КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
Кыргыз Республикасынын
2012-жылдын 18-июнундагы № 85 конституциялык Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 11-майы № 153
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын
конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо
киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 12. 1009-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 5-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Премьер-министр депутат боло албайт, мамлекеттик, муниципалдык кызматта башка кызмат орундарын ээлей албайт; эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башкача каралбаса, мамлекеттик, муниципалдык, коомдук жана жеке уюмдардагы, мекемелердеги жана ишканалардагы кызматтарда кызмат ордун ээлей албайт.".
2. 9-статьянын 4-пунктунун үчүнчү абзацындагы "4-бөлүгүндө" деген сөздөр "4-пунктунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 18-статьянын 1-бөлүгүнүн 4-пунктчасы "жеке өзү ишкердик иш жүргүзүүгө" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |