КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 19-июлу № 150
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2396-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 31-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы "министрлерден, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринен, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен же болбосо алардын биринчи орун басарларынан, статс-катчыларынан, орун басарларынан, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнөн" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 32-берененин 5-бөлүгүндө "Жогорку Кеңештин, парламенттик көпчүлүк фракцияларынын коалициясынын, депутаттык фракциялардын, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарында карамагындагы маселелерди кароодо Өкмөттүн атынан чыгат," деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |