КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 3-августу № 185
«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө»
Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 15-статьянын 1-пунктунда «мыйзамдарында же башка нормативдик укуктук актыларында белгиленген нормаларга жана эрежелерге» деген сөздөр «ченемдик укуктук актыларына» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 50-статьяда «башка маалыматтарды» деген сөздөр «ушул Мыйзамдын 8-10-статьяларында каралган маалыматтарды» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 52-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацында «келтирилген зыяндын өлчөмүн жана башка жагдайларды эске алуу менен» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |