Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2019-жылдын 8-июлунда N 82 Мыйзамынын 37-берененин 5-пунктуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7fc186fa-635c-43ae-8c12-d711af60c9d3\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 22-февралы № 27

"Мамлекеттик статистика жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 3, 237-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 4-статьянын 2-бөлүгүндөгү "баштапкы эсепке алуунун жана" деген сөздөр алып салынсын.

2. 9-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Юридикалык жактар, алардын филиалдары, бөлүмдөрү, өкүлчүлүктөрү жана башка түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер жана дыйкан (фермер) чарбалары тууралуу маалыматтарды жыйноонун, топтоонун жана кайра иштеп чыгуунун системасы болгон Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктеринин бирдиктүү мамлекеттик регистри мамлекеттик статистикалык байкоолорду жүзөгө ашыруу үчүн негиз болуп саналат.".

3. 13-статьянын бешинчи абзацындагы ", ошондой эле баштапкы эсепке алуу документациясынын типтүү формаларын" деген сөздөр алып салынсын.

4. 14-статьяда:

статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "14-статья. Статистикалык иштерди пландаштыруу жана мамлекеттик статистика органдарын каржылоо";

статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мамлекеттик статистиканы өркүндөтүүнүн жана өнүктүрүүнүн көп жылдык программаларын иштеп чыгуунун негизинде статистикалык иштерди пландаштыруу жүзөгө ашырылат.".

5. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19-статья. Статистикалык маалыматтын жашыруундуулугун камсыз кылуу

Түздөн-түз же кыйыр түрдө дайындуу бир жеке адамды, үй чарбасын, жеке адамдардан турган ишкананы, же өз ишин экономиканын менчик секторунда жүзөгө ашырып жаткан дайындуу бир юридикалык жакты идентификациялоого, же ушул өзүнчө бирдик жөнүндө маалыматты ачууга жол берген баштапкы статистикалык маалыматтар жашыруун болуп саналат.

Өз иштерин юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер, дыйкан (фермер) чарбалары, ошондой эле юридикалык жактар, алардын обочолонгон бөлүмдөрү жөнүндөгү төмөнкү маалыматтар жашыруун болуп саналбайт:

жеке ишкердин аты-жөнү (ал болгондо) же юридикалык жактын аталышынын толук, кыскартылган (ал болгондо) аталышы;

ишканалардын, уюмдардын жана жеке ишкерлердин жалпы идентификациялык коду (ИУЖК);

юридикалык дареги (жайгашкан жери);

телефондун жана факстын номери, электрондук дареги.

Баштапкы статистикалык маалыматтардын жашыруундуулугу аларды жыйноо, кайра иштеп чыгуу жана сактоо процессинде мамлекеттик статистика органдары тарабынан камсыз кылынат. Бул маалыматтар мамлекеттик статистика органдары тарабынан расмий статистикалык маалыматты түзүү максатында же илимий-изилдөө иштеринде гана пайдаланылат.

Маалыматтык базаларды белгиленген тартипте идентификацияланбаган түрдө илимий максаттар үчүн берүүгө жана пайдаланууга жол берилет.

Эгерде ал жашыруун маалыматты камтыган болсо, статистикалык маалымат пайдалануучуларга берилбейт. Бул учурда жалпыланган маалымат үчтөн кем эмес объект жөнүндө маалыматты камтуусу, ал эми алардын бири туурасындагы маалыматтын үлүшү жалпыланган маалыматтын жалпы көлөмүнүн 85 пайызынан ашпоосу тийиш.

Мамлекеттик статистика органдары анын ачыкка чыгуусуна жол бербөө максатында жашыруун статистикалык маалыматты коргоо үчүн жөнгө салуучулук, администрациялык, техникалык жана уюштуруучулук мүнөздөгү бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

Өздөрүнүн кызматтык милдеттеринен улам жеке маалыматтарга түздөн-түз жеткен мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлери, интервью алуучулар, эсепчилер, сурап-билүүчүлөр жана башка адамдар бул милдеттерди аткарууну токтоткондон кийин да алардын жашыруундуулугун сактоого милдеттүү.

Мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлери жана статистикалык байкоо жүргүзүүгө тартылган адамдар жашыруун маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

 

А.Атамбаев