КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 11-апрели № 51
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары
жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү
тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 7-статьянын 6-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ички иштер органдарынын кызматкерлерине иш таштоолорду уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга, тынч чогулуштарды өткөрүүнү уюштуруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда анын катышуучусу катары тынч чогулуштарга катышууга, ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салынат.".
2. 8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:
"20) тынч чогулуштардын катышуучуларына сый мамиле кылууга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштөөсүн камсыз кылууга, ошондой эле тынч чогулуштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди аткарууга жана чектөөлөрдү сактоого.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |