Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a233e02a-c411-4e34-9cdc-3f77364da183\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 5-августу № 196

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 5, 420-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 7-статьянын 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 8-статьяда:

2-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенден тышкары учурларда" деген сөздөр "ушул статьянын 4-пунктунда каралган учурлардан тышкары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Бажы органдары расмий суроо-талаптар боюнча Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй мамлекеттик органдарына маалымат берет:

1) укук коргоо органдарына - айрыкча бажы иши тармагында укук бузган адамдарга карата козголгон жазык иштери боюнча гана;

2) сотторго соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө - алардын талаптары боюнча;

3) банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган банкроттук процесс козголгон субъектилер боюнча гана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу максатында банкроттук жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, администраторго (убактылуу администраторго, атайын администраторго, консерваторго, тышкы башкаруучуга);

4) ушул Кодексте жана (же) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган өз милдеттерин аткаруу максатында салык кызматынын органдарына;

5) алардын иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салуу белгиленген учурларда - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Өкмөтүнө, Эсептөө палатасына, Финансылык чалгындоо кызматына;

6) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген бажы, салык же укук коргоо органдарынын ортосундагы өзара кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин бажы, салык же укук коргоо органдарына.".

3. 9-статьяда:

1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) Аудит ыкмалары колдонулган бажы контролу - бухгалтердик эсеп, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук жана субъектин экономикалык (ишмердүүлүк) аракеттерине тийиштүү башка документтер менен адамдардын бажы чегарасы аркылуу товарларды өткөрүүсүндө берген маалыматтардын так жана анык экенин текшерүү үчүн бажы органдары тарабынан көрүлүүчү чаралар;";

11-пунктчадагы "интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган (автордук укук объектилери жана өнөр жай менчигинин эриш-аркак укуктары, анын ичинде товардык белгилер, тейлөөнүн белгилери жана товарлардын өтүү жайларынын аталышынын белгилери) товарлар жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык интеллектуалдык менчик объектилерин" деген сөздөр "автордук укуктун жана эриш-аркак укуктун объектилерин, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине укуктарды жана товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын камтыган товарлар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

25-пунктчадагы "чыгарууну токтото туруу" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарларды чыгарууну токтото туруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

31-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"31) бажы органдары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын тиешелүү бөлүмчөлөрү, бажы жана башка бөлүмчөлөр;";

32-пунктчадагы "ушул Кодекске жана мыйзамдарга" деген сөздөр "жана бажы мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

38-пунктчадагы "акча, валюта баалуулуктары" деген сөздөр "валюта, валюталык баалуулуктар, баалуу кагаздар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 44-47-пунктчалар менен толукталсын:

"44) бажы органынын уруксаты - жеке номерлүү мөөрлөрүн жана штамптарын коюу же жазуу жүзүндөгү белгиленген чечимдерди чыгаруу жолу менен ушул Кодексте каралган белгилүү операцияларды жасоого мүмкүндүк берген бажы органдарынын иш-аракеттерин жол-жоболоштуруу;

45) бажы органына товарларды жана транспорттук каражаттарды көрсөтүү орду - ушул Кодексте каралган бажы жол-жоболорун жүргүзүү жери катары бажы органдары тарабынан аныкталган аймак (аймактын бөлүгү), үстү ачык же жабык жайлар;

46) өткөрмө пункту - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (бажы) чегарасы аркылуу адамдардын, товарлардын жана транспорттук каражаттардын өтүүсү үчүн ылайыкталып жабдылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталган жердин чегиндеги аймак (аймактын бөлүгү);

47) бажы төлөм жыйындысы - бажы органдарына жүктөлгөн бажы алымы жана салыгынын эквиваленттүү суммасынын булактарын бөлбөй туруп алуу.".

4. 12-статьянын 1-пунктундагы "ушул главада" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөр менен толукталсын.

5. 13-статьянын 3-пунктунун он бешинчи абзацындагы "тизмеги жана турган жери" деген сөздөр "тизмеги жана турган жери бар болгон учурда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. 14-статьянын 2 жана 3-пунктчаларындагы "пайдалануу үчүн бөлүнгөн жайларга жана (же) ачык аянтчаларга ээлик кылуу" деген сөздөр "пайдалануу үчүн бөлүнгөн жайларга жана (же) ачык аянтчаларга карата менчик ээлик" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 25-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:

"4) товардын убактылуу (шарттуу) бааланышында.".

8. 40-статьяда:

1-пункттагы "бажы органдары тарабынан" деген сөздөр алып салынсын; "классификациялоого жатат" деген сөздөрдөн кийин "декларант же декларантты тандоо боюнча бажы брокери" деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. Бажы органдарынын товарлардын классификациясы тууралуу чечими милдеттүү болуп саналат. Ушул Кодекстин 59-главасына ылайык декларант мындай чечимдерге даттанууга укуктуу.".

9. 41-статьянын 2-пунктунда:

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген башка жерге" деген сөздөр "товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы органына көрсөтүүчү жерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Электр өткөрүү линиялары жана түтүк өткөрүүчү транспорту боюнча өткөрүлүүчү товарлар үчүн товарларга жана транспорттук каражаттарга берилүүчү орунду аныктоо талап кылынбайт.".

10. 44-статьянын 4-пунктундагы "жүк ташуучунун транспорттук документтеринде" деген сөздөр "транспорттук документтерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

11. 45-статьянын 1-пунктундагы "товарлар келген жерде" деген сөздөр "бажы органына товарларды жана транспорт каражаттарын көрсөтүүчү жерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

12. 48-статьянын 2-пунктунда:

биринчи абзацтагы "товарларды ташуучу" деген сөздөр "кайсы болбосун товарларды ташуучу, анын ичинде бажылык жүк ташуучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5-пунктчадагы "камсыз кылынганда" деген сөздөн кийин "(51-статья)" деген сөз менен толукталсын;

6-пунктчадагы "жабдылган болсо" деген сөздөн кийин "(52-статья)" деген сөз менен толукталсын.

13. 50-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык көрсөтүлгөн документтерди транзиттик декларация катарында кабыл алуу жөнүндө бажы органынын кызмат адамы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте мындай документтерге белги коюлат.".

14. 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 53-1-статья менен толукталсын:

"53-1-статья. Бажылык коштоо

 

1. Бажылык коштоо - ички бажы транзитинде бажы мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу максатында бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан ишке ашырылган, ички бажы транзитине ылайык товарларды ташып өтүүчү транспорт каражаттарын коштоо.

2. Бажы органы бажылык коштоо жөнүндөгү чечимди төмөнкү учурларда кабыл алууга укуктуу:

1) ушул Кодекстин 36-главасына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууну көрсөтпөгөндө;

2) ушул Кодекске ылайык тобокелдикти анализдөө тутумунун жана аларды башкаруунун негизинде аныкталган, товарлардын өзүнчө түрлөрүн ташыган учурда;

3) бажы эрежелерин бузуу жөнүндө күчүнө кирген токтом менен такталган, бажы органына ички бажы транзити жөнүндө кабарлоо менен кайрылган күнүнөн тартып, жүк ташуучу тарабынан бир жылдын ичинде жок дегенде бир жолу товарларды, алар жеткирилүүчү жерге жеткирбеген учурда;

4) Кыргыз Республикасынын аймагына адашып жеткирилген же Кыргыз Республикасына алып кирүүгө же Кыргыз Республикасынын аймагы менен транзитке тыюу салынган товарларды кайрадан алып чыгуу, эгерде көрсөтүлгөн товарлар менен бажы чегарасынын даана кесип өткөн жери алып чыгууда бул товарлардын жайгашкан жери менен дал келбеген учурда;

5) ушул Кодекстин 48-статьясынын 2-пунктунун 5 жана 6-пунктчаларына ылайык товарларды ташууда;

6) Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары колдонулган товарлар ташылган учурда.

3. Бажылык коштоо үчүн бажы жыйымдары алынат (240-статья).".

15. 62-статьядагы "чет өлкөлүк товарлар" деген сөздөр "товарлар жана транспорттук каражаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

16. 63-статьянын 3-пунктундагы "бажы контролунун зонасы" деген сөздөрдөн кийин "жана бажы органына товарларды жана транспорттук каражаттарды көрсөтүүчү жер" деген сөздөр менен толукталсын.

17. 67-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. Жазык иши жана бажы иши тармагындагы администрациялык укук бузуулар боюнча буюм далилдери болуп саналган тез бузулуучу товарлардан башка товарларды жана транспорттук каражаттарды убактылуу сактоо соттун чечими же ишти токтотуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жүргүзүлөт.".

18. 78-статьянын 2-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасы менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

андан ары Кодекстин бардык тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасы менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.

19. 90-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:

"5) бажы органдары тарабынан идентификацияланышы.".

20. 117-статьядагы 1 жана 4-пункттарында "бажы органы тарабынан" жана "бажы органы" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" жана "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

21. 123-статьянын 1-пунктунда "Бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн шарттуу бошотууну колдонууда" деген сөздөр алып салынсын.

22. 125-статьядагы "эркин жүгүртүүгө чыгаруу үчүн" деген сөздөрдөн кийин "же аларды башка бажы режимине салуу менен" деген сөздөр менен толукталсын.

23. 19-главанын тексти боюнча, 142-статьяны кошпогондо, ар кандай жөндөмөдөгү "жарым-жартылай" деген сөздөн кийин тиешелүү жөндөмөдөгү "шарттуу" деген сөз менен толукталсын;

142-статьядагы "жарым-жартылай" деген сөздөрдөн кийинки "," белги алып салынсын.

24. 145-статьянын 1-пунктундагы "убактылуу ташылып келинген" деген сөздөрдөн кийин "эки жылдан ашкан" деген сөздөр менен толукталсын.

25. 147-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Эгерде эркин жүгүртүү үчүн чыгарууда бажы төлөмдөрүн жана салыктарын төлөөдөн бошотуу каралса, жарым-жартылай шарттуу бошотууда төлөнгөн сумма кайтарылбайт жана башка товарларды алып кирүүдө эсепке алынбайт.".

26. 157-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Түздөн-түз жана жалаң гана реэкспорт үчүн арналган товар катары билдирилген товарлар Бажы кампасынын бажы режимине ушул Кодекстин 92-статьясында каралган шарттарда жайгаштырылат.".

27. 178-статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:

"9) баалуу кагаздар (мыйзам менен же аны менен белгиленген тартипте баалуу кагаздардын катарына киргизилген облигация, вексель, чек, банктык сертификат, көрсөтүүчүгө банктык аманат китепчеси, коносамент, акция жана башка документтер).";

9-пунктча тиешелүүлүгүнө жараша 10-пунктча деп эсептелсин.

28. 191-статьянын 3-пункту алып салынсын.

29. 192-статьяда:

статьянын аталышындагы "бажы чегарасы аркылуу" деген сөздөрдөн кийин "өздүк пайдалануу үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;

1-пунктта:

биринчи абзацтагы "50" деген сандар "380" деген сандар менен алмаштырылсын;

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Наркы эсептешүү көрсөткүчүнүн 380 өлчөмүнөн ашкан товарларга карата ушул главага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте бажы төлөмдөрү колдонулат.";

үчүнчү абзацтагы "Бажы алымдарын салыктарын төлөөдөн толук бошотуу же бажы алымдарынын, салыктарынын бирдиктүү чени" деген сөздөр "Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн толук бошотуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү акциздик товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу менен жеке жактардын товарларды алып келүүсүнө саны же наркы жагынан чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.".

3-пункттагы "бажы алымдарын, салыктарын" деген сөздөр "бажы төлөмдөрүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеке жактар тарабынан алар туруктуу жашаган жерине көчүп келгенде алынып келген товарларга, качкындар жана көчүп келгендер тарабынан алынып келген товарларга, ошондой эле мурасталуучу мүлккө карата бажы төлөөдөн толук бошотуу ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген чектерден ашып кеткен өлчөмдөрдө колдонулуучу учурларды аныктоого укуктуу.".

30. 195-статьянын 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасы менен аныкталган жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жеңилдетилген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

31. 197-статьянын 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Жеке пайдалануу үчүн бажы алымдарынын, салыктарынын бирдиктүү ставкасы боюнча бажы чегарасы аркылуу өтүүчү товарларга жана транспорттук каражаттарга, ошондой эле эсептик көрсөткүчтүн 40000 өлчөмүнөн ашпаган баадагы товарларга карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасы жана/же бажы төлөмдөрүнүн жыйындысы (аны бажы алымдарын, салыктарды жана башка бажы төлөмдөрүн түзүүгө бөлбөй туруп) колдонулат.

Бажы алымдарынын жана салыктардын, бажы төлөмдөрүнүн жыйындысынын бирдиктүү ставкаларын колдонуунун тартиби, ошондой эле анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

32. 198-статьянын 1-пунктундагы "чекене" деген сөз алып салынсын.

33. 201-статьянын 2-пунктундагы "көрсөтүлгөн товарлардын" деген сөздөр "топтоштурулган бажы төлөмдөрүн жана/же бажы алымдарынын, салыктардын бирдиктүү ставкасын колдонуу менен" деген сөздөр менен толукталсын.

34. 206-статьянын аталышындагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "эл аралык почталык жиберүүлөрүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын.

35. 210, 211, 212 жана 216-статьяларындагы "бажы операцияларын ал үчүн белгиленбеген жерлерде жана бажы органдарынын иштөө мезгилинен тышкары убакта жүргүзүүдө, төлөнө турган товарларды бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн бажы жыйымдарынан тышкары" деген сөздөр алып салынсын.

36. 219-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ушул Кодексте каралган учурларда бажы төлөмдөрү жыйынды бажы төлөмү же/жана бажы алымдарынын, салыктардын бирдиктүү ставкалары боюнча бажы төлөмү түрүндө, аларды түзгөн бажы алымдарына, салыктарына жана башка бажы төлөмдөрүнө бөлбөстөн төлөнөт.".

37. 233-статьянын биринчи абзацындагы "228-233-статьяларындагы" деген сөздөр "228-232-статьяларындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

38. 235-статьянын 2-пунктундагы "ошондой эле жеке жактар бажы чегарасы аркылуу жөнөкөйлөштүрүлгөн, жеңилдетилген тартипте алып өткөн товарларга бажы алымдарынын, салыктарынын бирдиктүү ченемдери колдонулган учурлар кирбейт (192-статья)" деген сөздөр "ошондой эле жеке жактар бажы чегарасы аркылуу алып өткөн товарларга топтоштурулган бажы төлөмдөрү жана/же бажы алымдарынын, салыктарынын бирдиктүү ченемдери колдонулган учурлар кирбейт (28-глава)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

39. 237-статьянын 3-пунктундагы "салыктарынын ставкалары" деген сөздөрдөн кийин ", товарлар эркин айланууга чыгарылгандай" деген сөздөр менен толукталсын.

40. 239-статьяда:

1-пункттун "б" пунктчасындагы "бул үчүн белгиленген жерлерде жана" деген сөздөр "орун алган жери жана/же" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-пункттун биринчи сүйлөмүндөгү "операцияларды" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөр менен толукталсын.

41. 240-статьядагы "ар бир саат" деген сөздөр "ар бир толук же толук эмес саат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

42. 244-статьянын 3-пунктчасы "демилгеси боюнча жүргүзүлсө" деген сөздөрдөн кийин "бажы органдары тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын.

43. 252-статьянын 2-пунктундагы "ушул Кодекстин 258-статьясында белгиленген тартипте берилүүчү" деген сөздөр алып салынсын.

44. 253-статьяда:

1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:

"5) камсыздандыруу келишими менен.";

3-пункттагы "камсыздандыруу келишими (258-статья) менен, ошондой эле" деген сөздөр алып салынсын.

45. 260-статьяда:

1-пункттагы "3-4-пункттарында" деген сөз "2-4-пункттарында" деген сөз менен алмаштырылсын;

3-пункттагы "2-пунктуна" деген сөз "1-пунктуна" деген сөз менен алмаштырылсын.

46. 262-статьянын 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 57-статьясына" деген сөздөр "ушул Кодекстин 391-статьясына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

47. 268-статьянын 1-пунктунун 5-пунктчасындагы "145-статьянын 4-пунктунда каралгандан тышкары учурларда" деген сөздөр "145-статьянын 4-пунктунда жана 147-статьянын 3-пунктунда каралгандан тышкары учурларда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

48. 274-статьянын 1-бөлүгүндөгү "бажы ишин жүргүзүү" деген сөздөрдөн кийин "бажы контролунун туруктуу зонасы болгон" деген сөздөр менен толукталсын.

49. 280-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Бажылык жол-жоболоштуруунун приоритеттүү тартибин пайдалануу шарты ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.".

50. 281-статьяда:

1-пунктунда:

биринчи абзацындагы "атайын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболору" деген сөздөрдөн кийин "жана тобокелдикти башкаруу тутумун пайдалануу жолу менен контролдоо" деген сөздөр менен толукталсын;

экинчи абзацындагы "жол-жоболордун "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган бажы иштери жаатындагы администрациялык укук бузуулар тууралу иштер боюнча колдонууга киргизилген жана аткарылбаган токтомдорго;" деген сөздөр "жол-жоболор, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинде каралган бажы иштери жаатындагы администрациялык укук бузуулар тууралу иштер боюнча колдонууга киргизилген жана аткарылбаган токтомдор жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөгү карыздары жокторго;" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- минималдуу тобокелдик категориясына таандык болгондор.";

2-пункт алып салынсын.

51. 291-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына бажы эрежелерин бузуу менен алынып кирилген товарларга карата бажы декларация жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартуу тууралуу соттун же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) чечими мыйзамдык күчүнө кирген күндөн тартып же жоопкерчиликтен бошотуу же бажы эрежелерин бузуу жөнүндө иштин токтотулушу тууралуу соттун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) чечими мыйзамдык күчүнө кирген күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде берилет.".

52. 295-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Муну менен бирге кайра чакырылган жүк бажы декларациясы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте жокко чыгарылат.".

53. 310-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Бажы контролунун формаларын тандоо учурунда тобокелдикти башкаруу тутуму пайдаланылат. Бажы чегарасы аркылуу товарларды өткөрүүдөгү бажы контролу, бажы органдары товар өткөрүп жаткан адам тарабынан бажы мыйзамдары сакталып жаткандыгын ырастоого жетээрлик минималдык деңгээлде жүргүзүлүшү керек. Бажы органдары бажы контролунан өтө турган товарларды, транспорттук каражаттарды, документтерди жана адамдарды аныктоо үчүн анализ жана тобокелдикти башкаруу ыкмаларын пайдаланышат.".

54. 43-глава төмөнкүдөй мазмундагы 310-1-статья менен толукталсын:

"310-1-статья. Тобокелдикти башкаруу тутумуна негизделген бажы

контролунун принциптерин пайдалануу боюнча бажы

органдарынын иштери

 

Бажы органдары бажы чегарасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүүгө байланышкан маалыматтарды жыйнайт жана иштеп чыгат, тобокелдикти башкаруу ыкмасын пайдалануу менен статистикалык жана оперативдүү маалыматтарды талдайт. Бажы чегарасы аркылуу товарларды өткөрүүгө чек коюуга негиз болбогон, бажы контролунун жиктелген формаларын пайдалануу үчүн бажы контролун өткөрүүдө пайдаланылган тобокелдиктин көрсөткүчтөрүнүн тизмесин аныкташат. Бажы ишинин маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте, адамдар минималдуу же максималдуу тобокелдик категориясына киргизилиши мүмкүн.

Адамдарды минималдуу жана максималдуу тобокелдик категориясына киргизүү жана аларга карата бажы жол-жоболорунун жана бажы контролунун формаларынын башка түрлөрүн пайдалануу анализдин жана тобокелдикти баалоонун негизинде аныкталат.

Бажы органдары адамдарды профилдөөнү жүргүзүү жана аларды категориялар боюнча бөлүү үчүн тобокелдикти башкаруунун ыкмаларынын негизинде төмөнкүдөй жол-жоболорду контролдоону жүргүзүшү керек:

1) бажы процедураларын өтүүдө артыкчылыкка ээ болгон, өз эрки менен, бажы мыйзамдарын сактаган;

2) жогорку даражадагы контролду талап кылган.".

55. 313-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"313-статья. Бажы контролунун зоналары

 

1. Ушул Кодекс менен аныкталган жерлерде бажы контролу жана бажы жолжоболору боюнча процедураларды жүзөгө ашыруу максатында туруктуу же убактылуу болушу мүмкүн болгон бажы көзөмөлүнүн зоналары түзүлөт.

2. Бажы контролунун туруктуу зоналары бажы чек арасын бойлото, бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында, бажы органдарына тиешелүү жайларда жана аймактарда, бажы иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу чөйрөсүнө жакын жерлерде түзүлөт.

3. Бажы контролунун убактылуу зоналары ушул статьянын 2-пункту менен каралбаган башка жерлерде түзүлөт.".

56. 316-статьяда:

8-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8) аудит ыкмаларын пайдалануу менен бажы контролун жүргүзүү;";

статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:

"9) товарларды эсепке алуу.".

57. 323-статьяда:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Бажы органдары тобокелдикти башкаруунун тутумунун принциптерин колдонуп аудит ыкмаларын пайдалануу менен бажы контролун жүргүзөт.";

2, 3, 5 жана 7-пункттардагы ар кандай жөндөмөлөрдөгү "аудит" деген сөз "аудит ыкмаларын пайдалануу менен жүргүзүлүүчү бажы контролу" деген тиешелүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр менен алмаштырылсын;

2-пункттагы "органдын жетекчисинин же" деген сөздөрдөн кийин "аудит өткөрүлө турган адамга түп нускасы берилген, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген жазма буйруктун негизинде" деген сөздөр менен толукталсын;

2-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын;

4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Аудит ыкмаларын колдонуу менен бажы контролун жүргүзүү жылына бир жолу жана аны өткөрүүгө керек болгон, отуз жумуш күнүнөн ашпаган минималдуу убакытта өткөрүлүшү керек. Аудит ыкмаларын колдонуу менен бажы контролун жүргүзүүнүн мөөнөтү адамга документтерди көрсөтүү жөнүндө талапты берген учурдун ортосу менен бажы органынын суроо-талаптары боюнча маалыматтарды жана документтерди алган учурда токтото турат. Аудит ыкмасын колдонуу менен бажы контролун жүргүзүү текшерилип жаткан адамдын өндүрүштүк же коммерциялык иш-аракеттерин жүргүзүүгө тоскоол болбошу керек.";

6-пункт алып салынсын.

58. 325-статьянын 1-пунктундагы "Товарларды, транспорттук каражаттарды" деген сөздөрдөн кийин ", идентификациялоо каражаттарын" деген сөздөр менен толукталсын.

59. 334-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "бажы органдары" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасы менен тизмеси жана колдонуу тартиби аныкталган" деген сөздөр менен толукталсын.

60. 342-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Арыз берүү учурунда арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга шектүү деп эсептелген товар контрафакттык эмес экени далилденсе, декларантка товарларды чыгарууну токтото турууга байланыштуу чыгымдардын жана келтирилген зыяндардын ордун толтуруу тууралуу милдеттенме берет. Чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө милдеттенменин формасы жана мазмуну, ошондой эле милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуучу өлчөм Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен бекитилген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.".

61. 345-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Арыз ээси кабарлаган учурда бажы органы арыз ээсинен милдеттенменин аткарылышын камсыз кылууну талап кылууга укуктуу. Арыз ээси товарларды чыгарууну токтото туруу жөнүндө кабарлоо алган күндөн тартып 3 жумуш күнүнүн ичинде милдеттеменин аткарылышын камсыз кылуу үчүн төлөшү керек.".

62. 346-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"346-статья. Бажы органдарынын чыгашаларынын жана декларанттын

чыгымдарынын ордун толтуруу

 

1. Арыз ээси бажы органынын чыгымдарынын ордун төмөнкүдөй учурларда толтурат:

1) эгер сот органдарында доо ишин козгоо жөнүндө документалдык тастыктоо бербесе;

2) эгер соттун чечими менен кармалган товар контрафакттык эмес экени далилденсе.

2. Декларант бажы органынын чыгымдарынын ордун кармалган товар контрафакттык экени далилденсе толтурат.

3. Товарды чыгарууну токтото турууга байланыштуу бажы органынын чыгымдарынын көлөмүн аныктоо тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат, ал эми пикир келишпестиктер пайда болгон учурларда сот тарабынан аныкталат.".

63. 348-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:

"4) арыз ээси ушул Кодекстин 345-статьясынын 3-пункту менен белгиленген мөөнөттө милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу үчүн төлөбөсө.".

64. 351-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Бажы органы декларанттан соттун тиешелүү чечиминин негизинде контрафакттык товарды жок кылууну талап кылууга укуктуу. Декларант, ыйгарым укуктуу ээси же башка кызыкчылыгы бар адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.".

65. 355-статьянын 5-пунктунда "ээлик кылуу, пайдалануу жана төлөө укуктарын" деген сөздөр "менчик укугу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

66. 383-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкчылыгы бар адамдын суроо-талабы боюнча Тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасына ылайык товарлардын классификациясы, алардын бажы наркы, товар өндүрүлгөн өлкө жөнүндө алдын ала чечим чыгарат.".

67. 389-статьяда:

2-пункт алып салынсын;

3-пункттагы "жогорку органга жана (же) сотко, арбитраждык сотко даттануу менен кайрылуу" деген сөздөр "ушул главада бекитилген тартипте кайрылуусу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

68. 390-статьяда:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Бажы органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу мындай чечимди кабыл алган же аракет (аракетсиздик) жасаган кызмат адамы кызмат өтөп жаткан бажы органына же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Бажы органынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.";

3-пункт алып салынсын.

69. 391-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Бажы органынын бажы төлөмдөрүн жана туумдарды төлөө жөнүндө талабына карата даттануу он күнгө чейинки мөөнөттө берилиши керек.".

70. 397-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Бажы органынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.

Бажы органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата берилген даттануу ал кызмат адамы кызмат өтөп жаткан бажы органы тарабынан каралат, ал эми бажы органынын жетекчисинин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата берилген даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине, аракетине же аракетсиздигине карата берилген даттануу жогору турган мамлекеттик орган тарабынан каралат.".

71. 398-статьядагы "жогору турган мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.

72. 399-статьяда:

1-пункттун 2-пунктчасындагы "кызматкеринин" деген сөз "кызмат адамынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-пункттун биринчи абзацындагы "жогору турган мамлекеттик орган" деген сөздөр "аны карап жаткан орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3-пункттагы "жогору турган мамлекеттик органдын атынан" деген сөздөр алып салынсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул статьяга ылайык кабыл алынган даттанууну карап чыгуусунун жыйынтыгы менен макул эмес адам, кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде тиешелүү сот органына даттанууга укуктуу.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

К. Бакиев