КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 9-июлу № 127
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө
(КР 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн укуктук, уюштуруучулук жана каржылык негиздерин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун, токтото туруунун жана токтотуунун тартибин аныктайт.
1-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик
ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдар
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан турат.
2-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик
ыйгарым укуктарды берүүнүн принциптери
1. Мамлекеттик органдар тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ыйгарым укуктарын берүү төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) мыйзамдуулуктун;
2) социалдык-экономикалык негиздүүлүктүн;
3) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун аныктыгынын жана ачык-айкындуулугунун;
4) тараптардын теңчилигинин (келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө);
5) берилүүчү функциялардын жана ыйгарым укуктардын материалдык жана каржылык жактан камсыз болушунун;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык, экономикалык жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша ыйгарым укуктарды дифференциялоонун;
7) ачыктыктын, коллегиялуулуктун;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында отчет берүүчүлүктүн;
9) жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктардын шайкештүүлүгүнүн.
2. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктарын жана кепилдиктерин бузууга же чектөөгө тийиш эмес.
3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аларды жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн жана аныктыгын эске алуу менен аларды натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана жергиликтүү коомдоштуктарга сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында жүргүзүлөт.
4. Берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн тоскоолдук түзүүгө жана тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштуктарынын социалдык-экономикалык абалын начарлатууга тийиш эмес.
3-берене. Мыйзамдын же келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мамлекеттик бийлик органдары тарабынан мыйзамдын же келишимдин негизинде өздөрүнө таандык болгон ыйгарым укуктардын бир бөлүгүн өткөрүп берүү дегендикти билдирет.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коомдук тартипти коргоону камсыз кылуу боюнча укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын кошпогондо, сот бийлиги, прокуратура органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн, улуттук коопсуздугун, коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана аскердик милдеттерге тиешелүү мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды камсыз кылууга байланышкан башка мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө тыюу салынат.
3. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболордон тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдар жана келишимдер төмөнкүлөрдү кароого тийиш:
1) мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы (келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө);
2) мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды мыйзам аркылуу бир шаарга же айыл аймагына же болбосо шаарлардын тобуна же айыл аймактарына берүүдө);
3) мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн мөөнөттөрү;
4) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон максаттуу каржылык жана материалдык каражаттардын суммасы;
5) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын укуктары жана милдеттери;
6) айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери;
7) берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын зарыл болгон штаттык санынын ченемдери;
8) берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө усулу;
9) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же тиешелүү деңгээлде жүзөгө ашырбоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги;
10) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун жана токтото туруунун негиздери жана тартиби;
11) пайдаланылбаган материалдык, каржылык жана башка каражаттарды кайтарып берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү;
12) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган адистердин укуктары жана милдеттери;
13) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жоопкерчилиги;
14) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка жагдайлар жана шарттар.
4. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга кирет:
5. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзам Конституцияга карама-каршы келген учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирлиги (ассоциациясы) аны Конституцияга ылайык эмес деп таануу жөнүндө талап менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылууга укуктуу.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан мыйзам конституциялык эмес деп таанылган учурда, мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтотулат.
(КР 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Мыйзамдын негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү
1. Мамлекеттик ыйгарым укуктар бардык шаарлардын жана айылдык аймактардын, шаарлардын жана айылдык аймактардын тобунун же айрым шаардын жана айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын негизинде берилиши мүмкүн.
2. Бардык шаарлардын жана айылдык аймактардын, шаарлардын жана айылдык аймактардын топторунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзам долбоорлору жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлиги (ассоциациясы) менен макулдашууга жатат.
Айрым шаарлардын жана айылдык аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзам долбоорлору жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлиги (ассоциациясы) жана тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашууга жатат.
3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн мүнөзүнө, көлөмүнө жана тартибине жана аларды материалдык, каржылык жана башка каражаттар менен камсыз кылууга байланышкан мыйзам долбооруна карата жаралган кайчы пикирлер мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өз алдынча башкаруу органдарынын бирлигинин (ассоциациясынын) өкүлдөрүнөн паритеттик башталышта түзүлгөн макулдашуу комиссияларында ушул Мыйзамдын 15-беренесинде белгиленген тартипте каралууга жатат.
5-берене. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды келишимдин негизинде берүү
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлиги (ассоциациясы) менен кеңешкенден жана талкуулагандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар келишимдин негизинде берилген учурда келишимдин шарты жана берилүүчү ыйгарым укуктардын тизмеги тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүгө жатат.
6-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик
ыйгарым укуктарды берүүдө материалдык, каржылык жана
башка ресурстар менен камсыз кылуу
1. Мамлекеттик бийлик органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен бир убакта аларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык, каржылык же башка ресурстарды, анын ичинде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди (субвенцияларды) караган учурларда гана мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө жол берилет.
2. Максаттуу трансферттер (субвенциялар) адистин эмгегине төлөөнү, иш сапар чыгымдарын, квалификация жогорулатууга байланышкан чыгымдарды жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгон каржылык чыгымдарды камтыйт.
3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүзөгө ашыруусуна каржы каражаттарынын көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө усулунун негизинде аныкталат.
4. Берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон каржы каражаттары республикалык бюджетте өзүнчө берене менен каралат.
5. Ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каржы каражаттары жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын түзүмүндө өзүнчө берене менен чегерилет жана эсепке алынат.
6. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн алынган материалдык жана каржы каражаттарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан максатсыз чыгымдоого тыюу салынат.
7-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын берилген
мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруудагы укуктары
жана милдеттери
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн каралган материалдык, каржылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;
2) мамлекеттик бийлик органдарынан усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардамдарды алууга.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга;
2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүп берилген материалдык, каржылык жана башка каражаттарды үнөмдүү тескөөгө, алардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылууга;
3) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу жана берилген материалдык, каржылык жана башка каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү тоскоолдуксуз жүргүзүү үчүн шарттарды камсыз кылууга;
4) мамлекеттик органдарга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө документтерди жана башка маалыматтарды берүүгө;
5) тиешелүү мамлекеттик органга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышынын натыйжалары жөнүндө отчетту өз убагында берүүгө.
8-берене. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери
1. Мамлекеттик орган өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча өз компетенциясы жаатында аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды кабыл алууга;
2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган каражаттарды белгиленген тартипте өндүрүп алууга.
2. Мамлекеттик орган өз компетенциясынын чектеринде төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн багытталган материалдык, каржылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;
2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардамдарды көрсөтүүгө;
3) берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын зарыл укуктук, техникалык жана башка документтер менен камсыз кылууга;
4) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын жана өткөрүп берилген материалдык, каржылык жана башка каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырууга.
9-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын
берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча милдеттерди
аткаруучу адиси
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча милдеттерди аткаруучу адиси муниципалдык кызматчы болуп саналат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча милдеттерди аткаруучу адиси муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалат жана кызматтан бошотулат.
10-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мамлекеттик
ыйгарым укуктарга ээ кылуу мөөнөттөрү
1. Эгерде мыйзамдын өзүндө же келишимде башкача каралбаса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө тиешелүү мыйзам же келишим күчүнө кирген күндөн тартып мамлекеттик ыйгарым укуктарга ээ кылынат.
2. Мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгилүү жана белгисиз мөөнөткө берилиши мүмкүн.
Мамлекеттик ыйгарым укуктар белгилүү мөөнөткө берилген учурда, аларды аткаруунун мөөнөтү мыйзамда же келишимде каралууга тийиш.
Эгерде берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде берүүнүн мөөнөтү каралбаган учурда, мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгисиз мөөнөткө берилди деп таанылат.
11-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан
берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө
ашыруунун тартиби
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды бөлүнгөн материалдык, каржылык жана башка каражаттардын чектеринде өз алдынча жүзөгө ашырат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда Конституцияны, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
12-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органдардын алдындагы отчеттуулугу
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү мамлекеттик органга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы жана аларды аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана каржылык каражаттардын пайдаланылышы тууралуу отчетторду берет.
2. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген мөөнөттөрдө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы тууралуу отчетторду бербеген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамда же келишимде каралган жоопкерчиликти тартат.
13-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан
берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын
жүзөгө ашырууну контролдоонун тартиби
1. Мамлекеттик органдар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоо максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттарды максаттуу пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүүгө;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы жана өткөрүп берилген каражаттардын максаттуу пайдаланылышы тууралуу зарыл маалыматтарды суратып алууга;
3) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга өткөрүп берилген каражаттарды пайдалануу маселелери боюнча усулдук иштерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону жүргүзүүгө.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын контролдоону тиешелүү мамлекеттик орган төмөнкүдөй түрдө жүзөгө ашырат:
1) берилген ыйгарым укуктарды алар тарабынан жүзөгө ашыруу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
2) берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышынын натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу;
3) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга өткөрүп берилген каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүү;
4) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштамалар;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук көз карашынан баалоо.
14-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан
берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө
ашырууну токтотуунун жана токтото туруунун негиздери
жана тартиби
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдын же келишимдин колдонулуу мөөнөтү бүткөндө;
2) мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамды күчүн жоготту деп таануу тууралуу мыйзам күчүнө киргенде;
3) мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуу же болбосо мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамды конституциялык эмес деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
4) мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим мөөнөтүнөн мурда бузулганда.
2. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
3. Мыйзамдын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну берген мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча токтотуу төмөнкү учурларда болушу мүмкүн:
1) эгерде түзүлгөн шарттарда бул ыйгарым укуктар мамлекеттик бийлик органдары тарабынан кыйла натыйжалуу аткарылышы мүмкүн болгондо;
2) мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдын талаптары дайыма бузулган жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылбаган учурларда;
3) эгерде мындай бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалданткан шарттарды түзсө, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн алынган материалдык, каржылык жана башка каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатсыз пайдаланылган учурда.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган негиздер келип чыккан учурларда, мамлекеттик орган бул тууралуу мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашыруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жазуу жүзүндө кабарлайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштама киргизет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө мамлекеттик органдын сунуштамасын карайт, көрсөтүлгөн себептердин аныктыгы белгиленгенде, мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө же аны күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелейт.
5. Мыйзам негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну берген мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча токтотуу төмөнкү учурларда болушу мүмкүн:
1) эгерде өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына байланышпаган жок себептер боюнча мүмкүн болбой калганда;
2) үч же андан көп айдын ичинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык, каржылык жана башка каражаттарды берүү токтотулганда жана ушул берененин 14-бөлүгүнө ылайык, аларды андан ары аткаруудан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартканда;
3) эки же андан ашык айдын ичинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, каржылык жана башка каражаттар берилбегенде.
6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган негиздер келип чыккан учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштама киргизет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштамасын карайт, көрсөтүлгөн себептердин аныктыгы белгиленгенде, мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө же аны күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелейт.
7. Тараптардын бири келишимдин шарттарын бузган учурда жана эгерде мындай бузуулар талаптагыдай эмес аткарууга алып келсе, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалданткан шарттарды түзсө, келишимдин негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу тараптардын биринин демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат.
8. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууну демилгелеген тарап келишимдин негизинде башка тарапка берилген ыйгарым укуктарды аткарууну токтотулушу мүмкүн болгон датага чейин жыйырма жумушчу күндүн ичинде, же келишимде каралган башка мөөнөттө жазуу жүзүндө кабарлоо жөнөтүүгө милдеттүү.
9. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу жөнүндө кабарлоо алган тарап келишимдин негизинде аны беш жумушчу күндүн ичинде же мыйзамда каралган башка мөөнөттө кароого жана кароонун натыйжалары жөнүндө башка тарапка билдирүүгө милдеттүү. Башка тарап кабарлоо менен макул болгон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулат.
10. Кабарлоону кароонун натыйжалары жөнүндө жазуу жүзүндө жооп келишимдин негизинде көрсөтүлгөн убакыттын ичинде келип түшпөгөн же башка тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе соттук тартипте чечилет.
11. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган учурда аларды ишке ашырууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген, мыйзамдын же келишимдин негизинде пайдаланылбаган материалдык, каржылык жана башка каражаттар мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген мамлекеттик органга же болбосо республикалык бюджетке же көрсөтүлгөн каражаттар алынган каржылоонун башка булагына кайтарылууга жатат.
12. Мыйзамда же келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо токтотулган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтото турууга укуктуу, ал жөнүндө беш жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө тиешелүү мамлекеттик органга кабарлайт.
13. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо кайра жаңыртылган учурдан тартып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу кайра жаңыртылат.
14. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн материалдык, каржылык жана башка каражаттарды берүү үч же андан ашык ай бою токтотулган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды андан ары аткаруудан баш тартууга укуктуу.
15. Ушул беренеге ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган же болбосо токтотуп турган учурда, мамлекеттик ыйгарым укуктар алар токтотулган же токтотуп турган күндөн тартып аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берген мамлекеттик органдар тарабынан аткарылууга жатат.
15-берене. Чыр-чатактарды жана талаш-тартыштарды чечүү
1. Келип чыккан талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди чечүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) берилген ыйгарым укуктардын мүнөзүнө, көлөмүнө жана тартибине жана материалдык, каржылык жана башка ресурстар менен камсыз кылууга байланыштуу мыйзамдын долбооруна карата;
2) мыйзамдын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда макулдашуу комиссиясын түзөт.
2. Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирлигинин (ассоциациясынын) өкүлдөрүнөн түзүлөт. Макулдашуу комиссиясынын иши паритеттик башталышта курулат.
3. Талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер макулдашуу комиссиясы тарабынан сүйлөшүүлөрдү жана талкуулоолорду жүргүзүү аркылуу чечилет.
4. Мыйзам долбоору боюнча талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер макулдашуу комиссиясы тарабынан чечилбеген учурда, мыйзам долбоору алты айдан эрте эмес кайра макулдашууга жатат.
5. Эгерде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер макулдашуу комиссиясы тарабынан мыйзам чегинде чечилбеген учурда, бардык пикир келишпестиктер ушул Мыйзамдын 14-беренесинде белгиленген тартипте чечилет.
16-берене. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн
жоопкерчилик
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ошол ыйгарым укуктар материалдык, каржылык жана башка каражаттар менен кандай камсыз болсо, берилген ыйгарым укуктарды ошол өлчөмдө жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Эгерде күчүнө кирген сот актысында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды аткаруу зарыл материалдык жана каржылык каражаттар менен камсыз кылынбаганы же болбосо мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдеринин жана аракеттеринин натыйжасында аларды аткаруу мүмкүн болбогону белгиленсе, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамга же келишимге ылайык ээ кылынган мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же талаптагыдай аткарбаганы үчүн кызмат адамдары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
4. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же талаптагыдай аткарбаганы үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт.
5. Жергиликтүү коомдоштук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же талаптагыдай аткарбаганы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
17-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) 2013-жылдын 1-сентябрына чейин:
- ушул Мыйзамга ылайык айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө типтүү келишимди бекитсин;
3) берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин (субвенциялардын) көлөмдөрүн эсептөө усулун аныктасын;
4) 2015-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда аларда ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгон чыгымдарды карасын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |