Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 4-февралы № 12

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 9-беренеде:

1-бөлүгүндө:

3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) өзүнүн тандоосу боюнча комитеттердин, убактылуу комиссиялардын курамына кирүүгө;";

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

"8) парламенттик фракцияларга жана депутаттык топторго биригүүгө.";

2-бөлүгүндө:

2-пункту "парламенттик фракцияларда," деген сөздөрдөн кийин "депутаттык топтордо," деген сөздөр менен толукталсын;

3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) бир кеңеш берүүчү добуш укугу менен экиден ашпаган комитеттердин курамына кирүүгө;";

5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) парламенттик фракциянын, депутаттык топтун тартибине баш ийүүгө;".

2. 10-берененин 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7) парламенттик фракциянын, депутаттык топтун тапшырмасы боюнча парламенттик фракциянын, депутаттык топтун өзгөчө ой-пикиринин текстин жарыя кылуу жана ал боюнча добуш берүү үчүн төрагалык кылуучуга берүүгө;".

3. 12-берененин 1-бөлүгүндөгү "парламенттик фракциянын өкүлү катары" деген сөздөр алып салынсын.

4. 14-беренеде:

берененин аталышы "парламенттик фракцияларга" деген сөздөрдөн кийин "жана депутаттык топторго" деген сөздөр менен толукталсын;

1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жогорку Кеңештин депутаты саясий партиянын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешке шайланган депутаттардан түзүлгөн парламенттик фракциянын курамына кирет; саясий көз караштары дал келбегенде ал аны түзүүдө көрсөтүлгөн фракциянын курамына кирбей жана эркин депутат болуп кала алат. Жогорку Кеңештин саясий көз карашы башка болгон депутаттары фракциянын ичинде жана фракциядан тышкары депутаттык топторго биригүүгө укуктуу. Депутаттык топ - Жогорку Кеңештин үч жана андан ашык депутаттарынын бирикмеси.";

2-бөлүгү "фракциянын" деген сөздөн кийин ", депутаттык топтун" деген сөздөр менен толукталсын;

3-бөлүгүндө:

бөлүктүн бардык тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "фракциянын" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү ", депутаттык топтун" деген сөздөр менен толукталсын;

2-пунктундагы "жобону" деген сөз "жоболорду" деген сөзгө алмаштырылсын;

4-пунктундагы "алдыда өтүүчү күн тартибине" деген сөздөр "алдыда турган күн тартибине" деген сөздөргө алмаштырылсын;

расмий тилдеги тексттин 7-пунктундагы "позиций" деген сөз "позиции" деген сөзгө алмаштырылсын;

4-бөлүгүндө:

бөлүк "фракциядагы" деген сөздөн кийин ", депутаттык топтогу" деген сөздөр менен толукталсын;

"жободо" деген сөз "жоболордо" деген сөзгө алмаштырылсын.

5. 16-берененин 3-бөлүгүндөгү "же парламенттик фракциянын" деген сөздөр ", парламенттик фракциянын же депутаттык топтун" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 20-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Комитеттердин, парламенттик фракциялардын, депутаттык топтордун биринин демилгеси боюнча же Жогорку Кеңештин чечими боюнча парламенттик иликтөө, ал эми Жогорку Кеңештин депутатынын демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык кандай болбосун маселе боюнча - депутаттык иликтөө жүргүзүлүшү мүмкүн.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев