Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 15-июлу № 144

 

"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 458-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) жарандын кайрылуусу (мындан ары - кайрылуу) - жазуу жүзүндө, электрондук же оозеки формада баяндалган сунуш, арыз, даттануу;

электрондук кайрылуу - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын электрондук почтасынын расмий дарегине келип түшкөн, ушул Мыйзамдын 6-1-статьясында белгиленген тартипте каралуучу арыздануучунун кайрылуусу;".

2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-статья менен толукталсын:

"6-1-статья. Электрондук почта боюнча келип түшкөн электрондук

кайрылууларды кароо тартиби

 

1. Жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу үчүн мамлекеттик бийлик органы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Интернет тармагында өзүнүн электрондук почтасынын расмий дарегин каттайт. Мамлекеттик органдын же өз алдынча башкаруу органынын электрондук почтасынын дареги мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтына, ал эми ал болбогондо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.

2. Жаран өзүнүн электрондук кайрылуусунда электрондук кайрылууну жөнөткөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышын, же болбосо тиешелүү кызмат адамынын фамилиясын, атын, атасынын атын, же болбосо тиешелүү адамдын кызмат ордун, ошондой эле өзүнүн-фамилиясын, атын, атасынын атын (ал болсо), байланыш телефонун (үй, уюлдук же жумушчу), жашаган дарегин милдеттүү тартипте көрсөтөт, кайрылуусунун маани-маңызын баяндайт.

3. Электрондук кайрылууга көчүрмөлөрдү, анын ичинде алар боюнча электрондук файлдар жайгаштырылган (электрондук документтер, фото- жана көрмө материалдар) сканерленген электрондук документтерди, Интернет тармагындагы даректерин тиркөөгө жол берилет.

4. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы электрондук кайрылууну алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде келип түшкөн датасын жана убактысын, берилген кириш номерин жана тиешелүү сурап-билүү телефондорун көрсөтүү менен анын кайрылуусу кароого кабыл алынганы жөнүндө же кайрылууну кароодон баш тартуу тууралуу себебин негиздөө менен жаранга электрондук билдирүү-кабарлама жөнөтөт. Андан ары электрондук кайрылуу басып чыгарылат жана андан ары аны менен иштөө мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

5. Электрондук кайрылууну кароонун жүрүшүндө электрондук кайрылууну алган кызмат адамы электрондук кат алышуу жолу менен же кайрылууда көрсөтүлгөн телефон боюнча кайрылуунун маани-маңызын тактоого укуктуу.

6. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы электрондук жооптон тышкары жаранга жазуу жүзүндө да жооп жөнөтөт.

7. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүдөй электрондук кайрылууларды карабай коюуга укуктуу:

1) ченемдик эмес лексиканы жана кемсинткен сөздөрдү, ошондой эле учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга жана улуттар аралык жана конфессиялар аралык араздашууларды тутандырууга чакырыктар камтылгандарды;

2) ушул статьянын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар болбогондорду.".

3. 7-статьяда:

2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Жарандарды кабыл алуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтында жарыяланган же мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын имаратынын стенддеринде жайгаштырылган жарандарды кабыл алуу графигине ылайык жүргүзүлөт.";

4-бөлүгү "жазуу жүзүндө" деген сөздөрдөн кийин "же электрондук түрдө" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 8-статьяда:

статьянын аталышы жана тексти 3-бөлүгүн кошпогондо, ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жазуу жүзүндөгү" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "(электрондук)" деген сөз менен толукталсын;

2-бөлүгүндө "30" деген сан "14" деген санга алмаштырылсын;

3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү "жазуу жүзүндө" деген сөздөрдөн кийин "(электрондук)" деген сөз менен толукталсын.

5. 10-статьянын 1-бөлүгү "(оозеки жана жазуу жүзүндөгү)" деген сөздөр "(оозеки, жазуу жүзүндөгү же электрондук)" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 12-статьяда:

1-бөлүгү ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жазуу жүзүндөгү" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "(электрондук)" деген сөз менен толукталсын:

2-бөлүгүнүн 7-пункту "жазуу жүзүндө" деген сөздөрдөн кийин "же электрондук байланыштын жардамы менен" деген сөздөр менен толукталсын.

7. 14-статьянын 1-бөлүгүндө:

1-пункту "жазуу жүзүндө" деген сөздөрдөн кийин "(электрондук)" деген сөз менен толукталсын;

5-пункту "жазуу жүзүндө" деген сөздөрдөн кийин "(электрондук)" деген сөз менен толукталсын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- үч айлык мөөнөттө жарандардын электрондук кайрылуулары менен иштөөнүн тартибин иштеп чыксын жана бекитсин;

- жарандардын кайрылууларын кароо мөөнөттөрүн кыскартуу боюнча чараларды көрсүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тиешелүү сунуштарды киргизсин.

Ушул Мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев