Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 2-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык
2017-жылдын 1-октябрынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\LSoft\CdbSearchClient\d7cfca94-43f6-4059-8626-be1f7d96429e\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 8-майы № 68

"Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын
жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды
декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

"Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 514-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 5-статьянын 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун, ошондой эле декларациянын формасынын, аны толтуруунун, берүүнүн, эсепке алуунун жана сактоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

2. 6-статьянын 1-пунктунун "ж" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"ж) жыл сайын 1-сентябрга чейин өзүнүн иши жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана тиешелүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтөт;".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев