Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a402d49a-1782-44fd-8dfa-7b0e0a9ca005\document.files\image001.jpg 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 11-октябры № 171

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР 2013-жылдын 19-октяблрындагы № 195, 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 202, 2017-жылдын 2-августундагы № 165
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-берене.

 

"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

18-статьянын 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Иш жүргүзүү башталганга чейин уюмдар транспорт жана коммуникациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен иш жүргүзүүнүн технологияларын жана мөөнөттөрүн макулдашууга милдеттүү.".

 

2-берене.

(КР 2017-жылдын 2-августундагы № 165 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)

 

3-берене.

"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

81-статьянын 1, 2 жана 7-бөлүктөрүндө түрдүү жөндөмө формаларындагы "Кыргыз Республикасын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

4-берене.

 

      (КР 2013-жылдын 19-октяблрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

 

5-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

9-статьяда:

25-пунктунда "курал-жарак оңдоочу, пиротехникалык, штемпелдик-гравердук ишканаларды," деген сөздөр алып салынсын;

28-пунктунда "детективдик" деген сөздөн кийин ошондой эле күзөт" деген сөздөр менен толукталсын.

 

6-берене.

 

"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

20-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.

 

7-берене.

"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 231-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-статьянын 4-пунктунун 2-пунктчасында "ылайыктуулук сертификатын жана" деген сөздөр алып салынсын.

2. 4-статьянын 2-пунктунда:

- экинчи абзацында ", ал эми бул талаптарга жооп бербеген үрөндөр, - талдоонун жыйынтыгы" деген сөздөр алып салынсын;

- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Экспорттолуучу үрөндөр керектөөчүлөрдүн талабы боюнча ылайык келүүнүн эл аралык сертификаты менен коштолот.";

- төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

 

8-берене.

"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 311-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-статьянын 2-бөлүгүндө ", тарыхый, көркөм жана материалдык зор баалуулугу бар баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган антиквардык жана зергердик ажайып буюмдар" деген сөздөр алып салынсын.

 

9-берене.

 

(КР 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 202 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

10-берене.

"Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 327-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7-статья. Лицензиялык ишти жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар

Лицензиялык ишти жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар лицензиялоо боюнча даярдык көрүү иштерин жүзөгө ашырат.

Жер казынасын пайдаланууга укук берген лицензияларды берүү боюнча конкурстук комиссияларды бекитүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Лицензиялоо жөнүндө" жана "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууга укук берген лицензияттарды берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мунайгаз тармагындагы иштин башка түрлөрүнө лицензия берүү укугун башка мамлекеттик органдарга берүү укугуна ээ болот.".

2. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12-статья. Мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууга укук берүү

Лицензиялар "Лицензиялоо жөнүндө" жана "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык мунайгаз тармагындагы иштин түрлөрүнө берилет. Лицензияга ээ болгон уюм мунайгаз тармагындагы иштин тиешелүү түрүнө карата артыкчылык укугуна ээ болот.".

 

11-берене.

"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 102-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзамдын бардык тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө жана сандык формаларындагы "ички иштер органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "лицензиар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 1-статьянын 1-бөлүгүндө "ички иштер органдарынан атайын уруксат (лицензия) алган" деген сөздөр алып салынсын.

3. 4-статьянын 1-бөлүгүндө "жекече иликтөө ишмердигин жүргүзүүгө Мыйзамда белгиленген тартипте лицензия алган жана" деген сөздөр алып салынсын.

4. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-статья менен толукталсын:

"4-1-статья. Жекече детективдик ишкана

Жекече детективдер юридикалык жак статусуна ээ жекече детективдик ишканаларды түзө алышат. Алардын жетекчилери үчүн коюлуучу милдеттүү талап жогорку юридикалык билими болушу саналат.

Эгерде жекече детективдик ишкананын ишмердиги атайын каражаттарды сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана алып жүрүү менен байланыштуу болгон учурда, кызматкерлер ушул Мыйзамдын 9-статьясынын үчүнчү бөлүгүнүн талабына ылайык лицензия алууга милдеттүү.".

5. 5-статьяда:

1-бөлүктүн тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

статья төмөнкү мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:

"Жекече детективдердин жана жекече детективдик ишканалардын ишмердигине атайын каражаттарды пайдаланууга атайын каражаттарды сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана алып жүрүү менен байланышкан жекече детективдик ишмердигине лицензиясы болгондо уруксат берилет.

Атайын каражаттардын түрлөрү, сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана алып жүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".

6. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9-статья. Жекече детективдик ишмердикти лицензиялоо

Алардын ишмердиги атайын каражаттарды сатып алуу, сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу менен байланышкан учурларды кошпогондо, жекече детективдердин жана жекече детективдик ишканалардын ишмердиги лицензияланбайт.

Атайын каражаттарды сатып алуу, сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу менен байланышкан жекече детективдик ишмердикке Кыргыз Республикасынын аймагында лицензия берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган орган тарабынан жүргүзүлөт.

Лицензия алууга талапкер жаран лицензиарга төмөнкүлөрдү өзү келип берүүгө милдеттүү:

анкетаны;

фотографияны;

ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкатты;

анын жарандыгын, юридикалык билиминин болушун же жекече тыңчы катары иштөө үчүн атайын даярдыктан өткөнүн, же болбосо ыкчам же кылмыш иликтөө бөлүмдөрүндө үч жылдан кем эмес кызмат кылган иш тажрыйбасын ырастаган документтерди;

атайын каражаттарга, байланыш каражаттарына жана башка техникалык каражаттарга керектөөлөрү жана аларды пайдалануу ниети жөнүндө маалыматты.

Лицензиар лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон берилген документтерде баяндалган маалыматтардын аныктыгын белгилөөгө, анын ичинде аны алууга талапкер адам менен маектешүү жолу менен белгилөөгө укуктуу.

Жекече детективдик ишканалардын түзүүчүлөрү лицензия алуу үчүн лицензиарга төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:

арыз;

ишкананын уставын;

ишмердиктин мүнөзү жана багыттары жөнүндө маалыматтарды;

кызматкерлердин курамы жана болжолдуу саны жөнүндө маалыматтарды;

атайын, техникалык жана башка каражаттардын болушу жөнүндө, ошондой эле аларга болгон керектөөлөр жөнүндө маалыматтарды жана уюштуруу документтерин.

Ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө саналган маалыматтар уюштуруучу тарабынан берилбесе же болбосо бурмаланган маалыматтарды берүү лицензия берүүдөн баш тартууга негиз болот.

Лицензия төмөнкүлөргө берилбейт:

1) жыйырма бир жашка толо элек жарандарга;

2) психикалык оорулар, алкоголизм же баңгилик боюнча саламаттык сактоо органдарынын эсебинде турган жарандарга;

3) атайлап жасаган кылмышы үчүн соттуулугу бар жарандарга;

4) кылмыш жасады деп айыпталган жарандарга (Мыйзамда белгиленген тартипте алардын күнөөлүүлүгү жөнүндө маселе чечилгенге чейин);

5) эгерде алар бошогон күндөн тартып бир жыл өтпөсө, жекече детективдик ишмердикке контролдоону жүзөгө ашыруучу укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлерине;

6) ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө саналган документтерди бербеген жарандарга.

Лицензия лицензиар тарабынан арыз берилген күндөн тартып бир айдын ичинде үч жылга берилет жана аны мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн негиз болуп саналат.

Лицензия берүүдө акы төлөө тартиби жана суммасы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен аныкталат.

Лицензиар лицензия берүүдөн баш тарткан учурда, баш тартуунун жүйөөсүн жазуу жүзүндө көрсөтүү менен арыз жиберген жаранга (жекече детективдик ишкананын уюштуруучусуна) бул тууралуу маалымдоого милдеттүү. Бул чечим же арызды кароо мөөнөтүнүн бузулушу сотко даттанылышы мүмкүн.

Жекече детектив катары иштөөгө лицензия алган жаранга лицензиар тарабынан анын инсандыгын күбөлөндүргөн белгиленген үлгүдөгү документ бир убакта берилет.".

7. 11-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

8. 12-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Лицензиясыз жекече детективдик ишмердикти жүзөгө ашырууда лицензиянын номери жана берилген датасы келишимде көрсөтүлбөйт.".

9. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13-статья. Жекече детективдик ишмердигине берилген лицензиянын мөөнөтүн узартуу жана жокко чыгаруу

Алардын иши атайын каражаттарды сатып алуу, сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу менен байланышкан жекече детективдер (жекече детективдик ишканалар) лицензияларын колдонуу мөөнөтүн өз убагында узартып турууга, ошондой эле анын талабы боюнча жекече детективдик ишмердик жөнүндө укуктук актылар менен белгиленген жоболордун сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды лицензиарга берүүгө тийиш. Лицензия арыз берүүчүнүн өтүнүчү боюнча аны колдонуу мөөнөтү бүтөөрүнө бир ай калганга чейин беш жылга узартылат.

Лицензиар төмөнкү учурларда лицензияны жокко чыгарууга укуктуу:

1) жекече детектив (жекече детективдик ишкана) тарабынан жекече детективдердин жана жекече детективдик ишканалардын ишмердигинин, ошондой эле атайын каражаттарды жүгүртүү эрежелеринин укуктук негизин түзүүчү ушул Мыйзамда каралган талаптар, Кыргыз Республикасынын башка Мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын жоболору бузулганда же болбосо аткарылбаганда;

2) салыктык жана башка финансылык милдеттемелер аткарылбаганда.

Эгерде жекече детективге кылмыш жасоо айыбы коюлган учурларды албаганда, лицензиар тарабынан анын ээсин алдын ала жазуу жүзүндө эскертүү лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуунун алдында жасалууга тийиш. Эскертүүдө кайсы укуктук ченемдер жана эрежелер бузулганы же тиешелүү түрдө аткарылбаганы так көрсөтүлөт жана анда кетирилген эреже бузууларды четтетүү үчүн мөөнөт аныкталат.

Лицензияны жокко чыгаруу жеке иликтөөчүлүк ишмердикти токтотуу үчүн негиз болуп саналат жана сотко даттанылышы мүмкүн.

Жекече детективдик ишмердикке лицензия жекече детектив андан ыктыярдуу баш тарткан же ишкана жоюлган учурда да жокко чыгарылат.

Лицензияны жокко чыгаруунун мыйзамдуулугу сот тарабынан белгиленгенде, аны кайра алууга кайрылуу соттук чечим чыгарылган күндөн тартып үч жыл өткөндөн кийин болушу мүмкүн.".

10. 14-статьяда:

2-бөлүктүн биринчи сүйлөмү алып салынсын;

4, 6 жана 7-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;

5-бөлүктө "ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндө саналып өткөн" деген сөздөр "ушул Мыйзамдын 3-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө саналып өткөн" деген сөздөргө алмаштырылсын.

11. 14-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"14-1-статья. Жекече күзөт ишканаларынын ишмердигин лицензиялоо

Ишмердиги атайын каражаттарды жана куралдарды сатып алуу, эсепке алуу, сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу менен байланышкан жекече күзөт ишканалары ишмердиктин бул түрүнө ушул Мыйзамдын жана лицензиялоо жөнүндө Мыйзамдардын талаптарына ылайык лицензия алууга милдеттүү.

Күзөт кызматтарын көрсөтүүгө лицензия алуу үчүн ушул максаттар үчүн түзүлүп жаткан ишкана лицензиарга төмөнкүлөрдү берет:

арыз;

уюштуруу документтери;

күзөт кызматтарынын түрлөрү саналып өткөн жана түзүлүп жаткан күзөт ишканасынын ишмердигинин аймагы көрсөтүлгөн кыскача кат;

кызматкерлердин болжолдонгон саны, техникалык жана башка каражаттарды, атайын каражаттарды, курал-жарактарды пайдалануу ниети жана аларды керектөө муктаждыгы жөнүндө маалыматтар;

кызматкердин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын ырастаган документтери, кызматкердин күзөтчү катары иштөө үчүн атайын даярдыктан өтүшү же болбосо ички иштер органдарында же улуттук коопсуздук органдарында үч жылдан кем эмес иш стажынын болушу.

Ишкананын жетекчисинин жогорку билиминин болушу милдеттүү талап болуп саналат.

Зарыл болгондо лицензиар күзөт ишмердигине лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон берилген документтерде баяндалган маалыматтардын аныктыгын белгилөөгө укуктуу.

Лицензия берүүдөн, анын колдонуу мөөнөтүн узартуудан баш тартуу, ишкананын лицензиясын жокко чыгаруу, алардын кардарлар менен келишимдер түзүүсү жана лицензиардын чечимдерине даттануулары жекече детективдик ишканалардын бирикмелери үчүн белгиленгендей эле тартипте жүзөгө ашырылат.

Күзөт ишине ушул Мыйзамдын 10-статьясында белгиленген чектөөлөр жайылтылат. Күзөтчүлөргө иликтөө усулдарын пайдаланууга тыюу салынат.

Күзөтүлгөн менчикке карата укукка сыйбаган кол салуу жасаган адам күзөтчү тарабынан укук бузган жеринен кармалышы мүмкүн жана ички иштер органына ошол замат өткөрүп берилүүгө тийиш.".

12. 14-2-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "21 жашка чыга электер" деген сөздөр "он сегиз жашка чыккандар, эгерде жекече күзөтчүнүн ишмердиги атайын каражаттарды жана куралды сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу менен байланыштуу болгон учурда - жыйырма бир жашка чыккандар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

13. 15-1-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

14. 15-2-статьянын 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигинин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган ченемдик актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

15. 16-статьяда:

1-бөлүгүндө "лицензияларда берилген укуктардын чегинде" деген сөздөр алып салынсын;

3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

12-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби

 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып ушул Мыйзам менен алып салынган ишмердиктин түрлөрүнө берилген лицензиялар жана уруксаттар юридикалык күчүн жоготот, ал эми ишмердиктин ушул түрлөрү боюнча лицензияларды жана уруксаттарды алуу үчүн кароого түшкөн документтер арыздануучуларга кайтарылып берүүгө жатат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамды ишке ашырууну баштоо үчүн биротоло чараларды көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев