Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\49b559f2-acf7-41fc-9bf2-5d75b6295e24\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 13-декабры № 220

 

Кыргыз Республикасынын
айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

39-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Жогорку Кеңештин депутатына Жогорку Кеңештин имаратында курал алып жүрүүгө тыюу салынат.".

 

2-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2011-жылдын 2-декабры, № 102) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

145-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Депутаттарга, ошондой эле чакырылган жана Жогорку Кеңеште аккредиттелген адамдарга Жогорку Кеңештин имаратында курал алып жүрүүгө тыюу салынат.".

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

 Кыргыз Республикасынын
            Президенти

 

А. Атамбаев