Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 28-майы № 81

Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө

(КР 2020-жылдын 29-июнундагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

2-глава. Медицина кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери

3-глава. Медициналык ишти жүзөгө ашыруудагы мамилелер

4-глава. Корутунду жоболор

 

Ушул Мыйзам медицина кызматкерлеринин ишине байланышкан укуктук, социалдык-экономикалык мамилелерди жөнгө салат жана алардын укуктук абалын сапаттык жактан жакшыртууну камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө, социалдык корголушунун кепилдигин ишке ашырууга багытталган, ошондой эле медицина ишинде иштөөнү каалаган адамдарга болгон талапты, ушул ишти жүзөгө ашыруудагы алардын негизги укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.

 

1-глава
Жалпы жоболор

 

1-берене. Медицина кызматкеринин статусу

 

1. Медицина кызматкеринин статусуна медициналык билими бар адамдар, ошондой эле биологиялык билими бар врач-лаборанттар жана лаборанттар, жана тиешелүү адистиги менен өз ишин саламаттык сактоо, анын ичинде билим берүү уюмдарында жүзөгө ашыруучу, жекече иш жүргүзүүчү адамдар ээ болушат. Медицина кызматкеринин статусу иштин шарттары жана мүнөзү менен аныкталат, өзүнө алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин камтыйт.

2. Медицина кызматкерлерине врачтар, анын ичинде башкы врачтар (директорлор) жана алардын орун басарлары, жогорку жана орто медициналык кесиптик билим берүүнүн жана медициналык кафедралардын окутуучулары жана кызматкерлери, орто кесиптик медициналык билими бар адистер, санитарлар кирет.

3. Медицина кызматкерлери өз ишин медицина кызматкерлеринин бейтаптар, алардын туугандары жана өз ара адептик мамилелерин жөнгө салуучу медициналык этиканын жана деонтологиянын принциптерин жетекчиликке алуу менен жүзөгө ашырылат.

 

2-берене. Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө Кыргыз

Республикасынын мыйзамдары

 

Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет, ушул Мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерден турат.

 

3-берене. Медицина кызматкерлерине практикалык иштерге жол берүү

 

1. Кыргыз Республикасында медицина иштерин жүзөгө ашырууга жогорку же орто медициналык, же жогорку биологиялык билим алган адамдарга, диплому жана адистик тастыктамасы, ал эми жекече медициналык иш менен алектенген медициналык ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар адамдарга жол берилет. Адистин тастыктамасы кесиптик жогорку окуу жайынан кийинки (аспирантура, ординатура, интернатура) жана кошумча билиминин (кесибин, адистигин жогорулатуу) негизинде берилет. Медицина жаатындагы окумуштуунун даражасы жана/же наамы бар адамдар үчүн тастыктаманын болушу милдеттүү эмес.

2. Жогорку жана орто медициналык билим берүү уюмдарынын студенттерине жарандарга медициналык жардам көрсөтүүгө катышууга аларды окутуу программаларына ылайык кесиптик даярдыгы үчүн жоопкерчилик тартуучу медицина кызматкерлеринин көзөмөлү алдында жол берилет.

3. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, башка мамлекеттерден медициналык билим алган адамдар аттестациядан жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоодон өткөндөн кийин Кыргыз Республикасында медициналык ишке жол берилет.

4. Медициналык иш менен мыйзамсыз алектенген адамдар мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.

 

4-берене. Медициналык иштин мазмуну

 

1. Медициналык иш өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) жынысына, курагына, улутуна жана расалык таандыктыгына, социалдык абалына, саясый жана диний көз карашына, туткан динине, тилине жана дүйнө таанымына карабастан адамга медициналык жардам көрсөтүүнү;

2) сергек жашоо ыңгайын үгүттөөнү;

3) алдын алуу иш чараларын уюштурууну;

4) кесиптик сапатын өркүндөтүүнү жана медициналык тажрыйба топтоону;

5) медициналык билим берүү уюмдарындагы окутуучулук иштерин;

6) медициналык илимий-изилдөө уюмдарындагы илимий-изилдөө иштерин.

2. Медицина кызматкери иштеп жаткан медициналык мекеменин менчигинин формасына карабастан, коомдук саламаттык сактоо жаатында кесиптик жана коомдук уюмдар, социалдык өнөктөштөр жана бийлик органдары менен кызматташа алат.

3. Медициналык иш фармацевттик - фармацевттик (эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса) жана парафармацевттик продукцияларды даярдоо, берүү, жайылтуу иштери, ошондой эле көрсөтүлгөн продукцияларды сатуу менен айкалышпайт.

 

5-берене. Медицина кызматкеринин кесибинин гумандуу мүнөзү

 

1. Медицина кызматкеринин кесиби гумандуу мүнөздү алып жүрөт, анткени анын кандай гана болбосун кесиптик иши инсандын саламаттыгын сактоо, калыбына келтирүү жана чыңдоо кызыкчылыгында гана, ошондой эле коомдун кызыкчылыгында жүзөгө ашырылат.

2. Медицина кызматкерлери кандай гана болбосун шарттарда кесиптик ишин жүзөгө ашырууда жандилинен жардам көрсөтүүгө даяр экенин, сынаалыгын жана ишине берилгенин, адамды урматтай турганын көрсөтүүгө тийиш.

 

6-берене. Адамдын инсандыгын урматтоо

 

Адамдын ден соолугу жеке жана коомдук мүнөздөгү жогорку баалуулук болуп саналат. Медицина кызматкерлери өзүнүн бардык кесиптик билимин жана жөндөмүн колдонуу менен, калктын саламаттыгын сактоого көмөктөшүүгө, ырайымсыздыктын жана адам кадырын кемсинтүүнүн кандай гана болбосун формадагы көрүнүштөрү менен күрөшүүгө, адамга урмат көрсөтүүгө милдеттүү.

 

7-берене. Медициналык ишти жүзөгө ашырууга карата чектөөлөр

 

1. Медициналык иш медициналык билимдерди бейтаптын саламаттыгына зыян келтирүү же кылмыштуу максаттарда пайдалануу менен айкалышпайт.

2. Медициналык иш менен төмөнкүлөргө алектенүүгө болбойт:

1) медицина ишин жүзөгө ашырууда атайылап кылмыш жасаганы үчүн мурда соттолгон адам;

2) соттун чечими менен белгиленген мөөнөткө медицина иши менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндө жаза чыгарылган адам;

3) сот тарабынан жарым-жартылай же толук аракетке жарамсыз деп таанылган адам;

4) медициналык же биологиялык билими жок адам.

 

8-берене. Медициналык билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгү

 

Медициналык иш процессинде медициналык билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгү төмөнкүдөй жол менен жүзөгө ашырылат:

1) медициналык билим берүү уюмдарынын программалары боюнча үзгүлтүксүз кесиптик даярдоо;

2) медицина кызматкерлери тарабынан өз билимин жана практикалык ыктарын өркүндөтүүнү такай толуктоо;

3) өзүнүн кесиптик билимин өркүндөтүүнү каалаган медицина кызматкерлерин мамлекет тарабынан колдоо.

 

9-берене. Медицина кызматкерлерине көмөктөшүү

 

1. Кызмат адамдары жана жарандар аларга медициналык жардам көрсөтүүдө медицина кызматкерлерине көмөктөшүүгө милдеттүү. Адам өмүрүнө коркунуч келгенде медицина кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) бейтап турган жерге баруу үчүн же болбосо аны жакынкы саламаттыкты сактоо уюмуна жеткирүү үчүн ушул жагдайда болгон унаанын кандай гана болбосун түрүн пайдаланууга;

2) ишканага, мекемеге, уюмга жана жарандарга таандык болгон байланыш каражаттарын тоскоолдуксуз жана бекер колдонууга.

2. Медицина кызматкеринин унааны, байланыш каражатын берүү жөнүндө мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тарткан кызмат адамы же унаа каражатынын ээси мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартышат.

3. Адам өмүрүнө коркунуч келгенде медициналык жардам көрсөтүүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

10-берене. Медицина кызматкерлерин аттестациялоо

 

1. Медицина кызматкерлеринин квалификациясын колдоо, даярдыгынын деңгээлин жана кесиптик жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле квалификациялык категориясын жана ээлеген кызмат орундарына ылайыктуулугун аныктоо максаттарында медицина кызматкерлери, анын ичинде клиникалык кафедранын окутуучулары мезгили менен аттестациялоого жатат, бирок беш жылда бир жолудан көп эмес, ал тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аттестацияны өткөрүү боюнча иш-милдеттер аларга жүктөлгөн учурда, кесиптик ассоциациялар, бирикмелер тарабынан өткөрүлөт.

2. Кыргыз Республикасында медицина иши менен алектенүүгө укугу бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кесиптик аттестациядан өтүүдө Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укукка жана милдеттерге ээ болот.

 

2-глава
Медицина кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери

 

11-берене. Медицина кызматкерлеринин укуктары

 

1. Медицина кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) сапаттуу медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуучу эмгек шартына;

2) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген клиникалык протоколдордун негизинде бейтапты иликтөө жана дарылоо ыкмаларын тандоого;

3) дарыга рецепт жазып берүүгө, мыйзамдарда белгиленген тартипте эмгекке жараксыздыгы жөнүндө маалымдамаларды жана баракчаларды берүүгө;

4) медициналык практикага дартты аныктоонун заманбап ыкмаларын киргизүүгө;

5) мыйзамдарда белгиленген тартипте, жекече медициналык иштерге;

6) мыйзамдарга ылайык айкалыштыруу боюнча жумуштарга;

7) мыйзамдарда каралган дагы башка укуктарга.

2. Медицина кызматкерлери кесиптик жаңылыштык жасаганда жоопкерчиликтен бошотулууга укуктуу. Медицина кызматкерлеринин кесиптик жаңылыштыгы дегенде ак ниет жаңылуунун кесепети болуп саналган жана кылмыш курамын же жосун белгисин камтыбаган аларга көз каранды болбогон кырдаалдарда алар тарабынан өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жаткандагы жаңылыштыктары түшүнүлөт.

 

111-берене. Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында медицина кызматкерлеринин укуктары

1. Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкерлерин жашаган жеринен алардын иштеген жерине чейин жана кайра унаа менен жеткирүүнү уюштурууга;

2) саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкерлерин өзүлөрүнүн кесиптик милдеттерин коопсуз жүзөгө ашыруу үчүн зарыл жеке коргонуучу каражаттар (коргоочу беткаптар, коргоочу көз айнектер, медициналык колкаптар, коргоочу костюмдар, медициналык бахилалар, антисептик каражаттар жана жеке коргонуунун башка каражаттары) менен зарыл көлөмдө камсыз кылууга;

3) саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкерлерин кесиптик ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл талаптагыдай эмгек шарттары менен камсыз кылууга.

2. Кризистик кырдаалдан келип чыккан өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими мезгилинде өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жаткан жана өз ден соолугуна залал келтирүүнүн жогорку тобокелдигине дуушар болгон саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, бирок ээлеп турган кызмат орду боюнча 4 маянадан кем эмес компенсация төлөнөт.

3. Өзүнүн кесиптик милдеттерин санитардык-карантиндик зонада аткарып жаткан саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкерлерине оор жумуштар жана зыяндуу жана оор эмгек шарттары менен иштөө режими белгиленет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, бирок ээлеп турган кызмат орду боюнча 10 маянадан кем эмес компенсация төлөнөт.

4. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкери өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында эмгек милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууда алган оорунун кесепетинен каза болгон учурда, анын үй-бүлөсүнө жабыр тарткандын 20 орточо жылдык эмгек акысынан кем эмес өлчөмдө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.

5. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкери өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында эмгек милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууда ал үчүн андан ары иштөө мүмкүнчүлүгүн же болбосо көрсөтүлгөн жагдайларда ооруларга чалдыккандан кийин 1 жыл өткөнгө чейин жокко чыгарган ооруларга чалдыкканда, ага төмөнкү өлчөмдөрдө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт:

1) I топтогу майыпка - жабыр тарткандын 10дон кем эмес орточо жылдык эмгек акысы;

2) II топтогу майыпка - жабыр тарткандын 8ден кем эмес орточо жылдык эмгек акысы;

3) III топтогу майыпка - жабыр тарткандын 5тен кем эмес орточо жылдык эмгек акысы.

