Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык
2019-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\acdd780c-d7f9-47cd-9a58-164a4a28a8c5\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 25-январы № 9

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

154 жана 155-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"154-статья. Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо

(1) Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо -

жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.

(2) Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүү үчүн ала качуу -

беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

155-статья. Аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу

(1) Аялды никеге турууга же никелешип чогуу жашоону улантууга мажбурлаганда, ошого тете аялдын никеге турушуна тоскоолдук кылганда -

жүздөн эки жүз чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.

(2) Анын эркине каршы никеге туруу үчүн аялды ала качканда -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев