Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

 2013-жылдын 18-октябры № 193


«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

1-берене.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 2011-жылдын 2-декабры, № 102) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 85-беренеде:

1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Мыйзам долбоорлору боюнча биринчи жана экинчи окууларда добуш берүү аларды талкуулоодон кийин өткөрүлөт.

Мыйзам долбоорлору боюнча үчүнчү (төртүнчү) окууда добуш берүү ар бир бейшембинин экинчи жарымында, Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт.»;

2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү алып салынсын.

2. 86-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Мыйзам долбоорлоруна таандык болбогон маселелер боюнча добуш берүү, аларды талкуулоодон кийин өткөрүлөт, мында чечүүчү добуш укугун (мындан ары - добуш берүү укугун) өткөрүп берүүгө жол берилет.».

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А. Атамбаев