Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\752d96b5-dcbe-4b8f-8f2e-2ef1f4910a67\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 3-августу № 182

Кыргыз Республикасынын
 айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

(КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-берене.

(КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

2-берене.

 

 «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., №12, 502-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

6-статьянын 2-пунктунда:

биринчи абзацы «Жогорку окуу жайын бүтүргөн,» деген сөздөрдөн кийин «жана «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясынын талаптарына ылайык келген,» деген сөздөр менен толукталсын;

үчүнчү абзацында «анык аскер кызматын өтөгөн же» деген сөздөр алып салынсын.

 

3-берене.

 

 «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

7-статьянын 2-бөлүгүндө «окуган адамдарды кошпогондо),» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында аскердик кызматты өтөгөн, же болбосо запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өткөн, же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөгөн» деген сөздөр менен толукталсын.

 

4-берене.

 

 «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж.. №7, 734-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

45-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

«8) эгерде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында аскердик кызматты өтөбөгөн, же болбосо запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өтпөгөн, же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөбөгөн учурларда алынышы мүмкүн эмес.».

 

5-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А. Атамбаев