6. Бир жолку акчалай жөлөкпулдардын суммалары саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасы боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

7. Бир жолку акчалай жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн орточо эмгек акы эмгек мыйзамдарынын ченемдерине ылайык аныкталат.

8. Эгерде иштеп жаткан мезгилде же болбосо бошогондон 2 жыл өткөнгө чейин медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) мекемесиндеги кайра күбөлөндүрүүдө медицина кызматкерине ушул беренеде көрсөтүлгөн себептерден улам майыптык тобу жогорулатылса, бир жолку акчалай жөлөкпулдун өлчөмү баштапкы ооруга чалдыккан күндөгү, жаңыдан белгиленген майыптык тобу боюнча берилүүчү орточо жылдык эмгек акыларынын санынын жана мурунку майыптык тобу боюнча берилүүчү орточо жылдык эмгек акыларынын санынын ортосундагы айырманы түзгөн суммага көбөйөт.

9. Эгерде саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарында иштеген мезгилде же болбосо бошогондон кийин 1 жыл өткөнгө чейин ушул беренеде көрсөтүлгөн себептерден улам майыптыгы белгиленсе, андан кийин ошол эле мезгилде медициналык кызматкердин өлүмү келип чыкса, бир жолку акчалай жөлөкпулдун өлчөмү баштапкы ооруга чалдыккан күндөгү, өлгөн учуру боюнча берилүүчү жабырлануучунун орточо жылдык эмгек акыларынын санынын жана майыптыгы боюнча берилүүчү жабырлануучунун орточо жылдык эмгек акыларынын санынын ортосундагы айырманы түзгөн суммага көбөйөт.

10. Бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө үчүн эмгек мыйзамдарында аныкталган документтер негиз болуп саналат.

11. Ээлеп турган кызмат орду боюнча 15 эсе маянадан кем эмес өлчөмдө бир жолку акчалай жөлөкпулдар өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында кызматтык милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууга байланыштуу медицина кызматкери жаракаттарга, ооруларга чалдыкканда, бирок майыптыкты белгилөөгө укук берилбегенде да төлөнөт.

12. Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими мезгилинде кесиптик милдеттерин аткаруунун натыйжасында ооруга чалдыгуунун кесепетинен медициналык кызматкерди кызмат ордунан төмөндөткөн учурда, саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттарынын эсебинен төмөндөөнүн алдындагы акыркы кызмат орду боюнча анын эмгек акысы сакталат.

13. Ушул берененин 11 жана 12-бөлүктөрүндө каралган төлөмдөр тийиштүү саламаттык сактоо уюмунун сметасынын эсебинен төлөнөт.

14. Бир жолку акчалай жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоодо эмгек мыйзамдарында белгиленген аралаш жоопкерчилик колдонулат.

15. Эгерде алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында кесиптик милдеттерин аткаруу үчүн тартылса, ушул берененин жоболору менчиктин жеке жана аралаш формаларына негизделген саламаттык сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлерине да толук көлөмдө жайылтылат.

(КР 2020-жылдын 29-июнундагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

12-берене. Медицина кызматкерлеринин материалдык камсыз кылууга жана социалдык коргоого укугу

 

1. Медицина кызматкерлери кепилденген эмгек акыга укуктуу. Медицина кызматкерлеринин эмгек акысы колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык, саламаттыкты сактоо тутумунун кызматкерлери үчүн белгиленген кызматтык маяна өлчөмүндө белгиленет.

2. Илимдин кандидаты же доктору деген илимий даражасы, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы" же "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун эмгек сиңирген кызматкери" деген наамдары бар, ошондой эле көп жыл иштеген медицина кызматкерлерине төмөнкүдөй үстөктөр белгиленет:

1) илимдин доктору же кандидаты деген илимий даражасы үчүн - мыйзамга ылайык;

2) медицина кызматкери катары 5 жыл иштеген стажы үчүн - он пайыз, 10 жыл үчүн - жыйырма пайыз, 15 жыл үчүн - отуз пайыз өлчөмүндө;

3) бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы чөлкөмдөрдө жайгашкан калктуу конуштарда иштегени үчүн - отуз пайыз.

3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ыйгарылган квалификациялык категориясына ылайык, саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кызматтык маяналарына үстөктөр кошулат.

4. Квалификациялык категориясы үчүн үстөктөрдүн өлчөмү, ошондой эле башка үстөктөр жана кошумча төлөмдөр, аларды төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

5. Саламаттык сактоо уюмдары мындай уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнө жана сапатына жараша эмгек акы каражаттарынын чектеринде медицина кызматкерлери үчүн өз алдынча кызматтык маянага дифференциалдуу үстөктөрдү белгилей, эмгек акынын жана аны кызыктыруунун ар кандай прогрессивдүү формаларын колдоно алат.

6. Медицина кызматкерлеринин кызмат акыларынан мыйзамдарда каралбаган кармоону жүргүзүүгө тыюу салынат.

7. Өз ишин саламаттыкты сактоонун жеке менчик уюмдарында жүзөгө ашырган медицина кызматкерлеринин кызмат акысы мыйзамдарда белгиленген үстөктү эсепке алуу менен эмгек келишимине ылайык белгиленет.

8. Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын чөлкөмдөрдүн шарттарында иштеген жана жашаган медицина кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү өзүмдүк турак жайы болбогондо, мыйзамдарга ылайык кызматтык турак жай менен камсыз кылынат. Кызматтык турак жай жок болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы медицина кызматкерлерине турак жайды ижаралоого байланышкан чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттүү.

9. Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарынын жолдомо боюнча саламаттык сактоо уюмдарына иштөөгө келген бүтүрүүчүлөрүнө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар турак жай аянтын же болбосо жеке курулуш үчүн жер участогун жана кызматтык маянасынын он эсе өлчөмүндөгү бир жолку жөлөкпулду берүүгө милдеттүү.

 

13-берене. Эс алууга укугу

 

1. Медицина кызматкерлеринин эс алууга укугу эмгегин сарамжал пландаштыруу жана уюштуруу, мыйзамдарда каралган жыл сайын акысы төлөнүүчү эмгек өргүүсүн берүү менен камсыз кылынат.

2. Медицина кызматкерлеринин жумуш күнүнүн жана жумуш жумасынын узактыгы мыйзамдарда каралган чектерде белгиленет.

 

14-берене. Саламаттыгын сактоого укугу

 

1. Медицина кызматкерлери мыйзамга ылайык санитардык-гигиеналык, жугуштуу ооруга каршы, дарылоо-алдын алуу иш чараларын өткөрүү менен өз ден соолуктарын коргоого укуктуу.

2. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары өз каражаттарынын эсебинен медицина кызматкерлерине кесиптик ишине байланыштуу эмдөөгө, оорулардан дарыланууга кеткен чыгымдарын мыйзамдарда аныкталган өлчөмдө төлөйт, ошондой эле мезгилдүү милдеттүү медициналык кароолорду өткөрүүнү камсыз кылат.

3. Өзүнүн ишин шарты зыяндуу жана ден соолугуна залал келтириши мүмкүн болгон саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашырган медициналык жана башка кызматкерлер көрсөтүлгөн уюмдардын каражаттарынын эсебинен диспансердик көзөмөлдө туруу укугуна ээ.

4. Медицина кызматкерлери алар эмгектик милдеттерин же кесиптик парзын аткарып жатканда ден соолугуна залал келтирилген учурда, аларга мыйзамдарда каралган көлөмдө жана тартипте зыяндын орду толтурулат.

5. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана/же муниципалдык уюмдарынын кызматкерлери медициналык жардам көрсөтүү же илим изилдөө иштерин жүргүзүү убагында алар эмгектик милдеттерин же кесиптик парызын аткарып жатканда каза болгон учурда, каза болгондун үй-бүлөсүнө мыйзамга ылайык бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнүп берилет.

6. Өзгөчө кырдаалдарда, согуштук аракеттерде эмгектик милдеттерин жана кесиптик парзын аткарган, ошондой эле көрсөтүлгөн жагдайларда ден соолугуна залал келтирилген, каза болгон медицина кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган көлөмдө жана тартипте компенсация төлөнүп берилет.

(КР 2020-жылдын 29-июнундагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

15-берене. Сыйланууга укугу

 

Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы жогорку натыйжаларга жеткендиги үчүн медицина жана саламаттык сактоонун башка кызматкерлери мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, ведомстволордун сыйлыктарына жана мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүшү мүмкүн.

 

16-берене. Медицина кызматкерлеринин ар-намысын, кадыр-баркын жана адистик аброюн коргоо

 

Медицина кызматкерлеринин ар-намысы, кадыр-баркы жана адистик аброю мыйзамдар менен корголот. Өзүнүн кесиптик ишин аткарып жатканда медицина кызматкерине эч кимдин кара күч, моралдык, материалдык жактан залал тийгизүүгө укугу жок. Саламаттык сактоо уюму жалпы дарылоо-алдын-алуу уюмдарына тиешелүү маселелер боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө өзүнүн медициналык кызматкерлерине юридикалык жардам көрсөтүүгө көмөктөшөт.

 

17-берене. Медицина кызматкерлеринин бирикмелери

 

Медицина кызматкерлери өздөрүнүн укугун жана кызыкчылыктарын коргоо максатында кесиптик ишине байланышкан маселелерди чечүү үчүн ыктыярдуу башталыштагы кесиптик бирикмелерге, ассоциацияларга биригүүгө жана өз ишин коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу.

 

18-берене. Медицина кызматкерлеринин милдеттери

 

1. Медицина кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) өздөрүнүн кесиптик ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларына ылайык жүзөгө ашырууга;

2) өздөрүнүн кесиптик билимин жана ыктарын өркүндөтүүгө;

3) санитардык-гигиеналык жана жугуштуу ооруларга каршы нормаларды, ошондой эле бул саламаттык сактоо уюму үчүн белгиленген эрежени сактоого;

4) бейтаптын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бекем сактоого;

5) бейтаптын толук айыктырууга чейин же эгерде объективдүү себептер боюнча аны толук айыктыруу мүмкүн болбосо, ден соолугу мүмкүн болушунча жакшы болмоюнча бирдей жана натыйжалуу дарылоону камсыз кылууга;

6) мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, өзүнүн кесиптик ишин жүзөгө ашыруу учурунда алынган жекече мүнөздөгү маалыматтын купуялуулугун сактоого;

7) токтоосуз жардамды көрсөтүүгө жолтоо болгон объективдүү себептер боюнча жагдайларды кошпогондо, убакытка, турган жерине карабастан, биринчи токтоосуз медициналык жардамды көрсөтүүгө;

8) мыйзамдарга ылайык сунушталган кандай гана болбосун медициналык кийлигишүү үчүн бейтаптын макулдугун алууга;

9) өзүнүн кызматтык милдетин билүүгө жана кыйшаюусуз аткарууга;

10) кесиптик-адептик нормаларды сактоого;

11) негизделбеген дары-дармектерди берүүгө жана изилдөөлөргө жол бербөөгө.

2. Медицина кызматкерлери өзүнүн кесиптик милдетин аткарууда оорулуунун өмүрүнө коркунуч келтирген учурларды кошпогондо, бейтапты ал тургай анын макулдугу болсо да, негизделбеген тобокелчиликке сатууга укугу жок.

3. Оорулуунун өмүрүн кыюу жөнүндө өтүнүчүн канааттандырууга (эвтаназия) тыюу салынат.

4. Медицина кызматкерлери ошого тете илимий жана педагогикалык кызматкерлер дагы, ошондой эле калк менен иштөөгө кое берилген студенттер да Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, жогору турган саламаттык сактоо уюмдарына жана мамлекеттик башкаруу органдарына ишенимдүү маалыматтарды жана отчетту берип турууга милдеттүү.

5. Илимий, окутуучулук, клиникалык максаттарда биоматериалдар менен иштөөгө жол берилген медицина кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен эрежелерди сактоого милдеттүү.

6. Жогорку жана орто медициналык билим берүү уюмдарынын бюджеттик негизде окутуудан өткөн бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жолдомосу боюнча 2 жылдан кем эмес региондордо иштеп берүүгө милдеттүү. Жолдомо боюнча иштөөдөн баш тарткан учурда бүтүрүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте аны окутуунун наркын төлөп бергенден кийин эмгекке эркин орношууга укуктуу.

 

19-берене. Медицина кызматкерлеринин жоопкерчилиги

 

Медицина кызматкерлери дарыгерлик адепти бузгандыгы, жарандардын саламаттыгына залака келтиргендиги, дарыгерлик жашыруун сырды жайылтканы үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат.

 

3-глава
Медициналык ишти жүзөгө ашыруудагы мамилелер

 

20-берене. Дарылоочу врач

 

1. Дарылоочу врач - саламаттык сактоо уюмдарында байкоо жана дарылануу учурунда бейтапка медициналык жардамды көрсөтүүчү врач. Мыйзамдарда белгиленген тартипте аттестациядан жана каттоодон өткөн врач дарылоочу врач боло алат.

2. Дарылоочу врач бейтаптын же саламаттык сактоо уюмунун (анын бөлүмүнүн) жетекчисинин тандоосу боюнча дайындалат. Бейтаптын дарылоочу врачты алмаштыруу жөнүндө талабы болгон учурда, саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси башка врачты тандоого көмөктөшүүгө тийиш.

3. Эгерде оорулуунун өмүрүнө жана тегерегиндегилердин ден соолугуна коркунуч алып келбесе, бейтап саламаттык сактоо уюмунун эскертмелерин же ички тартип эрежесин сактабаган учурда, дарылоочу врач саламаттык сактоо уюмунун тиешелүү кызмат адамынын макулдугу боюнча бейтапты байкоодон жана дарылоодон баш тарта алат.

4. Бейтаптын туугандары өз мүнөзү боюнча дарылоочу врачтын кесиптик милдеттеринин чөйрөсүнө кирген маселелерге жөнү жок кийлигишүүгө укуктары жок.

5. Дарылоочу врач зарыл болгондо врачтык консилиум чакыра алат.

 

21-берене. Медицина кызматкерлеринин көз карандысыздыгынын

кепилдиги

 

1. Ал кесиптик ишин жүзөгө ашырып жатканда мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, тикелей же кыйыр кысым көрсөтүү менен медицина кызматкерлеринин ишине кийлигишүүгө тыюу салынат.

2. Бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулган учурда медициналык жардам көрсөтүүнү оңдоо максатында медицина кызматкеринин аракетине башка медицина кызматкери кийлигише алат.

3. Медицина кызматкерлери өзүнүн кесиптик ишин жүзөгө ашырып жатканда алмаштырылгыс. Медицина кызматкерин мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, эч ким медициналык жардам көрсөтүүдөн четтете албайт.

 

22-берене. Медицина кызматкери менен бейтаптын ортосундагы мамилелер

 

1. Медицина кызматкери менен бейтаптын ортосундагы мамиле бири-бирин урматтоо жана ишенүү, оорулуунун өз эркин билдирүү укугуна негизденет.

2. Медицина кызматкери бейтапка же анын мыйзамдуу өкүлүнө медициналык кийлигишүү маалында, ошондой эле медициналык кийлигишүүдөн баш тарткан учурда мүмкүн болуучу тобокелчилик жөнүндө маалымдоого милдеттүү.

3. Кандай гана болбосун медициналык кийлигишүү бейтаптын дене жана психикалык абалы акыл-эстүү чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк бербеген учурларды, же мыйзамдарда каралган башка учурларды кошпогондо, оорулуунун макулдугу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

 

23-берене. Медицина кызматкерлеринин ортосундагы мамилелер

 

1. Медицина кызматкерлеринин ортосундагы мамиле сыпаалыкка, биргелешип аракеттенүүгө, өз ара урматташууга негизденет.

2. Медицина кызматкеринин кесиптик иш-аракети жана жүрүм-турум адеби гана сынга алынышы мүмкүн.

3. Врач бейтаптын башка дарылоочу врачты тандоосуна тоскоолдук кылбашы керек. Врачтын кесиптик аброю анын ишинин натыйжаларына негизденет.

4. Бейтап же анын мыйзамдуу өкүлү оорунун күчөп кетүүсүнө алып келген милдеттүү медициналык кийлигишүүдөн баш тартуу үчүн жоопкерчилик тартат.

 

4-глава
Корутунду жоболор

 

24-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик белгиленет.

 

25-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев