КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 11-марты № 38
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 22-статья төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"- биомассаны, токойду жана башка жердеги экотутумду кошуп алганда, Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган, Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган бардык парник газдарын сиңирип алуучуларды жана топтогучтарды сарамжалдуу пайдалануу;
- климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу;".
2. 29-статьянын 1-бөлүгү "ден соолукту чыңдоочу" деген сөздөрдөн кийин ", көмүртектин диоксидин сиңирип алуунун эсебинен климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн жагымсыз кесепеттерин эскертүүчү" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 74-статья "жергиликтүү программалардын" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө жана парник газдарын сиңирип алуунун көбөйүшүнө ыңгайлашуу боюнча аракеттердин" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|