Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык
2019-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\355e52d2-ac9f-4c33-af4b-9ad9b73b4b71\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 24-июлу № 155

Мамлекеттик тилдеги Кыргыз Республикасынын

Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

1-берене.

Мамлекеттик тилдеги Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

мамлекеттик тилдеги 339-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(2) Ушул главанын эрежелери боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө чыгарылган акчалай айып салуу жөнүндө аныктамалардан (токтомдордон) тышкары, процесстин катышуучуларынын далилдерин, өтүнүчтөрүн изилдөө тартибине, бөгөт коюу чарасын тандап алууга, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга, ошондой эле сот залындагы тартипти сактоого тийиштүү токтомдорго даттануу келтирилбейт.".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев