КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КР 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 Мыйзамына
ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 12-октябры № 191
«Адвокаттык иш жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү
тууралуу
1-берене.
«Адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2000-ж., № 2, 105-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Адвокаттык иш менен алектенүүнү каалаган жана адвокаттык практикада, прокуратурада, укук коргоо органдарынын тергөө бөлөлүмдөрүндө, сотто, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарынын юридикалык бөлүмдөрүндө жана аларды аткаруучу ишинин профили милдеттүү түрдө жогорку юридикалык билимдин болушун талап кылган Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарынын бөлүмдөрүндө беш жылдык стажы бар адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогорку юридикалык билими бар депутаттарына лицензия сынаксыз берилет.».
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө
кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул
Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |