Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык
2019-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\056a10a9-c864-46f4-ac6c-ad926b669bc3\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 11-апрели № 50

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 42-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) атайын, аскердик, ардактуу наамынан, класстык ченинен, атайын класстык ченинен, дипломатиялык рангынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу;".

2. 51-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"51-статья. Атайын, аскердик, ардактуу наамдардан же класстык чендерден ажыратуу

Оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн сот күнөөлүүнүн инсандыгын эске алуу менен аны атайын, аскердик, ардактуу наамынан, класстык ченинен, атайын класстык ченинен, дипломатиялык рангынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратышы мүмкүн.".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев