Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 9-июлу № 119

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоолорду
жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "үй-бүлөлүк," жана "тиешелүү түрдө үй-бүлөлүк," деген сөздөрдөн кийин "турак жай," деген сөздөр менен толукталсын.

2. 245-статьяда:

2-пункттун үчүнчү абзацында "юридикалык жактардын" деген сөздөрдөн кийин ", муниципалдык" деген сөз менен толукталсын;

3-пунктунда "Турак үйлөрдө" деген сөздөр "Турак жайларда" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 247-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"247-статья. Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жана турак эмес

жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкү

 

1. Көп квартиралуу үйдөгү бирден ашык менчик ээсин тейлеген жайлар, үй ичиндеги түйүндөр жана инженердик жабдуу-шаймандар (подъезддер, вестибюлдар, квартира аралык тепкичтер жана аянтчалар, тепкичтер, желдеткич жана лифт шахталары, квартирадан тышкары коридорлор, коридорлор, кургаткычтар, кир жуугуч бөлмөлөр, буюм сактагычтар, чердак, техникалык кабаттар, жертөлөлөр, өткөөл шлюздар, таштанды камералары, таштанды өткөргүчтөр, чатыр жапкычтар, имараттын курулуш конструкциялары, башка кошумча жайлар жана башкалар), ошондой эле үй жанындагы жер участкалары көп квартиралуу үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын ээлеринин жалпы үлүштүк менчиги болуп саналат.

2. Көп квартиралуу үйдөгү жалпы мүлккө менчик укугундагы турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин үлүштөрүнүн өлчөмү жана ушул мүлктү күтүү жана сактоо боюнча чыгымдарды менчик ээлеринин ортосунда бөлүштүрүү турак жай мыйзамдарына ылайык белгиленет.

3. Көп квартиралуу үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери турак үйдүн жалпы мүлкүнө менчик укугундагы өзүнүн үлүшүн ээликтен ажырата албайт, ошондой эле бул үлүштү турак жана турак эмес жайларга менчик укугунан бөлүп өзүнчө берүүгө алып келүүчү башка аракеттерди жасай албайт.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев