Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Булак айыл аймыгынын айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышын V-сессиясы

 

2013 жылдын 9 сентябры № 05/27-26

Сары-Булак айыл аймагынын экономикалык пландоо
зоналарынын чектери жана К3-1,2, зоналык
 коэффиенттери бекитилген

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесин жүзөгө ашыруу максатында Сары - Булак айыл аймыгынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары - Булак айыл аймыгынын экономикалык – пландоо зоналарынын чектери менен бекитилсин

2. КЗ=1.2 зоналык коэффициентинин мааниси жана Сары - Булак айыл аймыгындагы нарк зоналардын чектери бекитилсин.

3. Бул токтом каттодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун жобосу 2014-жылдын 1-январынан тартып жер салыгы боюнча эсептерге таркатылаары белгиленсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролду жүргүзүү Сары-Булак айыл аймыгынын айыл өкмөтүнүн башчысына Н.С.Асановго жана Сары-Булак айыл аймыгынын айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.

 

Сары-Булак айыл аймыгынын

айылдык кеңешинин төрөгасы

 

Р.А.Шаршеев