Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 8-майы № 69

 

Кыргыз Республикасынын
айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж. № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

217-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"217-берене. Пайдага салыктын алдын ала суммасын төлөө

 

1. Салык төлөөчү пайдасы нөл ставкасы боюнча салык алынуучу жана пайдага салыкты төлөөдөн бошотулган салык төлөөчүнү кошпогондо, экинчи кварталдан тартып квартал сайын салыктык отчеттуулукту берүүгө жана бюджетке отчеттук мезгилден кийин келүүчү экинчи айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирбестен пайдага салыктын алдын ала суммасын бюджетке төгүүгө милдеттүү.

2. Учурдагы салык мезгилинин биринчи кварталы, биринчи жарым жылдыгы, биринчи 9 айлыгы пайдага салыктын алдын ала суммасы боюнча отчеттук мезгил болуп саналат.

3. Отчеттук мезгил үчүн пайдага салыктын алдын ала суммасы бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелер боюнча отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайданын 10 пайызы өлчөмүндө аныкталат.

Пайдага салыктын алдын ала суммасын эсептөөдө ушул Кодекске ылайык пайдага салык салынбаган кирешелер эсепке алынбайт.

4. Отчеттук мезгил үчүн бюджетке төлөнүүгө жаткан пайдага салыктын алдын ала суммасы отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайдага салыктын алдын ала суммасы менен мурдагы отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайдага салыктын алдын ала суммасынын ортосундагы оң айырма катары аныкталат.

5. Салык төлөөчү экономикалык ишке байланышкан чыгымдарды жылдырган учурда, бюджетке пайдага салыктын ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык эсептелген алдын ала суммасы менен ушул Кодекстин 206 жана 223-8-беренелерине ылайык отчеттук салык мезгилине салык алынуучу кирешеден алып салуу катарында жылдырууга жаткан чыгымдардын 10 пайызы өлчөмүндө эсептелген сумманын ортосундагы оң айырма төлөнөт.

6. Пайдага салыктын алдын ала суммасы төлөнбөгөн же өз убагында төлөнбөгөн учурда салык төлөөчүгө карата салыкты төлөбөгөндүк же өз убагында төлөбөгөндүк үчүн ушул Кодексте белгиленген туум колдонулат.".

 

2-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:

"7. 2013-жылга пайдага салыктын алдын ала суммасын төлөө 2012-жыл үчүн пайдага салык боюнча декларацияда көрсөтүлгөн пайдага салыктын суммасынын 1/4 өлчөмүндө кошумча белгиленсин.

Пайдага салыктын алдын ала суммасы менен 2013-жылдын 20-февралына чейинки мөөнөт боюнча төлөнүүгө жаткан пайдага салыктын алдын ала суммасынын ортосундагы ушул бөлүккө ылайык белгиленген оң айырма Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген туумду колдонуусуз 2013-жылдын 20-майына чейин төлөнөт.".

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев