Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 9-июлу № 123

 

"Кооперативдер жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 жана 2-2-пункттар менен толукталсын:

"2-1. Турак жай же турак жай-эксплуатациялык кооперативи - көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүн башкаруу үчүн мүчөлүк негизде, акчалай баага ээ болгон алардын мүлктүк үлүштүк мүчөлүк акыларын бириктирүүгө негизделген турак жай жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин ыктыярдуу бирикмеси.

2-1. Турак жай-курулуш кооперативи - көп квартиралуу үйлөрдү же болбосо турак жай комплексин куруу үчүн мүчөлүк негизде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлгөн жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу бирикмеси.".

2. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-статья. Кооперативдер

 

Кооперативдер кооперативдин уставында каралган биргелешкен чарбалык жана башка иштерди жүзөгө ашыруу үчүн ыктыярдуу негизде жеке жана юридикалык жактар тарабынан түзүлөт.

Эгерде алардын ишинин негизги максаты пайда табуу болуп саналса (айыл чарба кооперативи, финансы кооперативи жана башкалар), же өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарында ишти жүзөгө ашырган коммерциялык эмес кооперативдер катары, алар үчүн пайда табуу ишинин негизги максаты болуп саналбаса (турак жай-курулуш кооперативи, турак жай кооперативи, турак жай-эксплуатациялык кооперативи жана башка мыйзамда каралган) кооперативдер коммерциялык кооперативдер катары түзүлүшү мүмкүн.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев