Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\68a85ac1-cc87-40fd-aeec-85e8467d2a30\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ
ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2013-жылдын 26-декабры № 191

“Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу 

«Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу,  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын төрагасы

 

 

Т. Абдраимов