Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык
2019-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\4aa184cd-f847-48b6-afc1-c47e9730e1d9\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 18-марты № 43

Кыргыз Республикасынын
Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 156-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. Кодекстин бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмө формаларындагы "Юстиция министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 15-статьянын 8-бөлүгүндө, 39-1-статьянын 4-бөлүгүндө жана 39-13-статьянын 4-бөлүгүндө "Юстиция министрлигинин ченемдик актыларында" деген сөздөр "ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 23-статьянын 2-бөлүгүндө, 39-11-статьянын 3-бөлүгүндө, 45-статьянын 2-бөлүгүндө, 47-статьянын 1-бөлүгүндө, 48-статьянын 6-бөлүгүндө, 51-статьянын 1-бөлүгүндө, 59-статьянын 2-бөлүгүндө, 71-статьянын 3-бөлүгүндө, 83-статьянын 5-бөлүгүндө "Юстиция министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.

4. 39-11-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда жана 39-17-статьянын 1-бөлүгүндө "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын.

5. 54-статьяда:

3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилүүчү жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-бөлүгүндө "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8-бөлүгүндөгү "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.

6. 57-статьянын 3-бөлүгүндө "Юстиция министринин" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчисинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 61-статьянын 2-бөлүгүндө:

расмий тилдеги текстинде "дед, бабка" деген сөздөр "дедушка, бабушка" деген сөздөргө алмаштырылсын;

"ал эми өзгөчө учурларда мекеменин зардалынын уруксаты аркылуу-башка адамдар менен" деген сөздөр "ошондой эле алардын чөйрөсү түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери менен аныкталуучу башка адамдар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.

8. 73-статьянын 5-бөлүгүндө "жана тиешелүү министрликтердин ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр алып салынсын.

9. 80-статьянын 4-бөлүгүндө "тиешелүү министрликтери менен ведомстволору" деген сөздөр "мыйзамдары" деген сөзгө алмаштырылсын.

10. 137-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

11. 140-статьянын 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

12. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 145-2-статья менен толукталсын:

"145-2-статья. Жазаны өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда

бошотулган соттолгондун чектөөлөрү жана милдеттери

 

Соттолгон жазаны өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулганда анын жүрүм-турумун контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн үч күндүк мөөнөттө өзү көрсөткөн жашаган жери боюнча жазык-аткаруу инспекциясына келүүгө милдеттүү.

Соттолгондун чектөөлөрү жана милдеттери сот тарабынан жазаны өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим чыгарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.".

13. 157-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(1) Жазык-аткаруу инспекциялары сыноо мөөнөтүнүн ичинде жазаны шарттуу колдонбоо менен соттолгондорду жеке эсепке алууну жүзөгө ашырат, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен соттолгондор тарабынан коомдук тартиптин сакталышын жана аларга сот тарабынан жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын контролдойт. Соттолгон каттоого туруу үчүн соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө жазык-аткаруу инспекциясына келүүгө милдеттүү. Соттолгонду каттоого коюуда жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жүрүм-турум эрежелери жана милдеттери белгиленет.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев