КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 11-июлу № 132
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик
каттоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү
тууралуу
1-берене.
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
6-берененин 3-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) өз аталыштарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде тийиштүүлүгүнө жараша кыргыз, орус алфавиттеринин тамгаларын гана, ал эми англис тилинде - латын алфавитинин тамгаларын пайдаланууга тийиш.".
2-берене.
Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин катталган (кайра катталган) юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) аталышында башка алфавиттердин тамгалары же иероглифтери болсо, мамлекеттик кайра каттоодо ушундай аталышты пайдалануу укугун сактап калышат.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |