тарабынан ушул зыян келип чыккан мезгилден кийинки салыктык мезгилдердеги салык салынуучу кирешеден чыгарып салуу катарында 5 календардык жылга чейинки мөөнөткө которулат.

2. Эгерде салык төлөөчү бирден ашык салык мезгилинде зыян тартса, мындай зыяндарды ушул зыян тартылган мезгилден кийин келүүчү салык мезгилине которуу ошол зыяндын тартылышынын кезектүүлүгү боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Салык төлөөчү кайра уюштуруунун себеби боюнча ишин токтоткон учурда, анын укугун улантуучу-салык төлөөчү ушул беренеде каралган тартипте жана шарттарда салыктык базаны кайра түзүлгөн салык төлөөчү кайра түзүү учуруна чейин алган зыяндардын суммасына азайтууга укуктуу.

 

223-9-берене. Чыгарып салууга жатпаган чыгашалар

 

1. Төмөнкүлөр чыгарып салууга жатпайт:

1) бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине төлөнүүчү салыктык санкциялар, туумдар жана пайыздар;

2) Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнүүгө тийиш болгон төмөнкү салыктар:

а) пайдага салык;

б) ушул Кодекске ылайык эсепке алынууга жатпаган КНС тышкаркы, КНС;

в) берүүчүлөр товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда төлөөчү сатуудан салыкты кошпогондо, сатуудан алынуучу салык;

г) ушул Кодекске ылайык чыгарып салууга жатпаган акциздик салыкты кошпогондо, акциздик салык;

3) бул чыгашалар товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан акча алуу максатында жүргүзүлгөнүн ырастаган факты болгон учурлардан тышкары, башка жак үчүн тартылган кандай болбосун чыгашалар;

4) ушул Кодекстин жоболоруна ылайык, салык салынууга жатпаган менчиктин, кирешенин кандай болбосун түрүн сатып алууга, башкарууга же күтүүгө чыгашалар;

5) салык төлөөчү тарабынан өз үй-бүлө мүчөсүнө же өз ара көз каранды субъектке менчигин сатууга же алмаштырууга түздөн-түз же кыйыр байланышкан кандай болбосун зыяндар;

6) салык төлөөчүнүн экономикалык ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган анын жакын туугандарына жана башка адамдарга карата чыгашалар;

7) салык агенти тарабынан салынган киреше салыгынан тышкары, кызматчыга сатып алуу же өндүрүү баасынан төмөн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга байланыштуу чыгашалар;

8) мүнөзүн жана өлчөмүн аныктоого болбогон чыгашалар;

9) киреше алуу менен байланышпаган чыгашалардын суммалары;

10) пайдага салык алынбаган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан акча алуу менен байланыштуу чыгашалар;

11) эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, резервге чегерүүлөр түрүндөгү чыгашалар.".

31. 231-берененин 2-бөлүгүндө:

5-пункт "(фонд, чегерүү)" деген сөздөрдөн мурда "өткөрүү же кайтаруу учурунда ошондой болуп калган бир КНС төлөөчүнүн башка КНС төлөөчүгө же субъектке" деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды беримдер.".

32. 241-берене күчүн жоготту деп таанылсын.

33. 242-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"242-берене. Медициналык иш чөйрөсүндөгү товарлар жана

кызмат көрсөтүүлөр

 

Протездик-ортопедиялык буюмдарды беримдер, аларды оңдоону кошуп алганда майыптар үчүн атайын товарларды беримдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тизмек боюнча дары-дармек каражаттарын беримдер КНС бошотулган беримдер болуп саналат.".

34. 243-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) пайыздык кирешелерди эсептөө жана өндүрүү, карыздык милдеттенмелерди берүү жана өндүрүү, банктык кепилдиктерди берүүнү кошуп алганда, кепилчиликтерди жана/же кепилдиктерди берүү, карыздык милдеттенмелерди башкаруу боюнча агенттин кызмат көрсөтүүлөрү;".

35. 247-берене күчүн жоготту деп таанылсын.

36. 251-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"251-берене. Кайрымдуулук уюмдарынын беримдери

 

Кыргыз Республикасынын меценаттык жана кайрымдуулук жөнүндө Мыйзамдарына ылайык кайрымдуулук максаттарында кайрымдуулук уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылган беримдер КНС бошотулган беримдер болуп саналат.".

37. 253-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Турак-жай обьекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды акысыз негизде мамлекеттик архитектуралык көзөмөлгө алуу органдары тарабынан бекитилген обьектти эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга өткөрүп берүү КНС бошотулган берим болуп саналат".

38. 257-берененин экинчи бөлүгүндө "1-бөлүктүн 2, 3, 10 жана 13-пункттарында" деген сөздөр "1-бөлүктүн 2, 3, 10, 12 жана 13-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.

39. 259-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:

"7. Ушул берененин максаттарында негизги каражаттарды ажыратуу каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды берим болуп саналбайт.".

40. 265-берененин 9-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

41. 266-беренеде:

3-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

5-бөлүктүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

42. 270-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС табигый азаюулардын (жоготуулар ченемдери) нормаларынын чектеринде салык салынуучу беримдерге карата кириш кылынууга жатат.

Табигый азаюулардын (жоготуулар ченемдери) тармактык нормалары жана айрым субъекттерге карата табигый азаюулардын нормалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

43. 275-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;

"1. Ушул бөлүмгө ылайык жараксыз жана жоголгон деп таанылган КНС эсеп-фактураларына негизденген фактылар боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор салык төлөөчү тарабынан КНС боюнча отчеттуулукка киргизүүгө жатпайт.".

44. 295-берененин 1-бөлүгү "(коду ТНВЭД 2203)" деген сөздөрдөн кийин "жана жүзүм ширесинен (коду ТНВЭД 220430)" деген сөздөр менен толукталсын.

45. 310-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Суу менен жабдууга адистештирилген уюмдарды кошпогондо, роялтинин ставкасы накталай түрдө алынуучу суунун көлөмүнө жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:".

46. 315-беренеде:

1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын;

"5) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын, алардагы иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жалпы эмгек акы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөндө. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын турмуш-тиричилик максаты үчүн жеке адамга сатуу сатуулардан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат.".

47. 316-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3) каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды берүү.".

48. 317-берененин 5-бөлүгү "пайыздык кирешелер," деген сөздөрдөн кийин "каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган негизги каражаттарды сатуудан пайыздык кирешелерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

49. 341-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту "короо жай" деген сөздөрдөн мурда "үйдүн жанындагы," деген сөздөр менен толукталсын.

50. 343-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) майыптардын уюмдарынын, согуштун катышуучуларынын жана аларга теңештирилген адамдардын жерлери жана майыптар, азиздер жана дүлөйлөр аларда иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин түзгөн жана алардын эмгек акысы эмгекке акы төлөөнүн жалпы фондунун 50 пайызынан кем эмес суммасын түзгөн Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын жери. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;".

51. 351-беренеде:

2-бөлүктүн таблицасы "санына" деген сөздөн кийин ", миң адам," деген,сөздөр менен толукталсын;

3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Калктуу конуштарда калктын санына карабастан салыкты эсептөөдө бильярд, саны 100дөн ашык машина орду бар автомашина токтоочу жайларды берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүдө 1ге барабар коэффициент колдонулат.".

52. 353-беренеде:

4-бөлүктүн 1-пункту "жеке адамдардын" деген сөздөрдөн кийин "жана/же жылдык кирешесинин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашкандардын" деген сөздөр менен толукталсын;

берене төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:

"5. Ушул главада белгиленген шарттарга дал келбеген учурда, салык төлөөчү дал келбөө аныкталган айдан кийинки айдын 1инен тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн белгиленген жалпы тартибине өтөт. Ыктыярдуу патенттин негизинде төлөнгөн жана салык төлөөчү белгиленген жалпы тартипке өткөн учурдан башталуучу мезгилге туура келген салыктын суммасы ашыкча төлөнгөн деп таанылат, аны кириштөө ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат.

6. КНС боюнча каттоо чегинен ашканда КНС боюнча салыктык милдеттенме ушул Кодекстин жоболоруна ылайык келип чыгат.".

53. 359-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) жыл үчүн кирешенин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашпаса;".

54. 361-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"361-берене. Салыктык база

 

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча салык салуунун базасы болуп саналат.

2. Ушул Кодекстин 358-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурларда, салыктык база КНС эсептебегенде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча болуп саналат".

 

2-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 3-беренеде:

1-бөлүктө "2010" деген сан "2013" деген санга алмаштырылсын;

3-бөлүктө "2012" деген сан "2014" деген санга алмаштырылсын;

5-бөлүктө "2012" деген сан "2014" деген санга алмаштырылсын.

2. 8-берененин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацы "материалдык ресурстар" деген сөздөрдөн кийин ", негизги каражаттарды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 351-статьянын аталышы жана биринчи абзацы "декларация жана" деген сөздөрдөн кийин "/же" деген сөз менен толукталсын.

2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 356-1-статья менен толукталсын:

"356-1-статья. Банктын жоопкерчилиги

 

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 126-беренесинде белгиленген милдеттерди аткарбаганы үчүн, -

банктын кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

3. 535-статьянын 1-бөлүгүндө "356," деген сандан кийин "356-1," деген сан менен толукталсын; "418" деген сан алып салынсын.

 

4-берене.

 

       (КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

 

5-берене.

 

"Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 108-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

4-статьяда:

4-бөлүктө:

"шартта" деген сөз ", эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаган шартта" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Кредиттик союз лицензияда көрсөтүлгөн каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле каржылык лизинг боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу.".

 

6-берене.

 

"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

16-статьяда:

1-бөлүктө:

"Микрофинансы" деген сөздөр "Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, микро каржы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"6. Микрокаржы компаниясы каржылык лизинг боюнча операцияларды жүзөгө ашыра алат.".

 

7-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 189-беренесинин 10-пункту, 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пункту, 223-беренесинин 5-бөлүгү 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 213-беренесинин 3-бөлүгү 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана 2021-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

 

8-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Ушул Мыйзам 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 43-бөлүгү 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзамдын 2-беренеси 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев