Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!

КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184  Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр,

көрсөтүлгөн Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 10-январы № 1

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 258-1-берене менен толукталсын:

"258-1-берене. Импорттолуучу куралдарды, аскер техникаларын, аскердик мүлктү, атайын техникаларды, атайын каражаттарды КНСтен бошотуу

 

1. Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылуу максатында иши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен каржыланган мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу куралдар, аскердик техникалар, аскердик мүлк, атайын техникалар, атайын каражаттар КНС төлөөдөн бошотулат.

2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн товарды импорттоо ТЭИ ТН жараша, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге ылайык КНС төлөөдөн бошотулат.".

 

2-берене.

 

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

  

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                

 

А. Атамбаев