Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ


 
2013-жылдын 3-августу № 184

Кыргыз Республикасынын
Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө 

1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 368-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«368-берене. Салык мезгили

 

Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо бир календардык жыл контракттын негизиндеги салыктык милдеттерди аткаруу үчүн салык мезгили болуп саналат.

Жылдын ичинде салыктык контракттын негизинде салык төлөөгө өтүүчү коомдук тамактануу субъекттери үчүн салыктык контракттын негизинде салыкты төлөөгө салык төлөөчү өткөн айдан тартып жана ошол жылдын аягына чейинки мезгил салыктык мезгил болуп саналат.».

2. 369-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Ишти 3 айдан ашык жүзөгө ашырган коомдук тамактануу субъекттери кайсы айда болбосун салык контрактын түзүүгө укуктуу.».

2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте эмес күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А. Атамбаев